понедельник, 18 мая 2015 г.

ФОТОСИНТЕЗ: ЭВОЛЮЦИЯНЫН «КОКУСТУК» КӨЗ-КАРАШЫН ЖОККО ЧЫГАРУУЧУ ПРОЦЕСС


Белгилүү болгондой, эволюция теориясы жандыктарды жана жандыктардагы кемчиликсиз татаал түзүлүш жана системаларды өзүнөн-өзү, табигый шарттардын астында, кокустан пайда болгон дейт. Бирок бул жерге чейин айтылгандардан апачык көрүнүп тургандай, жандыктардын денелери мындай турсун, бир өсүмдүктүн бир жалбырагындагы фотосинтез системалары дагы өтө татаал бир долбоорго ээ. Ошондуктан эволюция теориясы айткандай, булардын кокустан, өзүнөн-өзү келип чыгышы мүмкүн эмес.
Бүт бул апачык чындыктарга карабастан, дагы эле эволюция теориясын жактап келе жаткандар үчүн суроолорду узатып, бул системанын кокустан пайда боло албашын дагы бир жолу көрөлү. Микроскопиялык аянттын ичине курулган бул теңдешсиз механизмдин планын (долбоорун) ким түзгөн? Албетте, бул суроо менен чогуу узатыла турган дагы бир суроо бар: мындай системаны аң-сезими жок өсүмдүк клеткалары пландаган, б.а. өсүмдүктөр ойлонуп план түзүшкөн деп кабыл алсак болобу? Албетте, муну кабыл ала албайбыз. Себеби өсүмдүк клеткалары план түзүп, акыл жүгүртө албайт. Клетканын ичиндеги кемчиликсиз системаны клетканын өзү жасаган эмес. Андай болсо бул система ойлоно алган жападан жалгыз жандык болгон адамдын акылынан келип чыкканбы? Жок, андай эмес. Миллиметрдин миңден бириндей көлөмдөгү бир жерге дүйнө жүзүндөгү эң комплекстүү заводду курган адамдар дагы эмес. Ал тургай, адамдар бул микроскопиялык заводдун ичинде болуп жаткан процесстерге байкоо да жүргүзө алышпайт.
Эволюция теориясы бүт жандыктар этап этап өрчүгөн, жөнөкөйдөн татаалды көздөй өнүккөн дейт. Фотосинтез системасынын бөлүктөрүн (тетиктерин) белгилүү бир сан менен чектегенге болот деп кабыл алып, бул көз-караштын тууралыгы жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Мисалы, фотосинтез процесси ишке ашышы үчүн керектүү бөлүктөрдүн санын 100 деп кабыл алалы (чындыгында бул сан алда канча жогору). Эми бул 100 бөлүктүн –мындай нерсе иш жүзүндө эч мүмкүн эмес болсо да- бир-эки даанасы эволюционисттер айткандай, кокустан, өзүнөн-өзү пайда болду дейли. Анда калган бөлүктөр пайда болушу үчүн миллиардаган жыл күтүү керек болот. Пайда болгон бөлүктөр чогуу болсо дагы, башка бөлүктөр болбогону үчүн эч бир ишке жарабайт. Бир даанасы эле болбосо, калгандары ишке жарабай калган бул системанын эч бир ишке жарабай, калган бөлүктөрдүн пайда болушун күтүп отуруу мүмкүнчүлүгү болбойт. Ошондуктан жандыктардын башка бүт системалары сыяктуу, татаал бир система болгон фотосинтездин да эволюция айткандай, убакыттын өтүшү менен, кокустан, акырындап пайда болгон бөлүктөрдүн чогулушунан келип чыгышы акыл жана логикага эч туура келбейт.
Бул көз-караштын чарасыздыгын фотосинтез процессинде ишке ашкан кээ бир этаптарды кыскача эстөө аркылуу көрө алабыз. Эң башта, фотосинтез процесси ишке ашышы үчүн бүт ферменттердин жана системалардын бир учурда өсүмдүк клеткасында болушу шарт. Ар бир процесстин мөөнөтү жана ферменттердин саны бир жолкуда, эч катасыз аныкталышы керек. Себеби реакциялардагы кичинекей эле кемчилик, мисалы, процесстин мөөнөтүнүн, реакцияга кирген температура же чийки заттын көлөмүнүн кичинеге эле өзгөрүшү реакциянын чыга турган продукцияларды бузуп, пайдасыз кылып койот. Бул саналгандардын бирөөсү эле болбосо система толугу менен ишке жараксыз болуп калат.
