понедельник, 18 мая 2015 г.

ЖАЛБЫРАКТЫН ИЧИНДЕ КАНДАЙ КУБУЛУШТАР БОЛОТ?



Мурдакы бөлүмдөрдөгү мисалдардан да көрүнүп тургандай, жалбырак – улуу бир илим жана чеберчилик менен жаратылган бир кереметтүү долбоор. Калыңдыгы бир канча миллиметр болгон кандайдыр бир жалбырак бир заводчолук көлөмгө чоңойтулганда жана биз анын ичин кыдырып көрө алганыбызда, көргөндөрүбүзгө өтө таң калмакпыз. Мисалы, кичинекей бир петрушканын жалбырагынын ичинде дагы өтө алдыңкы жана бүт тарапты каптаган бир түтүк тармагын, жыйырмадан ашуун химиялык заттарды өндүрүүчү жана аларды сактап койуучу химиялык борборлорду, күндүн энергиясын тынымсыз кантка айландыруучу энергия станцияларын, бул процессти баштоочу күн чогулткучтарын (коллектор), бүт тарапта жайгашкан абаны контрольдоочу борборлорду, өтө күчтүү бир коопсуздук жана байланыш системасын жана эмне кызмат аткараарын илимпоздор да түшүнө албаган дагы көптөгөн бөлүктөрдү камтыган ири бир химиялык заводду көрмөкпүз.



Ал жерде иштеп жаткандарды токтотуп маалымат алуу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби май, көмүртек жана суутек сыяктуу заттардан турган жумушчулардын сүйлөй турган ооздору да, бизди көрө турган көздөрү да, айткандарыбызды аңдап-түшүнө турган мээлери да, токтоп бизге жооп бере турган убактылары да жок. Бир караганда эле бул системанын, системада иштеген жумушчулардын, система колдонгон материал жана продукциялардын улуу бир акыл тарабынан жаратылганын эч күмөн санабастан түшүнүүгө болот.
Өсүмдүктөрдө борбордук нерв системасы жана ал системаны башкарып турган бир мээ жок. Ошондуктан өсүмдүктүн ар бир бөлүгү өз алдынча, башкалардан көз-карандысыз өрчүйт, анткен менен ар бир бөлүгү жана ар бир тканы укмуш гармония жана кызматташтыкта болушат. Өсүмдүктүн ичинде клеткалардын кантип байланыш кураары, клеткалардын эмне үчүн башка башка тканьдарды пайда кылаары алигече толук чечиле элек. Бул түзүлүштөрдүн жасалышында буйруктардын кайсы тараптан кайсы тарапты көздөй бараары болсо сыр бойдон калууда.32
Жалбырактагы кемчиликсиз долбоордун негизги бөлүктөрү – бул клеткалар. Негизи биз өсүмдүктүн касиеттери жана иш-аракеттери жөнүндө сөз кылганда, өсүмдүктүн клеткаларынын касиет жана иш-аракеттерин айтып жаткан болобуз. Өсүмдүктүн түзүлүшү да клеткалардан турат. Өсүмдүктү түзгөн бул клеткалар убактысы келгенде ар кандай тканьдарды пайда кылып башташат. Кээ бирлери биригип жалбыракты жана жалбырактын тамырларын, кээ бирлери өсүмдүктү тик кармап турган жыгач сымал түзүлүштү, кээ бирлери болсо химиялык процесстерди жасоочу тканьдарды пайда кылышат. Ар бир тканьдын белгилүү бир долбоору, белгилүү бир кызматы жана түзүлүшү бар. Клеткалардын ушинтип өзгөчөлөнүшү натыйжасында келип чыккан жаңы органдар болсо бири-бирин толуктап, жаңы бир долбоордун бөлүктөрүнө айланышат. Бүт жандыктарда ишке ашкан, бирдей клеткалардын ар кандай функцияны аткаруучу ар кандай түзүлүштөргө айлануу процесси – аң-сезимдүү жана улуу бир долбоордун негизги далилдеринин бири.


Жалбыракты түзгөн тканьдар күндүн нурун максимум чогултуп, ар кандай сырткы факторлорго туруштук бере тургандай жана эң аз материал менен эң көп процесс жасай ала тургандай кылып пландалган. Мындан тышкары, жалбырак кагаздай жука болгону менен, ичине батырылган миллиондогон өзгөчө клеткаларды коргой турган жана ичиндеги комплекстүү, жыш кыймыл-аракеттерди башкара турган түзүлүштөр менен жабдылган. Бул тканьдардын кээ бирлерин тереңирээк карайлы:


Жалбырактын бөлүктөрү



Үстүңкү жана астыңкы эпидермис (жалбырактын кабыгы): бул эки клетка катмары мом сыяктуу тканьды түзүшөт. Жалбырактын эң сырткы бөлүгүн түзгөн бул тканьдын түзүлүшү такыр башкача болот. Белгилүү клеткалар тарабынан өндүрүлгөн мом сыяктуу түзүлүш жалбырактын бетинде суу өткөрбөс бир катмарды пайда кылат. Натыйжада ашыкча суюктук жоготуусуна бөгөт койот. Күндүн нурун чагылтат. Өсүмдүктүн тешикчелери жабылганда, бул тканьдын жардамы менен өсүмдүк бир шардай болуп ичиндеги аба менен суюктуктарды камай алат. Эпидермис айнек сымал тунук болот.

Мезофилл: бул тканьдын да өтө маанилүү кызматтары бар. Фотосинтез кылган эки клетка кабатынан турат: «палисад мезофилл» (устун сыяктуу клеткалар) чыбык сымал клеткалардан турат, «губка сымал мезофилл» болсо тегерек клеткалардан турат. Бул клеткаларда фотосинтез заводдору болгон хлорофиллдер жайгашкан. Мындан башка да ар кандай кызматтарды аткарышат.



Аба боштуктары: губка сымал жана чыбык сымал мезофиллдердин (жалбырактардын жумшак ички тканы) экөөнүн тең клеткаларынын арасында аба боштуктары болот. Губка сымал мезофиллдеги аба боштуктары чоңураак жана «оозчо» деп аталган аба тешиктерине окшошураак болот. Бирок бул жөн эле ушундай болуп калган эмес. Мунун натыйжасында губка сымал мезофилл чыбык сымал мезофиллге караганда көбүрөөк муктаж болгону үчүн, көбүрөөк көмүр кычкыл газын алат.

