понедельник, 18 мая 2015 г.

ЖАЛБЫРАКТАГЫ ДОЛБООР ЖАНА ЖАЛБЫРАКТАРДЫН ТҮРЛӨРҮ



Жалбырактын кайсы бөлүгүн карабайлы, чексиз бир акылдын жана чеберчиликтин издерин көрөбүз. Жалбырактын сырткы көрүнүшүндөгү формасы менен түзүлүшү белгилүү бир максатты көздөгөн долбоорду камтыйт. Мисалы, жалбырак күндүн нурун максимум алуу үчүн түз турушу керек. Бирок ал үчүн жалбырактын белгилүү бир дизайнда болушу шарт. Жалбыракты бир гезитке же чоң ак кагазга салыштыруу жалбырактын түз турушуна керектүү дизайн жөнүндө жакшы түшүнүк берет. Элестетип көрсөңүз, гезитти же ак баракты түз кармагыңыз келгенде эмне болот? Албетте, кагаз бүктөлүп эки кабат болуп калат. Кагазты түз кармоо үчүн капталдарынан белгилүү бир өлчөмдө ийип кармашыңыз керек болот. Жалбырактар тик турушу үчүн да ушундай белгилүү өлчөмдө ийилген болушу зарыл.
Жалбырактардын тик туруп, күндүн нурунан максимум пайдаланышынын дагы бир себеби болсо – бул алардын түзүлүшүндөгү негизги тамырча. Бул тамырча жалбырактын ортосунан өтүп аны өсүмдүккө улайт. Ошондой эле, негизги тамырчадан чыгып жалбырактын бетине жайылган башка тамырлар да бар. Негизги тамырча менен жардамчы тамырчалар жалбыракты түз кармаган скелет кызматын аткарышат.1
Жер жүзүндөгү сан жеткис көп жалбырактын ар бири так бир эсепти талап кылган ийилүүгө жана түз турушу үчүн керектүү тамырча системасына кантип ээ болгон? Албетте, бир жалбырак өз башынча ойлонуп, күндүн нурунан максимум пайдаланышым жакшы болот дей албайт. Ошондой эле, жалбырактардын тик туруу үчүн уч тараптарын ийүүнү же ортосунда скелет кызматын аткара турган бир тамыр системасын курууну өз башынча чечиши да эч мүмкүн эмес. Кыскасы, бул суроонун жообу өтө жөнөкөй: жалбырактардын тамыр системасын да, уч тарабындагы ийилүүнү да долбоорлоп, жараткан Аллах.
Жалбырак механикалык бир түркүк кызматын аткарган тамырлардын үстүнө жайылган кездемеге окшошот. Бул системаны натыйжалуу пайдалануу үчүн жалбырак өз кыртышын тирегенге керектүү энергияны минималдуу кармашы зарыл. Жалбырак үчүн бул абдан оңой. Себеби жалбырактын ортосунан өткөн бир негизги тирөөч жана ал тирөөчтөн жалбырактардын четин көздөй созулган кошумча тирөөчтөр бар. Өзгөчө негизги тамырча турган жер жалбырактын салмагынын тең салмактуу таралышында өтө маанилүү роль ойнойт.2 Негизги тамырчанын көтөрүү күчү уланган жерден алыстаган сайын азайат, салмак болсо алыстыкка жараша өсөт. Мисалы, оор бир китепти колуңузду алдыга созуп кармасаңыз, колуңуздун китепти көтөрүү күчүнүн азайганын, китептин колуңузга болгон салмагынын болсо өскөнүн сезе аласыз. Бирок негизги тамырча жалбырактын так ортосунан өткөндүктөн, ага түшкөн салмак бирдей өлчөмдө таралат.3
Бул жөнөкөй нерсе эмес. Көңүл буруңуз! Эч бир тең салмактуулук эч качан кокустан пайда болбойт. Ойлоп көрсөңүз, кыштар (кирпичтер) кокустан жыйылып, оңго-солго кулабаган бир имаратты пайда кыла алабы? Же кандайдыр бир көпүрө салмак борбору эсептелбей курулса, кулабай турушу мүмкүнбү? Албетте, бул эки мисалдан жана ушуга окшогон миңдеген мисалдардан көрүнүп тургандай, зат кокустуктар натыйжасында чогулуп, белгилүү бир тартипти жана тең салмактуулукту пайда кыла албайт. Жандуу же жансыз болсун, бүт баарын белгилүү бир тартип менен Аллах жараткан. Аллах кичинекей бир жалбыракты да, үстүндө миллиарддаган адам эч көйгөйсүз жашай ала турганчалык чоң жерди да улуу бир долбоор менен жараткан. Бир нерсенин чоң же кичине болушу маанилүү эмес, Аллах жараткан нерселердин эч биринде кемчилик болбойт. Курандын аяттарында Аллахтын бүт нерсени кемчиликсиз жаратканы жана эч кимдин Ал жараткан ааламда бир бузуктук таба албашы төмөнкүчө кабар берилет:

