понедельник, 18 мая 2015 г.

ФОТОСИНТЕЗ


Фотосинтез – Аллахтын чексиз илими менен кудуретине жакшыраак күбө болгусу келген ар бир адам тереңирээк анализ кылышы керек болгон, кереметтүү бир химиялык процесс. Фотосинтез – илимпоздор ушул күнгө чейин толук түшүнө албаган теңдешсиз бир долбоор. Бул процессти куралсыз көз менен эч качан көрө албайбыз, себеби бул механизмдин иштешинде электрондор, атомдор жана молекулалар колдонулат. Бирок фотосинтездин натыйжасын дем алган кычкылтегибизде жана жашообузду уланткан азыктардан көрө алабыз. Фотосинтез – өтө татаал химиялык формулаларга, биз эч көрбөгөн кичинекей сан жана салмак бирдиктерин камтыган өтө так тең салмактуулуктарга таянган бир система. Айланабыздагы бүт жашыл өсүмдүктөрдө бул процесс ишке ашуучу триллиондогон химия лабораториялары курулган жана алар миллиондогон жылдан бери эч тынымсыз бизге керектүү кычкылтекти, азыктарды жана энергияны өндүрүшүүдө.
Кереметтүү долбоорлонгон фотосинтезди тереңирээк караганыбызда, жаратылуунун эң негизги далилдеринин дагы бирөөсү менен таанышабыз. Ошондуктан, эми көзгө көрүнбөй турган кичинекей бир жерде ишке ашкан бул процессти тереңирээк карайлы.



Фотосинтездин жер жүзүндөгү жашоо үчүн мааниси


Фотосинтез процессинин кантип ишке ашаарын кароодон мурда, бул процесстин дүйнөдөгү жандыктардын жашоосунда канчалык маанилүү бир процесс экенин түшүнүү керек. Көзгө көрүнбөй турган кичинекей жерде ишке ашкан бул процесстин бүт жандыктарга таасир тийгизген натыйжаларын бир-бирден карайлы:



Фотосинтез жана кычкылтек


Өсүмдүктөр фотосинтез кылганда абадагы көмүр кычкыл газын, б.а. адамзат колдонбогон, зыяндуу газды алып, анын ордуна атмосферага кычкылтек чыгарат. Дем алганда ичибизге тарткан жана жашообуздун негизги булагы болгон кычкылтек фотосинтездин негизги түшүмү. Атмосферадагы кычкылтектин болжол менен 30%ы кургактыктагы өсүмдүктөр тарабынан чыгарылса, калган 70%дык бөлүгү деңиз жана океандардагы фотосинтез жасай алган өсүмдүктөр жана бир клеткалуу жандыктар тарабынан чыгарылат. Бул жерде адамдардын табияттагы өсүмдүктөрдү тынымсыз жок кылып жатканда, кычкылтектин негизги булагы болгон океандарды мынчалык бат жок кыла албаганы көңүл бурат. Мындай фотосинтез жасоочу ар кандай жандыктардын жаратылганы бизге эч түгөнбөгөн бир энергия булагы болууда.



Фотосинтез жана азыктар


Биологиялык жактан бизге керектүү болгон бүт энергияны түздөн-түз же чөп жеген жаныбарлар аркылуу өсүмдүктөрдөн алабыз. Күндүн нуру накта энергия булагы; бирок чийки бойдон көп колдонууга ыңгайлуу бир энергия формасы эмес. Бул энергияны жегенге, денеде түздөн-түз колдонууга же чогултуп коюуга болбойт. Ошондуктан күндүн энергиясын башка бир энергия түрүнө айландыруу керек болот. Фотосинтез мына ушул жумушту аткарат. Бул процесс аркылуу өсүмдүктөр күндүн энергиясын кийин колдоно ала турган бир энергия формасына айландырышат. Бул процесс жалбырактардагы «фотосинтетикалык реакция» борборлорунда ишке ашат. Ал жерде күндүн энергиясынан пайдаланып, абадагы көмүр кычкыл газы крахмал жана башка жогорку энергиялуу углеводдорго айландырылат. Көмүртек колдонулгандан кийин чыккан кычкылтек болсо абага койо берилет. Өсүмдүк кийин азык керек болгондо ошол углеводдордо топтоп койгон энергияны колдонот. Албетте, бул өсүмдүктөрдү жеген жандыктар да өсүмдүктөгү углеводдордон керектүү энергияны алышат. Адамга керектүү энергия дагы фотосинтез аркылуу ушул азыктарда топтолгон энергия тарабынан камсыздалат. Кийинки бөлүмдөрдө да каралгандай, фотосинтез өтө комплекстүү бир процесс. Ушунчалык комплекстүү бир процесстин натыйжасында бүт жандыктардын жашоосуна керектүү азыктын алынышы Аллахтын чексиз илиминин жана акылынын бир чыгармасы:

Эй адамдар, Аллахтын силерге болгон немат-жакшылыгын эстегиле. Асмандан жана жерден силерге ырыскы берүүчү Аллахтан башка бир жаратуучу барбы? Андан башка кудай жок. Андай болсо, кантип бурулуп кетесиңер? (Фатыр Сүрөсү, 3)