Оозчо (стома): булар жалбырактын ички бетиндеги кичинекей тешикчелер. Жалбырактарынын сырткы бетинде тешикчеси бар кээ бир өсүмдүк түрлөрү да бар. Бул тешикчелер жалбырактын эң негизги бөлүктөрүнүн бири. Жалбырактын сырткы дүйнө менен байланыш курган эшиги сыяктуу, жалбыракка абадан кирген газдарды, жалбырактан чыга турган бууну, жалбырактын ичиндеги басымды көзөмөлдөшөт. Мындан башка кызматтарды да аткарышат жана ачылып-жабылып туруучу көзөмөлчү клеткалары менен бирге кереметтүү бир долбоор болуп саналат.
Бир дарак көбүрөөк же азыраак аба алгысы келгенде, жалбырагындагы мурун тешиги сыяктуу жөнгө салынуучу ушул тешикчелерин колдонот. Булар – жалбырактын бетинде өзгөчө астыңкы бөлүгүндө жайгашкан көп сандагы көзгө көрүнбөгөн микроскопиялык тешикчелер. Булардын ар бири нымдуу, ысык жана жарык сыяктуу шарттарда автоматтык түрдө эмес, бир жуп күзөтчү клетка тарабынан башкарылат. Аба өтө кургак жана ысык болгон кездерде тешикчелердин аралыгы орто болот; бирок ным күзөтчү клеткаларды шиширгенде аралыктары өсүп баштайт. Суук жана жаан-чачындуу абада болсо тешикчелер толук ачылат жана натыйжада хлоропласт абага көп нымды бууланта алат. Хлоропласт өзүнө керектүү аба менен азыкты болсо тешикчелерден келген күндүн нуру жана көмүр кычкыл газын соруу аркылуу алат. Жалбырактын сырткы бетинин 1 миллиметр квадратында 50-700дөй тешикче болот. Ошондо бир жалбырактагы тешикчелердин саны миллиондорго жетиши мүмкүн. Мисалы, күн караманын бир жалбырагында 13 миллион стома бар экени аныкталган. Бул миллиондогон эшиктин ар бири өз башынча кыймыл-аракет жасаган клеткалар тарабынан жабылат же ачылат.33 Адамдардын мындай системалар үчүн чечим ала турган байланыш жана чечим алуу механизмдери болоорун эске алганыбызда, бир жерден башкарылбаган жана жөнөкөй клеткалардан гана турган бул түзүлүштөрдүн кылган иштеринин канчалык таң калыштуу экенин жакшыраак түшүнөбүз.
Фотосинтез учурунда өндүрүлгөн кычкылтек ачык бир стомадан сыртка чыгып кете алат. Бул газ алмашуу учурунда көп көлөмдө суу да чыгып кетет. Жалбырактын сырткы бетинин 1%ын каптаган стомаларга жоготулган суунун 90%ы туура келет. Мисалы, пахта дарактары чөлдүн ысык күндөрүндө саатына 400 литрдин тегерегинде суу жоготушат. Ушул сыяктуу айланадагы факторлор дагы стоманын ачылып-жабылышына таасир берет. Суунун көлөмү жалбыракка керектүү болгон чектен төмөн түшүп кеткенде, калган суунун бууланышына жол бербөө үчүн стома жабылат. Стомалардын ачылып-жабылышын башкарган күзөтчү клеткалардын ичине калий иондору киргенде, суу клетканын ичине кирет жана клетканы шишитет; натыйжада стома ачылат. Калий клеткадан чыкканда болсо суу да клеткадан чыгып, стома жабылат. Бул система жалбырактагы суунун басымына жараша «абсциз кислотасы» деп аталган бир гормон тарабынан жөнгө салынып, башкарылат.34 Көп өсүмдүктөрдүн стомасы күндүз ачылып түнкүсүн жабылса, кээ бир түрлөрдүн стомасы күндүз жабылып түнкүсүн ачылат. Мындай түрлөр көбүнчө ысык, кургак климаттарда жашаган кактус, ананас сыяктуу өсүмдүктөр. Бул өсүмдүктөр түнкүсүн көмүр кычкыл газын алып, 4-карбон кислотасына айландырышат. Күндүз болсо стома жабык болгондо, кислотадан көмүр кычкыл газы чыгып, ошол замат фотосинтезде колдонулат. Бул процессти «crassulacean кислота зат алмашуусу» дешет. Мындай өсүмдүктөр болсо «CAM» өсүмдүктөр деп аталат.35 Жалбырактын бөлүктөрүнөн стоманын өзүн эле караганыбызда да, таң калаарлык долбоорду көрөбүз. Бул бөлүк эшикти кайтарган жөнөкөй бир күзөтчү эмес, өз башынча чечим алуучу бир коопсуздук кызматы, сырткы жана ички шарттарды бирдей көзөмөлгө алган бир метеорология адиси жана өсүмдүктү толук билип турган бир шашылыш чыгуу эшиги болуп саналат.


Кан-тамырдуу кластерлер: жалбырактын ортосунан «негизги тамыр» өтөт. Бул тамыр менен андан чыгып жалбырактын бетин каптаган башка тамырлар кан-тамырдуу кластерлерден турат. «Ксилема» (сөңгөк) жалбырактын ичинде өтө маанилүү кызматтарды аткарган бир ткань болуп эсептелет. Бүт өсүмдүктүн ичинде биздин денебиздеги тамырлардын кызматын аткарган бул тканьдын түзүлүшү аткарган кызматына жараша өзгөрүп турат. Мисалы, топурактан суу жана минерал туздарын алып кирет; кээде кампа кызматын аткарат; кээде болсо өтө катуу жыгачка айланып өсүмдүккө түркүк болот.36 Бул тамырлар өсүмдүктүн жана жалбырактын ичинде туш келди жайгашпайт. Ар бир жалбырак жана жалбырактагы ар бир тамыр белгилүү бир долбоор менен, белгилүү бир формада жаратылган. Жалбыракты түз жана тик абалда кармаган бул тамырлар өз кызматын аткаруу үчүн белгилүү физикалык формулаларга баш ийишет.

Флоэма (тамыр тканьдарынын торчолуу түтүк бөлүгү): бул түтүктөр аминокислота сыяктуу органикалык азыктарды жалбыракка алып келет жана, мындан тышкары, канттуу суюктукту жалбырактан башка тарапка жеткирет. Фотосинтез аркылуу өндүрүлгөн глюкоза сахарозага айландырылып, «флоэма» аркылуу өсүмдүктүн башка бөлүктөрүнө жеткирилет же крахмалга айландырылып сактап коюлат.37

Өсүмдүктүн казына сандыгы «вакуоль»: өсүмдүк клеткасынын маанилүү бир бөлүгү – бул ичи суулуу аралашмага толгон, клеткага ичке бир мембрана аркылуу байланган бир баштык вакуоль. Бул баштыктын ичиндеги клетка ширеси (согу) көбүнчө бир аз кислоталуу болот жана ээриген атмосфера газдарынан, органикалык кислоталардан, канттардан, пигменттерден, атыр жана ароматтуу жыттардын булагы болгон учуучу майлардан, дары-дармекте колдонулган гликозиддерден, уулуу зат катары белгилүү алкалоиддерден, кристаллдардан, минералдуу кислота туздарынан, өсүмдүктүн ширесиндеги каучуктан, чай өсүмдүгүндө көбүрөөк кездешчү таниндерден, гүлдөр менен мөмөлөрдүн көк, кызгылт көк, сары, европа церциси өңүн берүүчү бойок заттар флавондордон жана антоциандардан жана канчалаган башка заттардан турат. Бүт бул заттар көзгө көрүнбөгөн бир клетканын ичиндеги электрондук микроскоп менен гана көрүнгөн бир жерде бири-бирине аралашпай, өз жумушунун убактысын күтүшөт. Вакуоль толгондо клетканын ичиндегилер клетканын капталына басым жасап, клетканы желденген бир футбол тобундай катуу (же желдүү) кылып койот жана цитоплазманы клетканын капталдарын көздөй түртүп өсүмдүктүн тик турушуна шарт түзөт. Клеткасынын капталы калың болбогон жана катуу жыгач формасындагы механикалык тирөөчү жок чөп өсүмдүктөрү тик тура алуу үчүн мына ушул ички суу басымын колдонушат; эгер мындай кыла албаса өсүмдүк соолуп калат. Вакуоль, ошондой эле, бир катар реакцияларга керектүү болгон нымдуулук деңгээлин жана клетканын жарыкка карата кыймылдашын да жөнгө салат.38


Вакуольдун ичиндеги заттар кантип топтолот жана кантип бири-бирине аралашпай сактала алышат? Мисалы, бир баштык алып, ичине ар кандай атырларды, майларды, алкогольдорду, канттуу сууларды, ар кандай бойокторду, суюк каучук, туздуу суу сыяктуу заттарды салсак, бул заттар кыска убакыт ичинде бири-бирине аралашып кетишет. Эгер бул заттарды шар сыяктуу бир материалдын ичине толтурсак, заттар андан да бат аралашат. Кийинчерээк керек болгондо бул заттарды шардан сыртка чыгарууга аракет кылсак, бул аракетибизден эч майнап чыкпайт. Эми бул заттарды кайрадан колдоно турган абалга алып келүү үчүн аларды бир химия лабораториясында бөлүштүрүү керек болот. Вакуольдор жаратылган күнүнөн бери бул татаал процессти эч катасыз жасап келишүүдө. Гүлдөр түстүү болуп ача турган кезде бойокту, жыт өндүрүү керек болгондо атырларды чыгарып керектүү жерлерге керектүү көлөмдө жеткиришет. Бул иштерди эч кемчиликсиз жасаган вакуоль клеткалары – башка клеткалардай, көмүртек, суутек, кычкылтек сыяктуу заттардан турган жана микроскоп менен гана көрүнгөн организмдер. Бул клеткалар бир кампачы сыяктуу кызмат кылганы менен, аларда кампачыга тиешелүү бир дагы касиет жок. Башкача айтканда, кайсы продукцияларды кабыл алаарын, аларды каерге жайгаштыраарын, ал продукциялардын каерден келгенин, каерге бараарын билгендей иш-аракет кылганы менен, негизи аларды көрө турган жана тааный турган органдары жок. Мисалы, бир даракты алып, баалуу металлдар сакталган бир кампанын алдына коюп, ага бул заттардын кирип-чыгуусун башкаруу ишин тапшыра албайбыз. Вакуоль клеткасы дагы – мына ушул аң-сезими жок өсүмдүктүн аң-сезими жок жана көзгө көрүнбөгөн кичинекей бир бөлүгү. Кылган бүт иштерин өзүнүн эрки жана акылы менен эмес, аны жараткан Аллахтын илхамы менен, автоматтык түрдө жасайт.