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн үзүп чарчаган абалда сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)

Мындан тышкары, жалбырактын түзүлүш механизминин долбоорунда дагы көптөгөн кереметтер бар. Жалбырактардын түзүлүш механизмин изилдеген Висконсин университетинен Том Дживниш (Tom Givnish) бул жөнүндө мындай дейт:
Эгер бир гана механикалык өндүрүмдүүлүк эске алынганда, анда бүт жалбырактар үч бурчтук болушу керек эле.4
Албетте, жалбырактын долбоорунда бир гана механикалык түзүлүш эмес, дагы көптөгөн комплекстүү түзүлүштөр да роль ойнойт. Натыйжада жалбырактар үч бурчтук эмес, башка өзгөчөлүктөргө да ээ. Мисалы, жалбырактардын кезегиндеги математикалык эсептер алардын бирөөсү. Жалбырактар тизилгенде бири экинчисине көлөкө кылбай турган абалда тизилишет. Дживниш бул жөнүндө мындай дейт:
Үч бурчтуу жалбырактар ичке бутактарды бойлой күндүн нурун натыйжалуу топтой тургандай тизиле алышпайт, себеби үч бурчтуктар бири-бирине жакын жайгаша албайт. Бирок жалбырактын түбү айры куйрук формасында мүмкүн болушунча ичкерсе, бир айлана же спираль формасында тизилип, бири-биринин үстүн тосуп калбайт.5
Жалбырактардын өзгөчө долбоору климат шарттарына, өмүрүнө жана чабуулга туш болуу ыктымалдыгына жараша дагы өзгөрөт. Мисалы, ийне жалбырактууну карайлы: бул өсүмдүктүн учтуу тикендери болот. Бирок ал тикендер негизинен өсүмдүктүн ылдый жагындагы жалбырактарында болот. Үстү жагындагы жалбырактардын учу көбүнчө тикендүү болбойт. Мындай долбоордун маанилүү бир себеби бар; ылдый жактагы тикендер жалбырактарды жалбырак жеген жаныбарлардан коргойт. Жаныбарлар өсүмдүктүн үстү жагына жете албаганы үчүн, үстү жагындагы жалбырактар үчүн мындай чарага муктаждык болгон эмес.6 Көп өсүмдүктөр чабуулдардан коргонуу үчүн ушундай учтуу тикендерди колдонушат. Тикендүү жалбырактар жайы-кышы жашыл болуп турган дарактарда көбүрөөк кездешет. Мындай жалбырактар абдан өзгөчө долбоорго ээ. Ийне сымал түзүлүшү себептүү үшүктөн коргонушат. Мындан тышкары, топурактагы суу тоңгон кезде суюктук жоготпоо үчүн атайын калың бир мом сыяктуу катмар менен капталган абалда жаратылышкан.
Ал эми, түтүктүү гүл же жүзүм сабагы сыяктуу оролуп өсүүчү өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү үстү жагы жүрөк сыяктуу жалбырактар менен капталган. Мындай өсүмдүктөр түркүк катары өздөрүнүн тулку боюн эмес, башка өсүмдүктөрдүн тулку боюн колдонушат. Оролуп өсүүчү өсүмдүктөр жалбырактарын тынымсыз күндү көздөй бурууга мажбур болушат. Бирок берки өсүмдүк жогорудан келген күн нурларын тосуп калбашы үчүн, жалбырак бир жерде турбай, өсүмдүктүн бутагына эң ылайыктуу бурчка орун которот, ошентип жалбырактар жүзүн күн келген тарапты көздөй бурушат.
