понедельник, 18 мая 2015 г.

ЖЫЙЫНТЫК: ӨСҮМДҮКТҮ КИМ БАШКАРАТ?


Бул китепте өсүмдүктөрдүн эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн экөөсү, жалбырактарынын кереметтүү өзгөчөлүктөрү жана фотосинтез темасы каралды. Бул маалыматтарды берүү максаты болсо, бул жөнүндө жазылган башка китептерден айырмаланып, бул жандыктардын жана алардагы системалардын кокустан пайда боло албашын көрсөтүү эле.
Өсүмдүктөр колу, көзү, мээси жок, чечим алуу, эрк колдонуу, билим алуу сыяктуу аң-сезим жана акылга тиешелүү өзгөчөлүктөрү жок жандыктар. Бирок бул китептеги маалыматтардан да көрүнүп тургандай, өсүмдүктөрдүн касиеттери жана жасаган иштери улуу бир акыл жана аң-сезимди талап кылат. Болгондо да, акылы, аң-сезими жана илими бар, колунда жогорку технологиялар турган адамдар туурай да албаган, кандайча болуп жатканын түшүнө албаган процесстерди жер жүзүнүн бүт тарабындагы өсүмдүктөр секунданын миллиарддан бириндей кыска убакытта жасай алышууда. Андай болсо адам акылы да жетпеген бул акыл кимге тиешелүү?
Албетте, ар бир өсүмдүк биринчи жаратылган күнүнөн бери аны жараткан чексиз илим жана акыл ээси Аллахтын илхамы менен иш-аракет жүргүзүп келүүдө. Өсүмдүктүн ар бир клеткасынын, ал тургай, ар бир атомунун эмне кылаары тынымсыз ага билдирилүүдө. Бул чындык бир Куран аятында төмөнкүчө айтылган:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, көрүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

Өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү бүт бул кереметтер бизге бардык өсүмдүктөрдүн долбоору, кылган иштери жана бүт системалары менен бирге улуу бир күч-кудурет тарабынан, белгилүү бир максатта жаратылганын көрсөтүүдө. Бул жаратууда чексиз бир илим жана улуу бир чеберчилик колдонулган. Бүт бул сыпаттар болсо ааламдардын жаратуучусу Аллахка тиешелүү. Бир аятта мындай деп айтылат:


Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жер арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)

Комментариев нет:

Отправить комментарий