Бул саналгандардан тышкары, жалбырактын ичинде ар кандай кызматтарды аткарган дагы көптөгөн түзүлүштөр бар. Ал түзүлүштөрдүн ар бири жогоруда айтылгандардай комплекстүү түзүлүштөргө ээ. Ипичке жалбырактын ичине топтолгон бул системалар, алдыда да каралгандай, жер жүзүндөгү жашоо үчүн өтө маанилүү бир процесс болгон фотосинтезди жасап, дүйнөдөгү жашоонун негизин түзүшүүдө. Кыскасы, өсүмдүктүн кайсы гана бөлүгүн карабайлы, белгилүү бир максат үчүн пландалган бир машинанын кылдат бир тетигин караган болобуз. Бул долбоордо ишке жараксыз, эч бир кызмат аткарбаган бир дагы ткань жок. Ар бири өзүнчө бир функцияны аткарган ар түркүн системалар биригип, орток бир максат үчүн чогуу иш алып барышат.
Өзүнөн өзү иштеген, күйүүчү зат катары аба менен сууну колдонгон, башкаларга кызмат кылууну гана көздөгөн, ар кандай шартта өзүнүн копияларын өндүрө алган, өтө маанилүү касиеттеринен тышкары, жыты, түсү жана формасы менен улуу чеберчиликтин чыгармасы болгон бул кереметтүү машина – Аллахтын чексиз илиминин жана таң калыштуу чеберчилигинин бир мисалы.




Эволюционисттердин логикасыз көз-караштары



Көрүнүп тургандай, бир өсүмдүккө миллиметрдик эсептер менен батырылган комплекстүү түзүлүштөр бар. Жалбырактардагы бүт комплекстүү системалар миллиондогон жылдан бери эч кемчиликсиз иштеп келе жатат. Бул системалар кантип ушунчалык кичинекей аянтка батырыла алган? Жалбырактардагы комплекстүү долбоор кантип пайда болгон? Ушунчалык кемчиликсиз жана өрнөксүз бир долбоор өзүнөн өзү пайда болушу мүмкүнбү?
Эволюционисттердин жалбырактардын келип чыгышы жөнүндө чыгарган теорияларынын бири болгон «теломдук теория» боюнча, жалбырактар примитивдүү тамырдуу өсүмдүктөрдүн бөлүнгөн бутактарынын биригип, жалпайышынан «келип чыккан».39 Бирок жер жүзүндөгү триллиондогон жалбырактын бир эле даанасынын түзүлүшүндөгү укмуш комплекстүү система дагы бул көз-караштын логикасыздыгын далилдөөгө жетиштүү болот. Ал тургай, бул теорияны бир-эки эле жөнөкөй суроо менен жокко чыгарууга болот. Мисалы:
- Ал бутактар эмне үчүн биригип, жалпайышы керек болгон?
- Мындай биригип, жалпайуу процесси кантип ишке ашкан?
- Бутактар кайсы кокустуктун натыйжасында түзүлүшү жана долбоору жагынан такыр башкача болгон жалбырактарга айланышкан?
- «Примитивдүү тамырдуу өсүмдүктөрдөн» кантип миңдеген түрдүү өсүмдүктөр, дарактар, гүлдөр жана чөптөр келип чыккан?
- Мынчалык көп түргө айлануу муктаждыгы эмнеден пайда болгон?
- Мындай «примитивдүү тамырдуу өсүмдүктөр» кантип жоктон пайда боло алышкан?
Ушул күнгө чейин эч бир эволюционист бул суроолордун бирөөсүнө дагы логикалуу жана илимий жооп бере алган жок.
Теориянын туюкка түшкөнүн түшүнгөн кээ бир эволюционисттер өсүмдүктөрдүн келип чыгышы жөнүндө жаңы, дагы бир логикасыз көз-карашты чыгарышты. Аны илимий көрсөтүү үчүн ар дайым колдонуп келген ыкмасын колдонуп, латынча бир ысым коюшту: «enation теориясы». Жараткандын бар экенин эч кабыл алгысы келбеген эволюционисттердин бул теориясы боюнча, жалбырактар өсүмдүк сабагынын бүчүрлөрүнөн эволюциялашкан.40
Бул көз-карашты да суроолор менен анализ кылалы:
- Кандайча болуп тулку бойдун белгилүү жерлеринде бир жалбыракты пайда кылуу үчүн бүчүр сымал бир түзүлүш келип чыккан?
- Андан соң бүчүрлөр кантип жалбырактарга айланышкан? Болгондо да, сансыз көп түрдүү кемчиликсиз түзүлүштөгү жалбырактарга...
- Дагы бир аз алга жылалы. Бүчүрлөр чыккан бутактар жана ал бутактар өсүп чыккан өсүмдүктөр кантип пайда болушкан?
- Бүчүрлөрдү кээ бир түрлөрдө жалбырактарга, кээ бирлеринде болсо гүлгө жана акырындап мөмөгө айландыруучу комплекстүү механизмдер кокустуктар натыйжасында келип чыгышы мүмкүнбү?
Эволюционисттер, башка нерселер сыяктуу, өсүмдүктөрдүн пайда болушу жөнүндө дагы толугу менен ойдон чыгарылган сценарийлерден башка жооп айта алышпайт.
Негизи эки теориянын тең айткысы келген ойу кыскача төмөнкүдөй: өсүмдүктөр, эволюционисттердин көз-карашы боюнча, кокустан болгон окуя-кубулуштар натыйжасында пайда болушкан. Кокустан бүчүрлөр, бутактар пайда болуп, анан дагы бир кокустук натыйжасында хлоропласттын ичинде хлорофилл пайда болгон, башка кокустуктар натыйжасында жалбырактагы катмарлар пайда болгон, кокустуктар кокустуктарды кубалап отуруп, аягында кемчиликсиз жана өтө пландуу түзүлүштөгү жалбырактар келип чыккан.
Ошондой эле, жалбыракта кокустан келип чыккан деген бул түзүлүштөрдүн баарынын бир учурда пайда болушу керек экенин да унутпаш керек. Себеби жалбырактагы түзүлүш жана системалардын баары бири-бири менен тыгыз байланышта болгондуктан, бир даанасынын же бир канчасынын кокустан пайда болушу эч бир ишке жарабайт. Себеби тетиктери кем бир система иштебейт. Натыйжада жаңы кокустуктар аркылуу калган кем бөлүктөрүнүн толукталышын күтө албастан, өсүмдүктөр өлүп калышат жана урпагын уланта албай тукум курут болушат. Ошондуктан өсүмдүк жашай алышы үчүн тамырындагы, бутактарындагы жана жалбырактарындагы комплекстүү системалардын баары бир учурда пайда болушу керек.
Эволюция теориясы боюнча, колдонулбаган органдар жок болот. Көрүнүп тургандай, эволюционисттердин бул эрежеси кайра эле өздөрүнүн «узун убакыт аралыгында ишке ашкан кичинекей кокустуктар натыйжасында жандыктарды түзгөн бөлүктөр пайда болгон» деген көз-карашына апачык карама-каршы келет. Себеби бүт бөлүктөрү толукталганга чейин иштебей турган комплекстүү бир системанын бир канча бөлүгү башында пайда болгон деп кабыл алсак дагы, алар узун убакыт бою «туш келди» кокустуктар аркылуу кем бөлүктөрүнүн толукталышын күтүп тура алышпайт. Себеби бүт бөлүктөрү толукталганга чейин эң башында «пайда болгон» бөлүктөр же органдар өзү жалгыз эч бир ишке жарабайт жана эволюционисттердин «Долло» эрежеси боюнча жок болушат.
Демек, эволюциянын убакыттын өтүшү менен, акырындап ишке ашкан майда кокустуктар натыйжасында бир жандык же жандыктардагы комплекстүү бир система пайда болгон деген көз-карашы логикага да, илимге да туура келбейт жана эволюционисттердин өздөрү чыгарган эрежелерине да карама-каршы келет. Андай болсо алдыбызда бир гана вариант калат: жандыктар бүт комплекстүү түзүлүштөрү жана системалары менен бирге бир учурда, кемчиликсиз бойдон пайда болушкан. Бул аларды чексиз кудуреттүү жана чексиз илимдүү Аллах жараткан деген мааниге келет.
Жер жүзүндөгү бүт жандыктардагы сыяктуу, өсүмдүктөрдө да эч кемчиликсиз системалар курулган жана биринчи жаратылган күнүнөн бери өзгөчөлүктөрү эч өзгөрбөй, бүгүнкү күнгө чейин келишти. Жалбырактарын түшүрүшүнөн өздөрүн күнгө бурушуна, жашыл түсүнөн тулку боюндагы катуу жыгач түзүлүшүнө, тамырларынан мөмөлөрүнүн пайда болушуна чейин бүт түзүлүштөрү теңдешсиз. Мындан жакшыраак системаларды, ал тургай, ушуга окшогон системаларды (мисалы, фотосинтез процессин) дагы адамзат учурдагы технологиялар менен жасай алган жок.