Жалбырактардагы дагы бир долбоор керемети шамалдуу күндөрдө байкалат. Белгилүү болгондой, өсүмдүктөрдүн жалбырагынын бети көбүнчө кенен болот. Бул алардын күндүн энергиясын көбүрөөк ала алышына шарт түзөт. Бирок күчтүү шамал же бороон мындай кенен бетке желкендей (парустай) таасир берип, өсүмдүктүн майдаланып, учуп кетишине себеп болушу мүмкүн. Бирок андай болбойт. Себеби жалбырактын түзүлүшү шамалдын таасирин азайта тургандай кылып жаратылган. Өсүмдүктө скелет кызматын аткарган целлюлоза жана була сыяктуу тканьдар өтө ийкемдүү болушат. Мындан тышкары, жалбырактар өсүмдүктүн өсүү багытын көздөй өсүшөт. Бул өзгөчөлүктөр өсүмдүктү шамалдын кыйратуучу таасиринен коргойт. Себеби мунун натыйжасында жалбырак шамалдын соккон багытында ийиле алат.7
Жалбырактарды шамалдан коргогон экинчи касиет болсо – бул шамал күчөгөн сайын жалбырактын ичин көздөй бүктөлө алышы. Натыйжада жалбырак шамалды ичинен өткөргөн, конус формасындагы аэродинамикалык бир түзүлүштү пайда кылат. Ал тургай, жалбырактар мындай аэродинамикалык түзүлүштүн шамалга карата күчүн жогорулатуу үчүн чогуулай бири-биринин ичине өтүп кетишет. Б.а. бир бутактагы жалбырактар шамалдын багытында ийилгенде кийинки жалбыракты жаба тургандай абалда бүктөлүшөт.8
Өсүмдүктөрдөгү кереметтүү долбоорлор жер бетиндегилер менен эле чектелбейт. Жер бетиндеги өсүмдүктөр шамалдан коргой тургандай долбоорлонсо, суудагы өсүмдүктөр суунун агымынын таасирин эң азга түшүрө тургандай долбоорлонушкан. Суудагы агым шамалга окшош таасир берет. Бирок мох сыяктуу суу астындагы өсүмдүктөр толкундардын жана суу агымдарынын таасиринен өзгөчө долбоору себептүү оңой эле коргоно алышат. Бул өсүмдүктөрдүн тулку бою кургактыктагылардай калың жыгач сымал болбойт. Анткен менен, аска таштарга жабышкан тамырлары өтө бекем болот, жана ийкемдүү тулку бою менен динамикалык жалбырактары себептүү суунун агымынын күчүнө жараша тең салмактуулугун жөнгө сала алышат. Эгер тышкы таасирге күчү жетпей калса, өсүмдүк алгач улгайган жалбырактарын койо берет. Ал чоң жалбырактар кеткенде, шамалга же суунун агымына болгон каршылык азайып, өсүмдүктүн чыдамкайлыгы өсөт.9
Кыскасы, ар бир өсүмдүктүн түзүлүшү ар кандай болот. Өсүмдүктөр бир тараптан фотосинтез жасап кычкылтек жана азык өндүрсө, экинчи тараптан ар кандай өзгөчөлүктөрү аркылуу белгилүү кызматтарды аткарышат. Мындай өзгөчө долбоору урматында кээ бир өсүмдүк жалбырактары суу жана азык топтосо, кээ бирлери тикен сымал түзүлүшү менен коргоно алышат, башка нерселерге оролуп өсө алышат, көбөйө алышат же татаал тузактары менен чымын-чиркей сыяктуу майда жандыктарды кармап азыктанышат. Ошондуктан кайсы гана өсүмдүктү карабайлы, көптөгөн кереметтүү өзгөчөлүктөрү бар экенин көрүп, өсүмдүктөрдүн жаратылуусундагы чексиз илим менен чеберчиликке күбө болобуз. Эч күмөнсүз, бул илим менен чеберчилик жандуу, жансыз бүт нерселерди улуу даанышмандык менен жараткан Аллахка тиешелүү:

