понедельник, 18 мая 2015 г.

БИЗ ҮЧҮН ИШТЕГЕН ЖАШЫЛ ЗАВОД


Жашоонун энергиясын өндүргөн завод

 Күн жерге жөнөткөн бир күндүк энергия бүт адамзаттын бир күндүк энергия муктаждыгынан дээрлик он миң эсеге көп. Өнүккөн өлкөлөр күндөн келген бул акысыз энергияны топтоп коюу багытындагы изилдөөлөргө өтө көп акча сарпташат.


Бул багытта жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө таң калаарлык бир чындык байкалган, т.а. өсүмдүктөрдө күндөн келген энергияны сактап коюучу, кемчиликсиз бир система бар экени аныкталган. Өсүмдүктөрдөгү бул система фотосинтез деп аталат. Өсүмдүктөр фотосинтез процессин ичиндеги күн клеткалары аркылуу жасашат. Ал клеткалар күндүн энергиясын химиялык энергияга айландырып, бүт жандыктардын негизги азык булагы болгон углеводду (көмүртек, суутек жана кычкылтектен түзүлгөн органикалык затты) өндүрүшөт.
Углеводдор – бул бүт жандыктардын түз же кыйыр түрдө энергия муктаждыгын камсыз кылуучу негизги азык булактары. Бул энергияны алуу үчүн сөзсүз өсүмдүктөр менен азыктануу кажет эмес. Жаныбарлар да өсүмдүктөр менен азыктанганы үчүн ушул эле энергия эт азыктары аркылуу да адамдарга жете алат. Мисалы, койлор чөп жешет. Жашыл чөптөр күндүн энергиясын пайдаланып фотосинтез аркылуу углевод молекулаларын синтездешет. Ошентип күндүн энергиясы өсүмдүктөгү углевод молекулаларынын ичине топтолот. Натыйжада чөп жеген койлор алардын ичиндеги энергия алып жүргөн молекулаларды денелерине киргизишет. Андан соң углевод молекулалары жаныбардын денесинде майга айланат. Ошентип чөп молекулаларынын ичиндеги энергия жаныбардын тканьдарына өтөт. Ал жаныбардын эти менен азыктанган адам күндөн өсүмдүктөргө, өсүмдүктөн жаныбарга, жаныбардан ага келген энергияны алып, денесинде колдонот. Көрүнүп тургандай, кандай жол менен болсо да, бүт жандыктар өмүрүн улантуу үчүн фотосинтез аркылуу күндүн нурунан алынган энергияны колдонушат.
Тамак-аштар эле эмес, күнүмдүк жашообузда колдонгон заттарыбыздын көпчүлүгү дагы башында фотосинтез аркылуу алынган энергияны бизге беришет. Мисалы, мунай, көмүр, табигый газ сыяктуу күйүүчү заттар да фотосинтез аркылуу күндүн энергиясы топтолуп коюлган энергия булактары болуп саналат. Күйгүзгөн жыгач отундарыбыз деле дал ушундай. Ушул заттарды караганда эле фотосинтездин канчалык маанилүү экенин түшүнө алабыз. Илимпоздор фотосинтездин сырларын түшүнүүгө жана бул процесстеги механизмдерди аныктоого өтө маани беришүүдө. Эгер адамзат бул процессти түшүнө алса; азык өндүрүшүн көбөйтүүгө, табиятты эң натыйжалуу колдонууга, күндүн энергиясынан максимум деңгээлде пайдаланууга, жаңы дары-дармектерди иштеп чыгууга, күндүн энергиясы менен иштеген өтө ылдам жана өтө кичинекей машиналардын долбоорун түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.
Бирок белгилей кетүү керек; фотосинтез жөнүндө билгендерибиз аны туурап күндүн энергиясын топтоп койо турган системаларды өндүрүүгө али жетиштүү эмес. Анткен менен, акылы жана аң-сезими жок бир жалбырак үчүн фотосинтез абдан оңой бир процесс болуп саналат. Адамдар акылы, билими жана алдыңкы технологиясы бар туруп бул системаны туурай албай жатканда, миллиарддаган жылдан бери жүз триллиондогон жалбырактын ар биринин фотосинтез процессин жасап келгени таң калтырбай койбойт. Бул химиялык процесс өсүмдүктөр тарабынан биринчи жаратылган күндөн бери эч кемчиликсиз жасалып келүүдө. Жашыл болуп турган бүт тарапта күндүн энергиясын колдонуп, көмүр кычкыл газы менен суудан кант алуучу бир завод иштеп жатат деп билиңиз. Жеген шпинатыңыз, салатыңыздагы петрушка, балконуңуздагы чырмоок, сиз байкабастан, сиз үчүн тынымсыз өндүрүш жасашууда. Бул чексиз илимдүү Аллахтын адамдарга болгон боорукердигинин бир натыйжасы. Аллах өсүмдүктөрдү адамдарга жана бүт жандыктарга кызмат кыла тургандай абалда жараткан. Адамзат учурдагы технология менен да түшүнө албаган бул кемчиликсиз системаны жалбырактар миллиондогон жылдан бери иштетип келе жатат. Аллах Курандын бир аятында адамдардын бир жалбыракты да жоктон пайда кыла албашын мындайча кабар берет:

(Аларбы) Же асмандарды жана жерди жараткан жана силерге асмандан суу түшүргөнбү? Аны менен (ал суу менен) кооз бакчаларды өстүрдүк, силер бир дарагын (да) өстүрө албайсыңар... (Немл Сүрөсү, 60)