Өсүмдүктөрдөгү сезүү органдары


Өсүмдүктүн ичин дагы бир аз тереңирээк карасак, өтө кызыктуу системаларды көрөбүз. Ал системалардын эң негизгилеринин бири – бул өсүмдүктөрдүн ичиндеги жооп берүү механизмдери. Башкача айтканда, сыртынан караганда оозу да, көзү да, бир нерв системасы да болбогон өсүмдүктөр учуру келгенде кээ бир сезүү органдары жагынан адамдан да сезгичирээк болууда. Өсүмдүктөрдүн биздей көзү жок, бирок бизге караганда көбүрөөк нерсени көрүшөт. Себеби алардын жарыкты сезүүчү кошулмалардан турган белоктору бар. Алар аркылуу биз көргөн жана көрө албаган бүт толкун жыштыктарын сезе алышат жана нурду адамдын көзүнө караганда жакшыраак сезишет.41
Өсүмдүктөр бул көрүү жөндөмүн колдонушуп, өсүшү жана жашоосун улантышы үчүн керектүү болгон жарыктын күчү, сапаты, багыты жана периоду сыяктуу шарттарды аныкташат. Өсүмдүктүн бир күндүк жашоо тартиби өзүн жарыкка карап жөнгө салуучу бир «ички сааттын» контролунда болот. Бул этапта кандай процесстер болооруна илимий жактан токтолуу керек болсо; өсүмдүктө жарыкты көрүү милдетин аткарган эки белок бүлөсү болот. Ал эки бүлөнүн бири беш түрү бар «фитохром», экинчиси болсо эки түрү бар «криптохром» аттуу белоктор. Бул белоктор ошол эле учурда нурду кабылдай алуучу жарык рецепторлору болуп саналат. Натыйжада өсүмдүктүн ичиндеги саатты нурдагы өзгөрүүлөргө жараша өзгөртүп туруу кызматын аткарышат.42


Өсүмдүктөр күндүн нуру менен эле жашай алышпайт; өздөрүнө керектүү азыктардын даамын тата турган тилдери жок, бирок анткен менен аларды татып көрүп аныкташы керек болот. Даам татуу сезими топурактан минерал жана азыктарды алган өсүмдүк тамырлары үчүн өтө маанилүү. Arabidopsis (укроп) аттуу өсүмдүктө жасалган изилдөөлөрдө бир гендин нитрат жана аммиак туздары мол жайгашкан жерлерди табаары аныкталган. Бул ген себептүү тамырлар туш келди эмес, акылдуулук менен азыкты көздөй өсүшөт. Нитраттарды аныктоочу бул ген ANR1.43


Бул генден тышкары, Техас университетинде жүргүзүлгөн башка бир изилдөөдө «апираза» аттуу жаңы бир фермент аныкталган. Тамырдын бетинде жайгашкан бул фермент козу карын сыяктуу топуракка аралашкан микроорганизмдер чыгарган АТФтин (аденозин трифосфат) даамын сезе алат. АТФ молекуласы табиятта дайыма даяр турган кыска мөөнөттүү бир энергия резерви болуп саналат. Апираза өсүмдүктүн АТФти алып, фосфат азыктарына айландырып, анан соруп алышына шарт түзөт.44 Өсүмдүктөрдүн таштанды кызматкери сыяктуу клетканын сыртындагы АТФти чогултуп, колдонула турган абалга алып келиши болсо жаңы ачылган бир керемет.
Даам татуу сезими сыяктуу тийүү сезими да өсүмдүктөрдө көп кездешкен сезимдерден. Чымынчы чөп (Dionaea muscipula) сыяктуу эт жегич өсүмдүктөр үстүнө конгон чымын-чиркейди заматта кармашат. Мимоза (Mimosa pudica) өсүмдүгү болсо бир нерсе кичине эле тийип кетсе, ичке жалбырактарын төмөн көздөй түшүрөт. Нокот жана буурчак сыяктуу чырмалып өсүүчүлөр күчтүү тийүү сезими аркылуу өсүндүлөрүн бекем таянычтардын айланасына орошот. Акыркы жасалган изилдөөлөрдө дээрлик бүт өсүмдүктөрдө тийүү сезими бар экени аныкталган.45 Өсүмдүктөр көбүнчө жалбырактарга көп зыян келтире турган шамалдын күчүнө карата тийүү сезимин колдонушат. Шамал астында калган өсүмдүктөр тканьдарын катуулатып жооп беришет жана натыйжада күчтүү шамалдарда сынуудан кутулушат. Изилдөөчүлөр тийүү сезиминин тканьдын бекемделишине кантип себеп болоорун дагы эле табууга аракет кылышууда. Эң кеңири тараган бир теория боюнча, өсүмдүк кыймылдаганда кальций иондору клеткада химиялык кампа кызматын аткарган кеңири бөлмөлөрдөн, б.а. вакуольдордон клетка суюктугуна өтүшөт. Өсүмдүк кыймылдаганда же өсүмдүккө бирөө тийгенде биринчи эле кальций агымы келип чыгат. Бул агым секунданын ондон бириндей ылдамдыкта жүрөт. Андан соң кальций иондорунун агымы клетканын кабыктарын бекемдей турган гендерди кыймылга келтирет жана өтө комплекстүү бир процесстен соң тийген жер калыңдашат.46
Бир өсүмдүктө жашашы үчүн керектүү бүт өзгөчөлүктөрдүн, өтө комплекстүү системалардын бар болушу бир даана өсүмдүктүн бир даана жалбырагынын дагы кокустан пайда боло албашын көрүп, түшүнүүгө жетиштүү. Өсүмдүк клеткалары – бул мээси, колу, көзү, аң-сезими жана илим-билими жок, көзгө көрүнбөгөн кичинекей жандыктар.