Ошондуктан мындай ишке жараксыз бөлүктөр система толук пайда болгонго чейин кантип жок болбой турушкан деген суроо туулат. Мындан тышкары, көлөм кичирейген сайын талап кылынган акыл жана инженериянын сапатынын да өсөөрү белгилүү. Бир механизмдин көлөмүнүн кичирейиши бизге ал түзүлүштө колдонулган технологиянын күчүн көрсөтөт. Азыркы камералар менен көп жылдар мурда колдонулган камераларды салыштырганда, бул чындыкты жакшыраак түшүнөбүз. Бул чындык жалбырактардагы кемчиликсиз түзүлүштүн маанисин ан сайын арттырат. Адамдар чоң заводдордо да жасай албаган фотосинтез процессин өсүмдүктөр кантип ушундай микроскопиялык заводдордо, болгондо да миллиондогон жылдан бери жасап келе жатышат?
Мына ушул сыяктуу суроолорго эволюционисттер эч качан логикалуу бир жооп айта алышпайт. Анткен менен, ар кандай сценарийлерди ойлоп чыгарышат. Ал сценарийлерде теманы демагогиялар жана баш айландыруучу термин жана сөздөр менен татаалдаштыруу тактикасын колдонушат. Мүмкүн болушунча татаал терминдерди колдонуп бүт жандыктарда апачык көрүнүп турган чындыкты, «Жаратылуу чындыгын» жаап-жашырууга аракет кылышат. Эмне үчүн жана кантип деген сыяктуу суроолорго жооп берүүнүн ордуна тема жөнүндө терең маалыматтарды жана илимий түшүнүктөрдү тизмектеп, анан аягына бул эволюциянын натыйжасында келип чыккан деп кошуп коюшат.
Бирок, эң фанат эволюционисттер да көбүнчө өсүмдүктөрдөгү кереметтүү системаларга болгон таң калуусун жашыра алышпайт. Буга Түркиянын эволюционист профессорлорунан Али Демирсойду мисал келтирүүгө болот. Профессор Демирсой фотосинтездеги кереметтүү процесстерге басым жасап, бул комплекстүү система жөнүндө мындай дейт:
Фотосинтез өтө татаал бир кубулуш жана бир клетканын ичиндеги органеллде пайда болушу мүмкүн эместей көрүнүүдө. Себеби бүт баскычтардын бир заматта пайда болушу мүмкүн эмес, бир-бирден пайда болушу болсо маанисиз.85
Фотосинтез процессиндеги мындай кемчиликсиз механизмдер ушул күнгө чейин жашап өткөн бүт өсүмдүк клеткаларында бар. Эң жөнөкөй көрүнгөн бир отоо чөп дагы бул процессти жасай алат. Реакцияга дайыма бирдей өлчөмдө зат кирип, чыккан продукциялар да бирдей. Реакциянын кезеги менен ылдамдыгы да бирдей. Бул фотосинтез жасаган өсүмдүктөрдүн бүт баарына тиешелүү.
Өсүмдүккө акыл жүгүртүү, чечим алуу сыяктуу өзгөчөлүктөрдү таңуулоо, албетте, логикага туура келбейт. Ошондой эле, бүт жашыл өсүмдүктөрдө бар болгон жана кемчиликсиз иштеген бул системаны «бир катар кокустуктар аркылуу пайда болгон» деп айтуу да эч кандай логикага жакындабайт.
Мына ушул жерде апачык бир чындыкты көрөбүз: укмуш комплекстүү бир процесс сыпатындагы фотосинтез акыл менен долбоорлонгон, б.а. Аллах тарабынан жаратылган. Бул механизмдер өсүмдүктөр алгач пайда болгон кезден бери бар. Ушунчалык кичинекей аянтка орнотулган мындай кемчиликсиз системалар бизге аларды долбоорлогон Жаратуучунун күчүн көрсөтөт.