Ал асмандан суу түшүрөт. Муну менен бүт нерсенин өсүмдүгүн өстүрөт, андан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо тизилген дандарды чыгаруудабыз. Жана курма дарагынын бүчүрүнөн да жерге самсаалаган бутакчалар, - бири-бирине окшогон жана окшобогон – жүзүмдөрдөн, зайтундан жана анардан бакчалар (кылуудабыз). Мөмөсүнө, түшүм бергенде жана жетилгенде бир карап көргүлө. Эч күмөнсүз, ыйман келтире турган бир коом үчүн мында чындыгында аяттар бар. (Энъам Сүрөсү, 99)


Чөлдүн ысыгына чыдамкай жалбырактар



Чөл дегенде оюбузга эч бир жандык оңойчулук менен жашай албай турган бир жер элестейт. Чындап эле чөлдө өтө аз санда жандык жашайт. Бирок мындай оор шарттарга карабастан, чөлдө да эч оюбузга келбеген кереметтерди жолуктурабыз. Кургак чөлдө да ар кандай өзгөчөлүктөгү өсүмдүктөр көңүлүбүздү бурат. Бул өсүмдүктөр өзгөчө долбоору жана ар кандай түрлөрү менен өтө оор шарттарда эч кыйынчылыксыз жашай алышат. Алар атайын ушундай климат үчүн жаратылган кереметтер.
Чөл өсүмдүктөрү ашыкча ысык менен кургакчылыкты жеңүү үчүн эки ыкманы колдонушат. Биринчиден, чыдамкай түзүлүшүн колдонушса, экинчиден, уйку абалында болушат. Кызыктуу түзүлүшү жана өзгөчө долбоору себептүү кургак климаттардан жабыр тартпаган бул өсүмдүктөрдө жалбырак тулку бой, фотосинтез органы, бир азык жана суу кампасы жана калың түзүлүшү себептүү бир коргонуу органы сыяктуу функциялардын баарын аткарат.10
Кээ бир кампа кызматын аткарган жалбырактар болсо айланасындагы таштарга окшогон түзүлүшү себептүү камуфляж да болушат. Көптөгөн жаныбарлардын камуфляж кылышы көп кездешкен кереметтердин бири.11 Бирок бир өсүмдүктүн камуфляж кылышы көп кездешпеген бир көрүнүш. Айланасындагы таштарды туурай алган бир өсүмдүктүн кандай өзгөчөлүктөргө ээ болушу керек экенин ойлогонубузда, алдыбызда канчалык таң калыштуу кубулуштун турганын жакшыраак түшүнө алабыз. Эң биринчиден, бул өсүмдүк чөл шарттарын өтө жакшы билип, айланасынан кабардар болушу керек. Анан айланадагы кээ бир жаныбарлардан кутулуу жана ошондой эле ашыкча ысыкка туруштук берүү үчүн белгилүү бир форманы жана коргонуу системасын пландашы керек болот. Анан таштардын ал үчүн эң идеалдуу модель экенин түшүнүшү керек. Өзүн таштарга окшотсо, көп байкалбай калаарын жана таштай көлөмдүү бир түзүлүштүн кампа кызматын жакшы аткараарын түшүнүп, бүт химиялык түзүлүшүн ошого жараша өзгөртүшү керек болот. Акылы да, аң-сезими да, көзү да болбогон өсүмдүктөрдүн алар үчүн өтө маанилүү болгон мындай чечимдерди ала албашы жана ал чечимдерин турмушка ашыра албашы анык. Анда өсүмдүктөрдү айланасындагы шартка эң ыңгайлуу форма жана түзүлүшкө жеткирген эмне? Бүт жандыктарды кокустуктар натыйжасында келип чыккан деген эволюционисттер ташты туураган чөл өсүмдүктөрүн да мындай өзгөчөлүктөргө кокустан жетип калган дешет. Алардын бул сөзү жогоруда айтылган сценарийден алда канча логикасыз. Кокустан келип чыккан кайсы окуя бир өсүмдүккө кемчиликсиз бир тууроо жөндөмүн жана чөлдүн ысыгында эң чоң муктаждык болгон суу кампасын тартуу кылышы мүмкүн? Бул өсүмдүктөрдү бүт мындай өзгөчөлүктөрү менен бирге чексиз илимдүү жана чексиз акылдуу Аллахтын жаратканы айдан ачык.