 Алардын «шамалда өсүмдүктү кантип куткара алабыз?» деп ойлонуп, бир ыкма ойлоп табышы мүмкүн эмес. Болгондо да, бул бири-бири менен тыгыз байланыштуу жана доминолордун бири-бирин кулатышы сыяктуу бири-бирин активдештирүүчү бөлүктөрдөн турган бир система. Бул системаны клеткалар да өз акылы жана эрки менен жасай алышпайт, жана кокустуктар да мындай кемчиликсиз план жана долбоорду жарата алышпайт. Булардын баары чексиз илимдүү жана акылдуу Аллахтын бар экенин далилдейт.
Түндүк Каролина Wake Forest университети баш болуп ар кандай борборлордо жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында өсүмдүктөрдүн белгилүү бир үн жыштыгын же үн толкундарын сезе алаары айтылууда. Мисалы, Wake Forest'де жасалган бир экспериментте кадимки көктөө чоңдугу 20% болгон түрп уруктарынын белгилүү бир жыштыктагы үн көпкө чейин берилгенде, көктөшүнүн 80-90%дын тегерегинде өскөнү байкалган. Изилдөөчүлөр узаруу (элонгация) жана уруктун көктөшүнө көмөкчү болгон «гибберелл кислотасы» аттуу өсүмдүк гормону «угуу» кызматын да аткарат деп болжошууда.47
Бул жерде бир нерсени унутпаш керек. Өсүмдүктөрдүн мээси же нерв системасы жок. Башкача айтканда, бир адам бир нерсеге тийгенде, аны көргөндө же даамын татканда нерв системасында жана анын борбору мээде белгилүү кабарлашуулар жана буйруктар сериясы кызмат аткарат. Эс-тутум, аң-сезим сыяктуу элементтердин да ишке кириши менен аң-сезимдүү кыймыл-аракет үчүн чечим алынат. Ал эми өсүмдүктөрдө болсо нерв системасы, мээ, аң-сезим жана эс-тутум жок. Бирок ошого карабастан, өтө аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди жасашат. Көрүп жаткандай болуп белгилүү тарапка бурулушат, тийген нерсесин сезгендей болуп өздөрүнө эң ыңгайлуу жерди аныктай алышат же даамын сезгендей болуп топурактагы көптөгөн заттардын арасынан өздөрүнө керектүүлөрүн тандай алышат. Белгилүү максатты көздөгөнү көрүнүп турган мындай кыймыл-аракеттердин артындагы акыл, албетте, аларга эмес, аларды бийик акыл менен жараткан Аллахка тиешелүү.


Акылдуу коргонуу системасы


Өсүмдүктөр өздөрүн коргонуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушат. Механикалык коргонууда тикен, кабык сыяктуу элементтерди колдонушса, бул курал-жарактар жардам бербеген душмандарга карата башка ыкмаларды пайдаланышат. Өсүмдүктөрдүн мындай жагдайларда колдонуу үчүн өндүргөн уулуу же даамы жаман химиялык курал-жарактары бар. Мунун эң жакшы мисалы – бул чалкандардын коргонуу системасы. Ацетилхолин жана гистамин аттуу химикаттар кереметтүү бир механизм аркылуу «инъекция түкчөлөрүндө» бириктирилип, өсүмдүктүн ичинде стратегиялык жерлерге жайгаштырылган. Бул өсүмдүктөргө тийгенде химикаттар активдешип, жан сыздата турган суюктукту куюшат.48


3000 түрдүү өсүмдүк бүлөсүндө 10000ден ашуун алкалоид деп аталган уу түрлөрү аныкталган. Өзүнүн тар тулку боюнда бул химикаттарды сактап коюу ыңгайсыз болгондуктан, көп өсүмдүктөр алкалоид, фенол жана терпен сыяктуу химикаттарды керек болгондо гана өндүрүшөт. Таасири өтө күчтүү болгон бул химикаттардан дофамин, серотонин жана ацетилхолин түзүлүшү жагынан адамдын борбордук нерв системасындагы нерв ташыгычтарына абдан окшошот. Ооруларда, операцияларда ооруну басаңдатуучу дарылардын көпчүлүгү ушул заттардан өндүрүлөт.49
Бир химия инженеринин же бир фармацевттин кээ бир химикаттарды аралаштырып, башка химиялык заттарды же дарыларды өндүрүшү адамдарды таң калтырбайт. Себеби адамдын акылы, аң-сезими жана илим-билими бар. Болгондо да, муну жасай алуу үчүн көп жылдар бою химия же фармацевтика тармагында билим алган. Ошондой эле, көптөгөн техникалык жабдыктары бар бир химия лабораториясы да кызматында болот. Бирок көбүнчө жанынан өтүп баратканыбызда көп көңүлүбүздү бурбаган, жашыл, топурактан чыккан бир өсүмдүктүн өзүнүн ичинде, сырттан эч кийлигишүүсүз, өз эрки жана чечими менен химиялык заттарды өндүрүшү, албетте, таң калаарлык бир кубулуш. Болгондо да, ар бир өсүмдүк өзүнүн түзүлүшүнө жана колдонушуна ыңгайлуу бир химикатты керек учурда, зарыл болгондо гана өндүрүүдө. Өсүмдүктүн бул иш-аракетинде акыл, аң-сезим, эрк, заматта чечим алып, ишке ашыруу, илим-билим, жана технология бар. Жана өсүмдүктөр муну али жер бетинде адам да, химик да, технология да болбогон доорлордон бери, миллиарддаган жылдан бери жасап келе жатышат. Бир өсүмдүккө, топурактан чыккан кандайдыр бир чөпкө мындай жөндөмдөрдү берип, аны мындай кереметтүү касиеттер менен кайсы күч жабдыган? Өсүмдүктөр жөнүндө алган маалыматтарыбыздын баары бизге Аллахтын бар экенин, кудуретин жана чексиз акылын көрсөтүүдө. Жана адамзат Аллах чексиз илими менен жараткан бул жандыктар жөнүндө дагы эле жаңы маалыматтарды алууну улантууда.
Жакында эле изилдөөчүлөр өсүмдүктүн башка бөлүктөрүнө жардам сигналын жеткирүү кызматын аткарган «жасмонаттар» аттуу жаңы бир химикат тобун аныкташты. Бул сигнал жеткирүү системасы сүт эмүүчүлөрдүкүнө окшош абалда иштөөдө: бир аймак жабыркаганда, дененин башка бөлүктөрүндө ар кандай реакцияларды активдештирүүчү химикаттар өндүрүлүп баштайт.50 Мисалы, өзүн өтө уулуу никотин менен коргогон тамеки өсүмдүгүнө чабуул жасалганда, «жасмон кислотасы» аттуу кабарчы зат өндүрүлүп баштайт. Же бир курт бир жалбыракты жеп баштаганда, жалбырак тамырды көздөй барып, никотиндин өндүрүшүн баштата турган «жасмон кислотасын» көбүрөөк өндүрөт. Өндүрүлгөн никотин жалбырактын алдыңкы тарабына кайра жөнөтүлөт жана бул химикат аябай көбөйүп кеткени үчүн эң өжөр чабуулчулар да артка кайтканга мажбур болушат. Кээ бир жалбырактар ар 1 грамм жалбырак тканына 120 миллиграмм никотин туура келгенге чейин өндүрүш жасашы мүмкүн. Бул 100 даана фильтрсиз чылымдагы никотинден да көбүрөөк.51
Кээ бир өсүмдүктөр курттун чыгарган секрецияларын даамдап, кайсы курттун жеп жатканын түшүнөт жана курттун түрүнө жараша реакция көрсөтөт. Жүгөрү, пахта жана кызылчанын жалбырактары күбө курттарына (Spodoptera exigua) каршы сырттан жардам чакырышат. Булар чыгарган «жардам сигналы» бийик бир акыл жана илимдин чыгармасы. Жалбырактар курт чыгарган секрециядагы волицин аттуу затты сезгенде, индол жана терпен деп аталган учуучу аралашмаларды чыгарышат; абага чыккан бул жыттар мите курттарды жей турган жапайы аарыларды (Cotesia marginiventris) жалбыракка тартат. Же бир жалбырак жабыркаганда коргонуу гендери өндүргөн «метил жасмонат» аттуу затты чыгарат, кошуна жалбырактар болсо бул затты жыттап курттардын чабуулун токтото турган же аңчыларды чакыра турган башка химикаттарды чыгарып башташат. Мисалы, фасольдун кандайдыр бир жалбырагы жараат алганда, (Vicia faba) кошуна жалбырактар жалбырак биттери менен азыктануучу аңчы чымын-чиркейлерди тарта турган кошулмаларды чыгарып башташат. Ошентип сырттан жардам чакыруу аркылуу душмандарынан кутулушат.52
Бул жерде кээ бир суроолор туулат. Бир өсүмдүк кантип курт сыяктуу кээ бир зыяндуу жандыктардын жалбырактарын жеп жатканын түшүнөт? Миңдеген химиялык кошулмалардын (кошунду) арасынан бул курттардын же башка өсүмдүктөрдүн чыгарган секрецияларын кантип айырмалай алат? Бул курттарды жок кыла турган башка жандыктар бар экенин жана аларды белгилүү жыттардын өзүнө тартаарын, ал жыттарды кантип жана кандай өлчөмдө өндүрүү керек экенин, шамал менен абага аралашып ал чымын-чиркейлердин жыт сезүү органына жетээрин кайдан билет? Мындан тышкары, жардамга чакырган чымын-чиркейлердин анын өзүнө зыян тийгизбешин кайдан билет? Бул суроолордун ар бири жөнүндө ойлонуу керек. Болгондо да, бул жандыктар биринчи жаратылган күнүнөн бери, миллиондогон жылдар бою бул коргонуу системасын эч кемчиликсиз колдонуп келүүдө. Албетте, өсүмдүктүн мынчалык татаал процессти тартиптүү жана кемчиликсиз кылып уюштура турган, эсептеп, пландай турган жана керектүү химикаттарды өндүрө турган аң-сезими, акылы жана илим-билими жок. Бир өсүмдүк куртту да, аны жей турган чымын-чиркейди да тааныбайт. Ал тургай, жыттын эмнелигин түшүнө турган акылы да жок. Өсүмдүктө билүү, түшүнүү, таануу сыяктуу аң-сезимге тиешелүү өзгөчөлүктөрдүн жок экени да анык. Бүт мындай өзгөчөлүктөр өсүмдүккө берилип, өсүмдүк менен бирге долбоорлонгон. Бүт бул долбоордун ээси болсо – жердин, асмандын жана экөөсүнүн арасындагы бүт нерселердин Рабби Аллах.