Фотосинтез жана энергия


Машинаңыздын мотору күндүн энергиясы менен иштейт. Реактивдүү учактар күндүн энергиясы менен учушат. Сиз дагы бул китепти окуп жатканда күндүн энергиясын коротуп жатасыз...
Албетте, бул саптарды окуганыңызда оюңузга биринчи эле машинам бензин менен иштейт, реактивдүү учактар учак күйүүчү майын колдонот деген ойлор келет. Бул саптарды окуганга керектүү энергияны күндөн эмес, эң акыркы тамактануу учурунда жеген азыктардан алып жатам деп ойлойсуз. Чындыгында болсо, бензин дагы, жеген тамактарыңыз дагы, ал тургай, күйгүзүлгөн отун, көмүр дагы фотосинтезден алынган энергиядан турат. Кантиппи?
Мындан миллиондогон жыл мурда фотосинтез жасап күндүн энергиясын өздөрүндө топтоп койгон өсүмдүктөр жана ал өсүмдүктөрдү жеген жаныбарлар жердин тереңинде, жогору басым астында миллиондогон жыл жаткан соң биз билген «мунайзатты» пайда кылышкан. Көмүр менен табигый газ дагы ушундай эле жол менен пайда болгон. Кыскасы, фотосинтез аркылуу өсүмдүктөрдө топтоп коюлган күндүн энергиясы миллиондогон жылдан соң адамдардын кызматына башка бир жол менен берилген.
Ошол сыяктуу, жеген азыктардан алган энергияңыз дагы өсүмдүктөр топтоп койгон күндүн энергиясы гана. Эт азыктарынан алган энергияңыз дагы ал жаныбарлар өсүмдүктөрдөн алган энергия. Энергиянын булагы дайыма күн, бул энергияны адам колдоно турган абалга алып келген система болсо ар дайым фотосинтез. Бул системадан башка эч бир система аркылуу энергия ала албайсыз.


Фотосинтез жана кошумча продукциялар


Отун күйүүчү материалдан тышкары, курулуш сыяктуу көптөгөн тармактарда да колдонулган өтө маанилүү бир материал. Мисалы, кагаз, пахта жана башка табигый жиптердин дээрлик баары фотосинтез аркылуу алынган целлюлозадан турат. Ал тургай, жүн дагы фотосинтез аркылуу келген энергиянын негизинде келип чыгат. Бүт өсүмдүктөн, жаныбардан жана мунайзат сыяктуу органикалык заттардан алынган сансыз кошумча продукциялардын булагы – фотосинтез аркылуу иштетилген күндүн энергиясы.65


Фотосинтез жана айлана-чөйрө


Жаныбарлар абадагы көмүр кычкыл газынын жана абанын температурасынын тынымсыз жогорулашына себеп болушат. Жыл сайын адамдардын, жаныбарлардын жана топурактагы микроорганизмдердин дем алышы натыйжасында миллиарддаган тонна көмүр кычкыл газы атмосферага чыгарылат. Мындан тышкары, заводдордо жана үйлөрдө жылыткыч же меште күйгүзүлгөн жана унааларда колдонулган күйүүчү заттардан атмосферага чыгарылган көмүр кычкыл газынын көлөмү дагы миллиарддаган тоннага жетет. Бир изилдөө боюнча, акыркы 22 жылда атмосферадагы көмүр кычкыл газы 42 миллиард тоннага көбөйгөн. Бул көбөйүүнүн эң негизги себептеринин бири болсо колдонулган күйүүчү заттар жана токойлордун кесилип азайышы. Акыркы 22 жылда күйүүчү заттардын себебинен болсо көмүр кычкыл газы 78 миллиард тоннага көбөйгөн.66
Көмүр кычкыл газынын мындай көбөйүшү тең салмакка салынбаса, экологиялык тең салмактуулуктар бузулат. Бул учурда атмосферадагы кычкылтектин саны абдан төмөндөп, жер жүзүнүн температурасы көтөрүлөт; мунун натыйжасында айсбергдер ээрийт. Мындан улам кээ бир аймактар суу астында калса, кээ бир аймактар чөлгө айланат. Натыйжада жер жүзүндөгү жандыктардын өмүрүнө чоң коркунуч туулат. Бирок мындай болбойт. Себеби, өсүмдүктөр менен микроорганизмдер жасаган фотосинтез процессинде тынымсыз көмүр кычкыл газы коротулуп, кычкылтек өндүрүлөт. Ушундайча тең салмактуулук сакталат. Жогоруда да айтылгандай, бир эле күйүүчү заттар себептүү көмүр кычкыл газы 78 миллиард тоннага көбөйгөндө, атмосферада калган көмүр кычкыл газы 42 миллиард тонна болгон. Бул ашыкча көмүр кычкыл газынын көп бөлүгү фотосинтез аркылуу жана океандар аркылуу атмосферадан тазаланган.
Жер жүзүнүн температурасы дагы белгилүү бир интервалда туруктуу болот жана өтө чоң температура өзгөрүүлөрү келип чыкпайт. Себеби жашыл өсүмдүктөр температура тең салмактуулугун да камсыз кылышат.
Жер жүзүндөгү жандыктардын жашоосу үчүн өтө маанилүү болгон бул тең салмактуулуктарды фотосинтез процесси сактап турат. Атмосферадагы кычкылтектин көлөмүн сактоонун башка бир дагы механизми жок.

Жыйынтыктасак, фотосинтез өтө улуу бир керемет жана жашообузда теңдешсиз ролу бар. Бул кемчиликсиз система өткөн кылымда гана ачылды. Ар бир этабы таң калаарлык кереметтерди камтыган бул механизмдин ушул кезге чейин табылган этаптарын карап чыгуу Аллахтын чексиз илимине ачылган бир эшик болот.


Булактар:

65 http://photoscience.la.asu.edu/photosyn/study.html
66 Sylvia S. Mader, Inquiry into Life, Wm. C. Brown Publishers,USA, 1991, s.726-727

Комментариев нет:

Отправить комментарий