Аллах бүт ааламды улуу бир илим жана чеберчилик менен жараткан. Жер жүзүндөгү жашоону түзгөн бүт системалар дагы бул теңдешсиз жаратуунун натыйжасында бири-бирине абдан төп келишет. Космостогу жылдыздардан бир атомдун айланасында айланган электрондорго чейин бүт системалар, бүт түзүлүштөр бири-биринен көз-каранды же бири-бирин толуктап турат.
Бул улуу долбоордо фотосинтездин өтө маанилүү орду бар. Аң-сезими жок өсүмдүк клеткалары топуракты, сууну, абаны жана күндү колдонуп, топурактын ичинен белгилүү өлчөмдө минералдарды жана сууну алып, адам үчүн азык өндүрүшөт. Күндүн нурунан алган энергия менен бул заттарды майдалап, анан майдаланган заттарды белгилүү тартипте бириктирип, азыктарды пайда кылышат. Бул жерде кыскача сүрөттөлгөн бул процесстин ар бир баскычында өзүнчө бир акыл, аң-сезим жана план бар. Өсүмдүктөрдөгү бул таң калаарлык системанын адамзат үчүн атайын пландалган бир жашоо булагы экендигинде эч күмөн жок.
Бул жерге чейин каралгандай, күндүн энергиясынын жер жүзүндөгү жашыл өсүмдүктөргө төп келиши бүт жандыктардын жана адамзаттын жашоосун улантышы үчүн керектүү негизги азык булагын пайда кылууда. Башкача айтканда, адамдар менен бүт жандыктардын ырыскысы асмандардан жер жүзүнө чейин созулган, бири-бири менен тыгыз байланыштуу системанын натыйжасында жаратылууда. Буга Куран аяттарында төмөнкүчө ишарат кылынат:

Айткын: «Силерге асмандардан жана жерден ырыскы берген ким?» Айткын: «Аллах, чындыгында же биз же болбосо силер бир туура жолдобуз же апачык адашууда.» (Саба Сүрөсү, 24)

Же калкты тынымсыз жаратып жаткан, анан аны тапшыра турган жана силерге асмандан жана жерден ырыскы бергенби? Аллах менен бирге башка бир кудайбы? Айткын: «Эгер чындыкты айтып жатсаңар, анык далилиңерди алып келгиле.» (Немл Сүрөсү, 64)

Ар бир өсүмдүк адамдын пайдасы үчүн өзгөчө кылып жаратылган, өзүнөн-өзү иштеген, аба, суу жана күн сыяктуу эң көп жана эң чыгымсыз булактарды колдонгон бир энергия станциясы жана бир азык чыгаруучу завод болуп саналат. Жалбырактар бул «станцияда» күндүн энергиясын топтоочу энергия панелинин жана азык өндүрүүчү заводдун кызматын аткарышат. Өсүмдүктөр мындай химиялык процесстерден тышкары, даамы, жыты жана түсү менен да жогорку бир чеберчиликтин жана кооздуктун чыгармасы. Ар бир бөлүгү улуу бир илим менен жаратылган жалбырактын жана фотосинтездин баскычтарына токтолуудан мурда, жалбырактардын жалпы түзүлүшүндөгү кемчиликсиз долбоорду бир кароо керек. Мунун натыйжасында фотосинтез процессинин эле эмес, бул процессти жасаган түзүлүш жана системалардын да аң-сезимдүү, акылдуу бир план менен жаратылганын тагыраак түшүнө алабыз.


Завод кандай иштейт?

 Өтө алдыңкы микроскоптор менен бир жалбыракты изилдесеңиз, Аллахтын жаратуу чеберчилигин дагы бир жолу даана байкайсыз. Ар бир жалбырактын ичинде кемчиликсиз бир өндүрүш системасы курулган. Бул системаны жакшыраак түшүнө алуу үчүн жалбырактын ичинде кызмат кылган түзүлүштөрдү күнүмдүк жашообузда колдонгон шаймандарга салыштырууга болот. Жалбырактын ичин чоңойтуп караганыбызда, тынымсыз иштеген түтүктөрдү, белгилүү процесстер үчүн курулган бөлмөлөрдү, чоң бир күчтүү плитадай иштеген клапандарды, миңдеген процессти контрольдогон сансыз кнопкаларды жана эч тынымсыз чуркап иштеген толтура жумушчулары бар бир азык өндүрүү заводун көрөбүз. Андан да тереңирээк карасак, белгилүү жерлерге орнотулган убакытты жөнгө салуучуларды, термостаттарды, нымдуулук өлчөгүчтөрүн, артка маалымат билдирүү системаларын жана температураны жөнгө салуучу механизмдерди да көрө алабыз.

Бүт тарапты желедей каптаган түтүк линиясы чийки затты өндүрүш жайларына жеткирип, өндүрүш жайларында өндүрүлгөн продукцияны өсүмдүктүн тканьдарына таратат. Бул түтүк линиясы өсүмдүк алган азык суусун жогору көздөй чыгарып, экинчи тараптан жалбырактарда өндүрүлгөн сиропту бүт дарак азыктанышы үчүн ички аймактарды көздөй жөнөтөт. Бул каналдардын баары өтө маанилүү суюктуктарды ташуудан тышкары, ошол эле учурда даракта жана жалбыракта скелет кызматын да аткарышат. Бул кереметтүү бир долбоор. Себеби адамдар курган имараттарда имараттын жүк көтөргүчтөрү (түркүктөр, устундар ж.б.) менен имараттын суутүтүгү өз-өзүнчө курулат. Өсүмдүктөрдө бул эки муктаждыкты бир түзүлүш камсыз кылган кереметтүү бир долбоор бар. Кийинки бөлүмдө бул долбоорду тереңирээк карайбыз.

Комментариев нет:

Отправить комментарий