Жалбырактардын кызыктуу кыймыл-аракеттери


Мурдакы бөлүмдө айтылгандай, өсүмдүктөр тирүү бир адам сыяктуу көргөн, сезген, даам таткан системалар менен жабдылган. Бул сезүү системаларын бир-бирден караганда баарынын кемчиликсиз долбоорлор менен жаратылганын көрөбүз. Өсүмдүктөрдөгү бул системалардын натыйжасында келип чыккан ар кандай кыймыл-аракет, чоңоюу жана коргонуу механизмдери болсо кабылдоо (сезүү) системалары сыяктуу маанилүү жаратуу далилдерин көз алдыга тартуулайт.
Тамырлары менен топуракка байланып турган өсүмдүктөр балким бир жерге бара алышпайт чыгаар, бирок анчалык деле кыймылсыз болушпайт. Өсүмдүктүн ичиндеги алигече толук чечмелене албаган механизмдер өсүмдүктүн муктаждыкка жараша жооп беришине шарт түзөт. Өсүмдүктөр көзсүз көргөн, колсуз кармаган бир жандык сымал күндүн нуруна, сууга, азыкка жетүү үчүн кызыктуу кыймыл-аракеттерди жасашат. Ар бир кыймыл-аракеттин артында бир система жана долбоор турат. Өсүмдүк эң жакшы өсүшү үчүн долбоорлонгон бул системаларды контрольдоочу атайын ферменттер, гормондор жана өзгөчө тканьдар бар.
Өсүмдүктөрдү кыймылдатуучу эң негизги факторлордун бири – бул нурду сезүү касиети. Өсүмдүктөрдүн бүчүрлөрүндөгү күндүн нурун сезүү касиети же фототропизм (жарыкка бурулуу) деп аталган көмөкчү система негизинен адам көзүнүн нурду сезүү касиетине окшошот. Бүт сезүү системаларындагы сыяктуу, эң биринчи стимулдоочуну, б.а. нурду кабылдоо процесси жүрөт. Күндүн нурун кабылдоонун бир гана жолу бар: бул нурдун пигмент деп аталган химиялык материалдар тарабынан жутулушу. Жутуу процессинде алынган энергия андан соң башка системаларды иштетүүдө колдонула турган химиялык энергияга айландырылат. Өсүмдүктүн бүчүрүнүн ичиндеги нурду сезүүчү көмөкчү система эки этаптан турат: биринчи этаптагы механизмдер нур стимулдоочусун алып, аны электрдик жана химиялык сигналдарга айландырат. Экинчи, б.а. жооп механизми деп аталган этапта болсо бутактын чоңоюшуна керектүү системалар ишке киришет жана натыйжада өсүмдүк нурду көздөй багыт алат.53


Өсүмдүктөрдүн кыймылдары:


Өсүмдүктөр ар кандай шартта ар кандай кыймылдашат. Бүт кыймылдар ауксин, гиббереллин, цитокинин сыяктуу гормондор тарабынан башкарылат. Бирок бул заттардын кантип иштээри алигече толук белгилүү боло элек. Өсүмдүктөрдүн кыймылдары негизинен төмөнкүлөрдөн турат:
Багытталуу (тропизм): күндүн нуру, жердин тартылуу күчү, тийүү жана суу сыяктуу факторлордун негизинде келип чыккан өсүү.
Ийилүү: өсүмдүктүн органдарында, жалбырактарында же гүлдөрдө болот. Күндүн кыймылдары, күндүн узактыгы жана тийүүдөн келип чыккан шишүү (тургор) басымынын натыйжасындагы бир кыймыл.
Морфогенетикалык жооптор: күндүн узактыгына карата өсүмдүктүн тканында келип чыккан өзгөрүүлөр.
Фотопериодизм: күндүн нурунун абалына, күндүз же түн болгонуна жараша өсүмдүктөгү өзгөрүүлөр.54
Геотропизм: өсүмдүктүн негизги тамырынын төмөн көздөй жердин тартылуу күчү багытында кыймылдашы.
Тигмотропизм: өсүмдүктөрдүн тийүүгө болгон жообу. Жогоруда терең каралгандай, өсүмдүктөр сырттан келген таасирлерге электрдик жана химиялык реакция көрсөтүшөт. Ошондой эле, аларга тийген тирөөчтөргө оролуп башташат. Кумар гүлү (Passionflower) сыяктуу чырмоок өсүмдүктөр буга мисал боло алат.55
Гидротропизм: өсүмдүк тамырларынын суу булагын көздөй кыймылдашы. Суу аз болгон топурактарда өсүмдүктүн тамырлары бургулоочу (көзөөчү) машинадай болуп суу табуу үчүн топурактын астыңкы катмарларын көздөй өсөт.56

Топуракка тигилген бир өсүмдүктүн ар бир органынын муктаждыгына жараша ар кайсы багытта кыймылдашы өтө кызыктуу бир кубулуш. Илимпоздор алигече өсүмдүктүн органдарынын «кайсы чечимдин негизинде» ар кайсы багытта кыймылдашын түшүнүшө элек. Мисалы, өсүмдүктүн топурактын бетинде калган бөлүгү күндүн нурун көздөй жөнөйт. Өсүмдүктүн негизги тамыры болсо, жогоруда да айтылгандай, жердин тартылуу күчүнүн таасири менен төмөн көздөй өсөт. Өсүндүлөр болсо жердин тартылуу күчүнө терс багытта, жогору көздөй өсүшөт. Өсүмдүктүн ичинде бир магниттин эки учундай болгон бир уюлдашуу бардай.57 Өсүмдүктүн эң кичине бөлүкчөсүндө дагы бул уюлдашуунун таасири жана кайсы бөлүк кайсы тарапты көздөй өсөөрү жөнүндөгү маалымат болот. Мисалы, сиз бир бутакты тескерисинен тиксеңиз да, тигил башынан бүчүр чыгып баштайт.58 Башкача айтканда, өсүмдүктүн урук бөлүгү төмөн көздөй жөнөсө, бүчүрлөр дайыма тескери багытта, жогору көздөй өсөт. Эгер өсүмдүктүн жогору көздөй өсүүчү бүчүр бөлүгүн ылдый каратып, тескерисинен тиксеңиз, дарак тамыр жайбайт. Бүт өсүмдүктөргө тиешелүү болгон мындай уюлдашуу эрежеси өсүмдүктөр биринчи жаратылган күнүнөн бери эч катасыз өсүмдүктөрдүн өсүү багытын аныктап келүүдө. Бирок өсүмдүктүн ичинде чечим ала турган кандайдыр бир борбор жок. Же өсүмдүктүн ичиндеги кээ бир атомдор акылдуураак же илимдүүрөөк болгону үчүн башка атомдорду башкарышпайт. Эч бир атом кайсы багытта өсөөрү жөнүндө барып бир башчыдан маалымат же буйрук албайт. Кээ бир клеткалар жалбырак, кээ бирлери гүл, кээ бирлери бутакка айланган сыяктуу, кайсы багытта өсөөрү да алдын ала белгиленген бир тартиптин негизинде жүрөт. Ошондуктан бир өсүмдүктү дүйнөнүн кайсы тарабына тикпейли, бирдей форма жана даамды берет. Ар бир өсүмдүк биринчи жаратылган күнүнөн бери аны жараткан Аллахтын илхам кылган эрежелерине баш ийүүдө.


