понедельник, 18 мая 2015 г.

КҮЗДҮН ӨҢҮ



Күз келгенде кызыктуу бир кубулушка күбө болобуз. Дарактардын жашыл жалбырактары бир канча күндүн ичинде түсүн өзгөртүп, кыска убакыттан соң бүт жалбырактар төгүлөт жана дарак бутактары жылаңач калат. Жазда кайрадан тирилгенге чейин эми дарак өлгөн болуп саналат. Себеби бүт жашоо функцияларын минимумга түшүрөт. Адамга өлүмдү эстеткен жана аятта айтылгандай өлгөндөн соң кайра тирилүүнүн бир далили болгон жалбырактын төгүлүшү көптөгөн кереметтүү кубулуштардан турат. Аллах Куранда муну төмөнкүчө кабар берет:

Ал өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат, өлүмүнөн соң жерди тирилтет. Силер дагы мына ушундай чыгарыласыңар. (Рум Сүрөсү, 19)

Жалбырак толук өлүп дарактан түшкөнгө чейин ар кандай этаптардан өтөт. Көптөгөн химиялык кошундулар биригип, ар кандай системаларды ишке киргизип, жалбыракты сабактан бөлөт. Бул иш-аракетте эч бир затты ысырап кылбастан, төгүлүү процессин өсүмдүк үчүн да, айлана-чөйрө үчүн да өтө пайдалуу бир процесске айландырат. Натыйжада күзгү жалбырактар бизге өлүмдү жана кайрадан тирилүүнү эле эске салбастан, Аллахтын чексиз илими менен кудуретин да дагы бир жолу көз алдыга тартуулайт.


Жалбырактардын түсүнүн өзгөрүшү


Жазында жалбырактардын түсүнө көп көңүл бурбайбыз; бирок күз келээри менен бир заматта түстөрүнүн өзгөрүп калганын байкайбыз. Себеби жалбырактардын түсүнүн өзгөрүп, жерге төгүлүшү көз алдыбызга түркүн түстүү көрүнүштү тартуулайт. Жапжашыл дарактар бир канча күндө сары, кызыл, күрөң түстөргө айланат. Бирок жалбырактар эмне үчүн түсүн өзгөртүп, эмне үчүн жерге төгүлөт?
Сары, кызыл, кызгылт көк же жашыл, кандай гана болбосун, бүт жалбырактардын түсү курамындагы ар кандай пигменттер тарабынан аныкталат. Өсүмдүк пигменттеринин арасында эң белгилүүсү – албетте, китепте көп жолу айтылгандай, жалбырактарга жашыл түс берген жана фотосинтезде маанилүү бир роль ойногон хлорофилл. Мелүүн климаттарда күз келгенде жалбырактардын түсү өзгөрүп баштайт. Жалбырактардагы жашылдын ордун ээлеген сары, кызгылт сары, кызыл жана эң аягындагы күрөң түстөр, сары жана кызгылт сары пигмент «каротиндин» натыйжасы болуп саналат. Мындан тышкары, «антоциан» аттуу пигмент дагы ушул кызматты аткарат. Бул үч пигмент – биз билген жайкы гүлдөр да кошо бүт жалбырактарга түс берген заттар.


Жашыл жалбырактардагы хлорофиллдин жашылдыгы ушунчалык күчтүү болгондуктан, жалбырактардагы каротиндердин сары жана кызгылт сары түстөрүн толугу менен жаап калат. Күздө жалбырактары төгүлгөн өсүмдүктөр жалбырактарын төгөөрдөн мурда жалбырактарындагы пайдалуу материалдарды кайра алышат. Бул кайра алуу процессинин бир натыйжасы катары хлорофилл бузулуп баштайт. Бул этапта хлорофилл басымдуулук кылганы үчүн түсү көрүнбөй турган сары жана кызгылт сары пигменттердин таасири көрүнүп баштайт.
Жалбырактардын өмүрү бүткөндө, антоциан пигменти көбөйүп баштайт жана жашылды бир аз кызыл-кызгылт көккө бойойт. Антоциан пигменттери түсү жагынан кызылдан кызгылт көккө чейин өзгөрөт жана кызыл, көк жана кызгылт көк түстүү өсүмдүк бөлүктөрүнө толугу менен ушулар жооп берет. Температура төмөн болгондо өсүмдүк ашыкча жарыкка кабылганда, өсүмдүктөрдүн көпчүлүгүндө антоциандын деңгээли жогорулап баштайт. Күзүндө кээ бир өсүмдүктөрдө кызылдын көбөйүшүнүн себеби ушунда. Бул пигменттер көбүнчө сарыдан кызгылт сары жана кызылды көздөй өзгөрүшөт. Күзүндөгү аба шарттарына кошумча түстүн өзгөрүшү көбүнчө өсүмдүктүн түрүнөн көз-каранды болот. Күзгү пейзаждар деп аталган кооз көрүнүштөр мына ушул пигменттердин чыгармасы.64


Жалбырактардын төгүлүшү

Жалбырактардын төгүлүшүнүн бир пайдасы барбы?


