понедельник, 18 мая 2015 г.

КИРИШҮҮ



Адам жашоосунда өтө чоң роль ойногон өсүмдүктөр 500 миңден ашуун түрү менен Аллах адамзатка тартуу кылган чексиз бир казына. Дем алган таптаза абабыздын, жашообуз үчүн керектүү азыктардын, колдонгон энергиябыздын булагы – бул өсүмдүктөр. Өтө кооз табияттын, сонун жыттардын жана түркүн түстөрдүн булагы да өсүмдүктөр.
Өсүмдүктөр – нурду азыкка айландырган фотосинтез системалары, эч тынымсыз энергия жана кычкылтек өндүргөн, табиятты тазалаган, экологиялык тең салмактуулукту сактаган механизмдери, даам, жыт, түс сыяктуу адамга гана арналган сулуулуктары менен өздөрүнүн Жаратуучусу Аллахтын чексиз илимин, чеберчилигин, адамдарга болгон боорукердиги менен мээримин көз алдыга тартуулаган өзгөчө жандыктар. Атайын белгилүү пайдалар үчүн белгилүү системалар менен жаратылган өсүмдүктөрдүн бүгүнкү күнгө чейин 10 000 түрү гана изилденип, ал изилдөөлөрдүн натыйжасында ар бир өсүмдүктүн адамды таң калтыра турган касиеттерге ээ экени аныкталды.
Аллахты таанууну, Анын сыпаттарын көрүүнү, Ага жакындоону каалагандар үчүн өсүмдүктөрдөгү жана, ал тургай, алардын ар бир жалбырагындагы жаратуу кереметтерин жакыныраактан көрүп, алардын кереметтүү дүйнөсүн таануу өтө пайдалуу болот. Ушундайча бүгүнкү күнгө чейин илимпоздорго гана тиешелүү деп ойлоп келген чындыктардын эшигин чын ниет менен бүт адамдарга ачууга болоорун көрө алабыз.
Ыймандуулар Аллах берген акыл жана түшүнүгү аркылуу Анын биздин көз алдыбызга тартуулаган кереметтерин көрө алышат. Ал үчүн айлананы акыл жана даанышмандык көзү менен кароо керек. Айланасына акыл жана даанышмандык көзү менен караганды үйрөнгөн бир адам бир гүлдүн түсүндөгү, көрүнүшүндөгү жана жытындагы чеберчиликти байкап, гүлдү гүл кылган бүт системаларды окуп билип, Аллахтын чексиз илими менен кудуретине жакыныраактан күбө болот. Аллах адамдын жана башка жандыктардын жаратылуусунда аяттар, б.а. Өзүнүн бар экендигинин далилдери бар деп билдирет:

Силердин жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом үчүн аяттар бар. (Жасия Сүрөсү, 4)

Бул китепте өсүмдүктөрдүн өтө маанилүү бир касиетин, б.а. фотосинтезди жана ичинде фотосинтез процесси ишке ашкан жалбырактардын кемчиликсиз түзүлүшүн карап чыгабыз жана Аллах бул жандыктарда жараткан кереметтерге күбө болобуз.


АКЫЛДУУ ДОЛБООР (ПЛАН), Б.А. ЖАРАТЫЛУУ

 Китепте кез кезде Аллахтын жаратуусундагы кереметке басым жасоо үчүн колдонулган «план (долбоор)» сөзүн жолуктурасыз. Бул сөздүн кайсы максатта колдонулганын туура түшүнүү өтө маанилүү. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир планда (долбоордо) жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот.
Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)


Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Комментариев нет:

Отправить комментарий