Өсүмдүктөрдүн кыймылы дагы, башка бүт касиеттери сыяктуу, алар үчүн эң идеалдуу долбоорлонгон механизмдер аркылуу ишке ашат. Бул механизмдерди өсүмдүктү түзгөн аң-сезими жок атомдордун иштеп чыга албашы анык. Эч бир атом ой жүгүртүп, өсүмдүктүн тамырлары сууну көздөй, өсүмдүктүн бүчүрлөрү болсо күн нурун көздөй өсүшү керек деп чече албайт. 21-кылымда илимпоздор да кантип иштээрин жаңы эле түшүнүп келе жаткан бул системалар миллиондогон жылдан бери өз кызматын ар бир өсүмдүктө эч катасыз Аллахтын жаратуусуна ылайык орундатып келүүдө.




Шишүү (тургор) кыймылдары



Шишүү басымы өсүмдүктүн ичинде чогулган суунун клетканын капталына болгон басымынын натыйжасында келип чыгат. Бул суу басымы бир булчуң таасирин пайда кылып, өсүмдүктүн тик жана болпойгон болушуна шарт түзөт. Суу куюлбаган гүлдөрдүн бырышып ийилип башташынын себеби ушунда. Белгилүү бир сигналдын негизинде келип чыккан кээ бир өсүмдүк кыймылдары жалбырактагы ушул тургор (шишүү) басымынын жоголушу натыйжасында болот. Мындай өсүмдүктөр өтө ылдам соолушат. Бир нерсе тийгенде бүт жалбырак бир заматта шалпайып калат. Бир жалбырак бүгүлгөндө, сигнал бүт жалбырактар бүгүлгөнгө чейин бүт өсүмдүктү кыдырып чыгат. Бул механизмде электрдик жана химиялык процесстер бирдей ишке ашат. Жалбыракчалардын астында «пульвинус» аттуу жаздыкка окшош түркүкчөлөр болот. Бир жалбыракка тийүү, жылуулук же шамал сыяктуу бир сигнал келгенде, калий иондору бир пульвинустан экинчисине өткөн чынжыр реакция башталат. Бул болсо пульвинустун бир бөлүгүндөгү «паренхима» клеткаларындагы суу молекулаларынын экинчи жарымын көздөй ыкчам бир кыймылды башташына себеп болот. Бул кыймыл суунун шишүү басымынын жоголушуна жана натыйжада бүт жалбырактын ийилишине алып келет. Бул процесстердин баары бир канча секунданын ичинде болуп өтөт.59
Мындай басым өзгөрүшү кээ бир эт жегич өсүмдүктөр курган тузактын жабылуу системасында да колдонулат.60 Адам денесиндеги булчуңдар канчалык маанилүү кызмат аткарса, өсүмдүктөрдө бул басым өтө маанилүү кызмат аткарат. Бийиктиги бир канча метрге жеткен дарактардын эң чокусундагы жалбырактарга өсүмдүктөгү атайын каналдар аркылуу таң калыштуу бир механизм менен чыгарылган суу өзүнө тиешелүү боштуктарды толтурат. Жалбырак мом сыяктуу ткань менен капталгандыктан жана тешикчелери белгилүү өлчөмдөгү басымда гана ачылгандыктан, эч аба өткөрбөгөн бир шар сыяктуу шишийт. Адам денесинде сансыз ткань, нерв жана талчалардын негизинде долбоорлонгон булчуң системасы өсүмдүктө суунун басымына жараша дизайн кылынган органдардын негизинде долбоорлонгон. Сууну тамырдан али толук белгисиз, бирок суу насосуна окшогон бир система аркылуу соруучу талчалар, сууну өсүмдүктүн бүт тарабына жеткирүүчү түтүктөр, абадагы жана топурактагы нымдуулук деңгээлинин ыңгайлуулугу, жалбыракта сууну сактап коюучу же фотосинтез үчүн колдонуучу органдар таң калаарлык бир долбоордун бөлүктөрүн түзүшөт.


Бул система алгачкы жаратылган өсүмдүктөн бери дал ушундай иштеп келүүдө. Бул системанын бир эле органы болбосо, өсүмдүк жашай албайт. Ошондуктан эч бир өсүмдүктүн эволюционисттер айткандай этап этап эволюциялашып пайда болушу мүмкүн эмес. Бул маалыматтардын баары өсүмдүктөрдүн бүт бөлүктөрү, түзүлүштөрү жана клеткалары менен бирге, бүтүн бойдон долбоорлонуп, жаратылганын көрсөтөт.


Өсүмдүктүн ичиндеги байланыш


Жакынкы убактарда бир дарактын бутактары арасында мурда байкалбаган бир байланыш бар экени ботаниктердин көңүлүн бурду. Мисалы, бир кызыл карагайдын эң үстүңкү тарабы кесилгенде, астындагы бутактардын кесилген бөлүктү толуктоо үчүн жогору көздөй ийилгени жана бир канча өсүү периодунда жогору көздөй өскөнү байкалган. Мурда капталдагы бутактар болгон бул бөлүктөр дарактын үстүңкү бөлүгүн түзүү үчүн бутактардын биринин көбүрөөк өсүшүнө мүмкүнчүлүк берип, калгандары четти көздөй жылышат. Тандалган бутак өзүнүн бул үчүн тандалганын билгендей болуп, бутактардын ортосун, б.а. борборун ээлеп баштайт. Башка бутактар бул бутактын дарактын учун түзүү үчүн тандалганын кайдан билишет? Кайсы бутактын кантип тандалаары жана башкаларынын бул тандоого эмне үчүн жана кантип моюн сунаары илимпоздорду дагы эле ойго салууда. Бирок бутактардын арасында алар түшүнө албаган бир байланыш бар экени жөнүндө эч күмөн санашпоодо.61
Негизи бутактардын арасында эле эмес, бүт организмде бир байланыш (ортоктук) бар. Дагы бир мисал – бул дарактардын ичинде иштердин бөлүштүрүлүшү. Мажүрүм тал сыяктуу белгилүү дарактардын бутактарынын кандайдыр бирөөсүн жазында кесип, нымдуу топуракка тиксеңиз, тамыр жайып, көгөрөт. Бул бир организм эле эмес, ошол эле учурда бир уюштуруу. Тамырлардын кайсы тараптан чыгарылаарын, бүчүрдүн кайсы аймактан чыгып башташын өсүмдүк клеткалары билгендей болушат. Дарактын кичинекей бир бөлүгү дагы даракка тиешелүү бүт маалыматтарды билгендей кыймыл-аракет жасайт.
Өсүмдүктөр жөнүндө жасалган изилдөөлөр өтө маанилүү бир кереметти көрсөттү. Аң-сезими жок өсүмдүктөрдүн аң-сезими жок клеткаларынын арасында бир байланыш системасы курулган. Адам жана жаныбарлардын клеткалары сыяктуу, өсүмдүк клеткалары да бири-бири менен байланыш түзүшөт жана чогуулай иш-аракет жүргүзүшөт.