 Балырлар

Балырлар – бул деңизден тузсуз сууга, чөл кумдарынан кайнар булактарга, ал тургай, кар жана муздун астына чейин ар кандай чөйрөдө кездешкен, фотосинтез жасай алган организмдер. Формалары бир клеткалуудан 60 метрге чейин жеткен чоң күрөң балырга (келп) чейин өзгөрөт. Татаал түзүлүшүнөн тышкары, ар кандай көбөйүү формалары жана башка өсүмдүктөр менен орток жашоо формасы менен бүт дүйнөгө тараган балырлар өтө чоң көлөмдө фотосинтез жасап атмосферадагы кычкылтектин көп бөлүгүн камсыздашат.
Эволюционисттик көз-караш боюнча, бир клеткалуу жандыктар көп клеткалуу жандыктардан примитивдүүрөөк болот. Бул болсо алардын ою боюнча, көп клеткалуулардын бир клеткалуулардан эволюциялашканын «далилдейт». Бирок башка эволюционисттик сценарийлер сыяктуу бул көз-караштын дагы илимий негизи жок. Тескерисинче, бир клеткалуулардын кээ бир формалары өтө комплекстүү түзүлүштө болушат. Фотосинтез жасаган балырлар мына ушундай комплекстүү клетка түзүлүшүнө ээ жана атмосферадагы кычкылтектин көп бөлүгүн камсыздаган жандыктар болуп саналат. Бир клеткалуу балырлардын комплекстүү клетка түзүлүшүнөн тышкары, формалары да табияттагы эң кооз геометриялык фигураларды чагылдырат. Куралсыз көзгө көрүнбөгөн бул жандыктардын диаметри орточо 0,5 микрометрге (1 микрометр метрдин миллиондон бири) барабар.86
Көлөмү мынчалык кичине болгону менен, жер жүзүндө өтө көп санда кездешишет. Океандардагы тирүү организмдердин 90%ын түзүшөт. Башка фотосинтез жасаган жандыктар менен (планктон) бирге жылына болжол менен 130 миллион тонна органикалык көмүртек өндүрүп, дүйнөдөгү азык чынжырынын негизин түзүшөт.87 Бул жандыктардын баары дүйнөгө азык жана кычкылтек берүү үчүн иштеген микро-машиналар болуп саналат.
Электрондук микроскоп менен алынган сүрөттөрдө бул жандыктардын көз жоосун алган кооздугу, ар кандай геометриялык формалардан келип чыккан керемет симметриясы баарынын улуу бир Жаратуучунун чыгармасы экенин көрсөтүүдө. Клеткасы окшош 10000 түрдүү бул жандыктардын бири-бирине такыр окшобогон формаларда болушу, ал формалардын кооздук максатын гана көздөшү, клетка бул форманы пайда кылуу үчүн целлюлоза сыяктуу татаал жипчелерден турган кремнеземдуу бир түзүлүштү формага салышы буларды кокустук менен түшүндүрүүгө аракет кылган чөйрөлөрдү чарасыз калтырууда.88 Мындан тышкары, эволюционисттер примитивдүү жана жөнөкөй жандыктар деп сыпаттаган бул жандыктардын клетка капталдарында колдонгон түзүлүштөрүн анализ кылганда, алардын эч жөнөкөй жана примитивдүү эмес экенин көрөбүз. Тканьдарды өндүрүүдө колдонулган органикалык полиамин татаал бир химиялык зат жана көп жандыктар тарабынан колдонулат. Жана бул жандыктар клетка капталдарын жасоодо табияттагы эң узун органикалык полиамин чынжырларын колдонушат.

Эволюционисттер примитивдүү деп атаган бул бир клеткалуулардын комплекстүү түзүлүштөрү муну менен эле чектелбейт. Бул жандыктарда фотосинтез жасоочу татаал хлорофилл пигменттеринен тышкары, алтындай сары түс берүүчү сары «ксантофилл пигменти» да болот. Балыктардагы D витаминдин эң чоң булагы болгон бул бир клеткалуу жандыктар белгилүү бир максат үчүн долбоорлонгон комплекстүү түзүлүштөргө ээ.89 Кокустан пайда болушу мүмкүн болбогон, белгилүү бир максат менен жаратылган бир системанын бөлүгү болуп саналат.

Булактар:

85 Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Ankara, Meteksan Yayınları, s. 80
86 Kingsley R. Stern, Introductory Plant Biology, Wm.C.Brown Publishers, USA, 1991,sf.32
87 http://www.icr.org/pubs/imp/imp-266.htm
88 http://www.personal.psu.edu/ users/t/j/tjk153/diatoms.html;
http://www.icr.org/pubs/imp/imp-266.htm
89 tructure/leafcolor/xanthophylls.html, http://www.icr.org/pubs/imp/imp-266.htm

1 комментарий:

  1. Jammin' Jars Casino Bonus Code - JtmHub
    The Jammin' Jars 서울특별 출장안마 Casino bonus code is JKT100.000. With this code, you can bet up 순천 출장안마 to $50 on any slots or 군포 출장샵 table games. JKT 100000.000 충주 출장마사지 can 오산 출장마사지 also be used for a

    ОтветитьУдалить