Жыл сайын миллиондогон жалбырактар төгүлүп, жаз келгенде кайрадан чыгат. Бир караганда миллиондогон жалбырак жөн гана төгүлүп жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул бир жаңылыштык, себеби жалбырактардын төгүлүшүнүн экологиялык системада маанилүү орду бар. Эч нерсе максатсыз жаратылган эмес. Биз кайсы гана системаны же кайсы гана жандыкты карабайлы, анын жаратылышында бир максат жана бир даанышмандык бар экенин көрөбүз. Түшкөн жалбырактар дагы бул кемчиликсиз системанын бир бөлүгүн түзөт. Төгүлгөн жалбырактардын эң чоңдору топуракты азыкка байытат. Мындан тышкары, түшкөн жалбырактар токойдун түбүндө бир чиринди катмарын пайда кылуу аркылуу жамгырды кармап, сиңирүүгө көмөкчү болушат, көп жандыктар тышкы факторлордон кутулуу үчүн жалбырактардын астына жашынышат. Ошондой эле, түшкөн жалбырактар токойдогу көп организмдер үчүн азык булагына айланат.
Жыл сайын жалбырактын төгүлүшү менен бирге жер жүзүндө 300 миллион тонна хлорофилл топуракка аралашат. Хлорофилли бар деңиз балырларынын өмүрү кыска болгон океандарда жылына 900 миллион тонна хлорофилл майдаланат. Жыл сайын мынчалык санда хлорофилл жоготуусу болбогондо, олуттуу натыйжалар келип чыкмак. Хлорофилл санынын барган сайын көбөйө бериши жандуу клеткалардын азыраак, эркин хлорофиллдердин болсо көбүрөөк күндүн нурун пайдаланышына себеп болмок. Натыйжада аз санда күн нурун алган жандуу клеткалар азыраак фотосинтез жасап, мунун натыйжасында океанда жана анын себебинен бүт дүйнөдө жашоо токтомок.
Төгүлө турган жалбырактардагы эң кызыктуу кубулуштардын бири; ал жалбырактарда өтө пландуу бир жулуп-бөлүү процесси ишке ашат. Жалбырак төгүлөөрдөн мурда белок жана углевод сыяктуу пайдалуу заттар өсүмдүктүн тулку боюна жыйналат. Натыйжада төгүлө турган жалбырак менен кошо бул заттар текке кетпей, келечектеги жалбырактар үчүн керектүү материалдын маанилүү бөлүгү даярдалып коюлат. Бул мисалдардан да көрүнүп тургандай, хлорофиллдин керек учурда жок кылынышы же өсүмдүктүн өзүнө керектүү заттарды сактап коюшу жер жүзүндөгү жашоонун уланышы үчүн экологиялык бир муктаждык болуп саналат. Жалбырактардын улгайышынын алгачкы белгилеринин бири – бул жалбырак клеткаларында этилен газынын чыгарылып башташы. Белгилүү убакыттан соң этилен газы жалбырактын бүт тарабына жайылып, жалбырактын сабагына келгенде, ал жердеги кичинекей клеткалар шишип баштайт жана сабактын чыңалышына себеп болушат. Жалбырактын сабагы өсүмдүккө уланган жердеги клеткалардын саны көбөйүп, белгилүү атайын ферменттерди чыгарып башташат. Эң башында целлюлоза ферменттери целлюлозадан турган тосмолорду талкалайт. Андан соң пектиназа ферменттери клеткаларды бири-бирине карматкан пектин катмарын талкалайт. Барган сайын күчөгөн бул чыңалууга жалбырак чыдабай, сабактын сырткы тарабынан ичти көздөй жарылып баштайт.

Жалбырак сабагы өсүмдүккө уланган жерде, б.а. жалбырактын түбүндө бир бөлүнүү аймагы түзүлөт. Бул катмар жалбырак түшөөрдөн бир топ мурда пайда болот. Анан бул катмардагы «паренхима» деп аталган, өзгөрө алган белгилүү ткань клеткаларынын тосмолору жумшарып баштайт жана химиялык жактан өзгөрүп килкилдек сымал абалга келет. Бул клеткалардын бири-биринен бөлүнүшүнө себеп болот жана жалбырак суюк заттардын гана өтүшүнө мүмкүнчүлүк берген түтүккө окшогон түзүлүштөр менен өсүмдүккө кармалып калат. Барган сайын кеңейе берген жараканын айланасында өтө бат өзгөрүүлөр болуп, клеткалар ошол замат козу карын ширесин (экстрактын) чыгарып башташат. Бул зат целлюлоза тосмого акырын жайгашып, аны бекемдейт. Бул клеткалардын баары артында чоң боштук калтырып өлүшөт. Акырын бир шамалга жалбырактар үзүлүп баштайт. Бирок ал ортодо козу карын клеткаларынан баштап коргоочу бир катмар өсүп, ачылган жараатты жабат. Мындай физикалык жана химиялык өзгөрүүлөр бир эле жалбыракта эмес, түшкөн жалбырактардын баарында ишке ашуучу, өтө так пландалган бир процесс. Бул система убактысы келгенде жалбыракты үзүп салуу үчүн жаратылган.

Булактар:

64 http://botany.about.com/science/botany/library/weekly/aa120797.htm

Комментариев нет:

Отправить комментарий