Гормондор


Гормон жандыктарда жашоо үчүн керектүү системаларды жөнгө салуучу бир белок болуп саналат. Өсүмдүк клеткаларында да ар кандай гормондор чыгарылат. Ал гормондор өсүмдүктүн жакшы же жаман шарттарда эмне кылышы керек экенин аныктоо үчүн жаратылган кереметтүү молекулалар.
Мисалы, жаңы бүчүрлөр жакшы шартта, бирок тамыр жаман шартта болсо (күн нуру жакшы, бирок суу аз болгон чөйрө), өсүмдүк күчтүүрөөк жана көбүрөөк тамырга муктаж дегенди билдирет. Өсүмдүктүн ичине ушунчалык кемчиликсиз бир система орнотулгандыктан, керектүү чаралар эч кечиктирилбей алынат. Өсүмдүк клеткалары «ауксин» аттуу бир гормонду көбүрөөк чыгарып башташат. Бул гормон тамыр клеткаларына жетет жана ал клеткаларга бөлүнүп, көбөйгүлө деген буйрукту берет. Ошентип жаңы тамырлар чыгарылат.62
Бул маалыматтардан төмөнкүдөй суроолор туулат. Ауксин гормонун чыгарган клеткалар өсүмдүктүн топурактын астында тамырлары бар экенин жана ал тамырлар өсүшү керек экенин кайдан билишет? Ал тамырларды өстүрө турган химиялык формулаларды кайдан үйрөнүшкөн? Тамырдагы клеткалар эмне үчүн бул гормондун буйругун аткарышат?
Аң-сезими жок өсүмдүк клеткаларынын бири-бири менен байланыш курушу ойлонгон адамдар үчүн өтө улуу бир жаратуу керемети.
Гормондор өсүмдүктүн ичинде заводду башкарган бир жооптуу башкармадай кызмат кылышат. «Кант каерден каерге жеткирилет? Кайсы жалбырак улгайып түшөт, кайсы жалбырак азыктанат? Бутактар дагы канча өсөт? Гүл ачууга убакыт келдиби?» деген сыяктуу маселелерди ушул көзгө көрүнбөгөн жандыктар өтө кылдаттык менен чечишет.
Бутактардын өсүшүн башкарган гиббереллин аттуу гормон дагы 50 түрү менен маанилүү гормондордун катарына кирет. Цитокинин аттуу гормон болсо ауксинден бир топ алыс аймакка таасир берет. Ауксин гормону тамырларга таасир берсе, цитокинин өсүмдүктүн гүл бүчүрлөрүнө таасир берет. Гүл бүчүрүнүн формасын да ушул гормон аныктайт деп кабыл алынат.63 Бул жерде кайра ойлонуу керек. Аң-сезими жок өсүмдүк клеткалары чыгарган аң-сезими жок бир молекула сансыз терең максаттар менен жаратылган гүл бүчүрлөрүнүн өнүү процессине жооптуу деп кабыл алынууда.
Бүт фотосинтез этаптарын дагы башкарган бул гормондордун эң таң калыштуу касиети болсо – бул алардын борбордук бир система тарабынан башкарылбаганына карабастан, бир жерден буйрук алгандай болуп акылдуу жана аң-сезимдүү иш-аракет жүргүзүшү.


Ауксин аттуу керемет


Топуракка ташталган кичинекей бир урук бир канча жылда бир көчөткө, белгилүү убакыттан кийин адам менен тең бир даракка, ондогон жылдан кийин чоң бир чынарга айланат. Өсүмдүктү чоңойткон жана ошол эле учурда бирдей катышта, кооз кылып өстүргөн эмне?
Аң-сезими жок бир өсүмдүктү чоңойтуу милдети дагы бир аң-сезими жок жандыкка, «ауксин» гормонуна берилген. Ошондуктан ауксин өсүмдүктүн өсүп жаткан аймактарында көбүрөөк болот. Ауксин гормону таң калаарлык акылмандык көрсөтөт. Ауксин бутактарды жердин тартылуу күчүнө карама-каршы жогору, күн нурун көздөй (фототропизм); тамырларды болсо жердин тартылуу күчү багытында төмөн көздөй өстүрөт. Клетканын бөлүнүшү, клеткалардын белгилүү иштерге жараша бөлүнүшү жана ар түрдүү болушу, мөмөнүн жетилиши, кесик чекиттерден тамырдын пайда болушу жана жалбырактын төгүлүшү ушул гормондун жоопкерчилигинде. Өсүмдүктүн чоңоюшунда жана жетилишинде көп жагынан негизги ролду ойногон ауксин гормону сырдуу түзүлүшү менен изилдөөчүлөрдүн көңүл борборун ээлеп келүүдө.

Өсүмдүктүн чоңоюшунда бир чечим алуу борборундай иштеген, өсүмдүктүн кайсы багытта, канчалык чоңоюшун контрольдогон бул гормонду эмне контрольдойт деген суроонун жообун издеген илимпоздор чечилбес бир маселеге туш болушкан. Дагы бир суроо болсо – бул «эмне үчүн өсүмдүктүн бүт бөлүктөрү бул заттын сөзүн угат» деген суроо. Негизи өсүмдүктүн ичиндеги, дисциплиналуу бир армияда гана кездеше турган, мындай кемчиликсиз чечим алуу жана чечимди аткаруу механизми бир гана чындыкты далилдейт. Өсүмдүк дагы, башка жандыктар сыяктуу, жалбырагынан тамырларына чейин Жаратуучусуна моюн сунат. Куранда бул чындык төмөнкүчө кабар берилет:

... Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт).» (Худ Сүрөсү, 56)


Асмандардагы жана жердегилердин баары, кааласа да каалабаса да, Аллахка сажда кылат. Эрте менен, кечинде көлөкөлөрү да (Ага сажда кылат). (Рад Сүрөсү, 15)


Булактар;

32 Paul Simons, "The Secret Feelin of Plant", New Scientist, vol 136, sayı 1843, 17 Ekim1992, s.29
33 http://www.rrz.uni-hamburg.de/biologie/b_online/e05/05a.htm
34 http://www.rrz.uni-hamburg.de/biologie/b_online/e32/32f.htm#aba
35 http://botany.about.com/science/botany/library/weekly/aa020498b.htm
36 Kingsley R. Stern, Introductory Plant  Biology, Wm.C.Brown Publishers, USA, 1991, s.55
37 Sylvia S. Mader, Inquiry into Life, Wm. C. Brown Publishers,USA, 1991, s.158-159
38 http://microscopy.fsu.edu/cells/plants/vacuole.html
39 http://www.rrz.uni-hamburg.de/biologie/b_online/ibc99/ibc/abstracts/listen/abstracts/4069.html, http://www.botany.hawaii.edu/faculty/webb/BOT201/Tmispteris/telome1.htm
40 http://www.ucmp.berkeley.edu/plants/lycophyta/lycomm.html
41 Bilim ve Teknik, Bitkilerin Duyuları, Haziran 2000, s.71
42 Paul Simons, "The Secret Feeling of Plant", New Scientist, vol 136 sayı 1843, 17 Ekim 1992, s. 29
http://www.rrz.uni-hamburg.de/biologie/b_online/e30/30b.htm
43 http://www.biology.leeds.ac.uk/centres/LIBA/cps/zhang.htm
44 http://www.esb.utexas.edu/roux/
45 http://www.rrz.uni-hamburg.de/biologie/b_online/e32/32d.htm
46 http://www3.telus.net/Chad/pulvinus.htm
47 "Sensitive Flower", New Scientist, 26 Eylül 1998, s.24
48 Dr. Sara Akdik, Botanik, Şirketi Mürettibiye Basımevi, İstanbul, 1961, s.13
49 http://waynesword.palomar.edu/ww0703.htm
50 New Scientist, "Pest leave lasting impression on plant", 4 Mart 1995, s.13
51 New Scientist, "Pest leave lasting impression on plant", 4 Mart 1995, s.13
52 Bilim ve Teknik, "Bitkilerin Duyuları", Haziran 2000, s.74-75
53 Malcolm Wilkins, Plantwatching, Facts on File Publications, 1988, s.75-77
54 Kingsley R. Stern, Introductory Plant  Biology, Wm.C.Brown Publishers, USA, 1991, s. 189-190
55 http://gened.emc.maricopa.edu/bio/bio181/BIOBK/BioBookPLANTHORM.html
56 http://www.geocities.com/CapeCanaveral/Hall/1244/colaborationstropism.htm
57 Kingsley R. Stern, Introductory Plant  Biology, Wm.C.Brown Publishers, USA, 1991, s.190
58 http://www.rrz.uni-hamburg.de/biologie/b_online/e32/32c.htm
59 http://waynesword.palomar.edu/carnivor.htm;
Wallace, Sanders , Ferl, Biology The Science of Life, Harper Collins, USA, 1996, sf. 640-641, 660
60 http://waynesword.palomar.edu/carnivor.htm
61 http://www.ultranet.com/~jkimball/BiologyPages/A/Auxin.html
62 http://gened.emc.maricopa.edu/bio/bio181/BIOBK/BioBookPLANTHORM.html; Malcolm Wilkins, Plantwatching, Facts  on File Publications, 1988, s.167-169
63 Malcolm Wilkins, Plantwatching, Facts on File Publications, 1988, s.172-173

Комментариев нет:

Отправить комментарий