Жалбырактардагы суу кампасы



Чөл өсүмдүктөрүнүн суу жана азык заттарын сактай ала тургандай долбоорлонгон кампа жалбырактары там коругу (Sedum) өсүмдүгүндөгү сыяктуу цилиндр формасында же кайчы чөбүндөгү (Carpobrotus) сыяктуу призма формасында болушу мүмкүн. Кургак аймактарда жашаган бул өсүмдүктөр сууну сактап койо алганы үчүн чың көрүнүшөт. Суу тулку бойдо же жалбырактарда кенен, ичке тосмолуу клеткаларда сакталат. Бул жалбырактардын калың үстүңкү катмары суюктук жоготуусун азайтат. Чөл өсүмдүктөрүнүн кемчиликсиз долбоорунун дагы бир өзгөчөлүгү, алар тоголок формада болушат. Себеби тоголок форманын беттик аянты эң кичине болгону үчүн, сууну сактап коюунун эң эффективдүү формасы болуп саналат. Чөл өсүмдүктөрүнүн калың тулку бою, тоголок формасы жана күндүз жабык, түнкүсүн ачык болгон тешикчелери буулануу аркылуу суюктук жоготуусун азайтуучу бир түзүлүштү пайда кылат.12
Ар бир өсүмдүк сууну ар кайсы бөлүгүндө сактайт. Мисалы, Кылым өсүмдүктөрү жалбырагында, түнкүсүн ачуучу Cereus өсүмдүгү жердин астындагы пиязында, кактус болсо болпойгон тулку боюнда сууну сактайт. Агава сыяктуу өсүмдүктөр болсо сейрек жааган жамгырды кармоо үчүн оюк (жарака) сыяктуу жалбырактарын ачык кармашат. Тескерисинче, жаан-чачын көп болгон аймактарда жашаган Sarracenia minor сыяктуу өсүмдүктөрдүн жалбырактары болсо ашыкча жамгырдан коргонуу үчүн кол чатыр сыяктуу болот. Ар бир өсүмдүктүн жашаган аймагына ыңгайлуу формада болушу Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун көрсөтөт.
Кактустар цилиндр формасында да, тоголок формада да эмес. Сырткы бети түз. Дээрлик баарында узун сызыктары же сырткы бетинде көптөгөн тикен сымал одурлары бар. Бул өсүмдүктөр сызыктуу сырткы бетинде сакталган суунун көлөмүнө жараша кысылып-кеңейе алышат. Кактустун температураны жайа алган, сууга толо тулку боюн жаныбарлардан коргогон жана тикчийген ийнелери бар. Момдуу үстүңкү катмар күндүн ысыгынын өсүмдүктүн ичине өтүшүн азайтып, аны коргойт. Мындан тышкары, бул өсүмдүктөрдүн өңү кубарган, жалтырак болот. Бул өсүмдүккө келген нурдун көпчүлүгүн чагылтат; кээ бирлери болсо күндүн нурун чагылта алчу ак түктөр менен оролгон. Бүт адамдар сөзсүз бир кактус көргөн болушу керек. Бирок кактустун өзгөчөлүктөрүнүн кооздуктан тышкары, дагы көптөгөн максаттарды көздөп жаратылганы улуу бир керемет. Кактустун тикендеринен бетиндеги ак түктөрүнө чейин ар бир бөлүгүндө бир план, долбоор жана максат бар. Булардын баары кактустардын кокустан пайда болбогонун, улуу бир акыл тарабынан пландалып жаратылганын көрсөткөн ачык далилдерден.


Бул өсүмдүктөрдүн кээ бир түрлөрү, өзгөчө «терезе жалбырагы» өсүмдүгү бүт тулку боюн жердин астына көмүп, жалбырагынын учтарын гана жер бетине чыгарат. Жалбырагынын учтары жалтырак болот, бирок анын бир аз ич тарабында жашыл фотосинтез жасаган клеткалар жайгашат. Ичке сызыктар формасында тизилген бул клеткалар терезе деп аталган жалбырак учтарынан кирген нурду кармап фотосинтез процесси үчүн колдонушат.13 Мындай өзгөчө долбоору натыйжасында суюктук жоготуусун маанилүү өлчөмдө азайтып, топурактын астына жашынып куйкалаган күндөн кутулган өсүмдүк көп жандыктар кыска убакыт да чыдай албаган чөлдүн ысыгында эч кыйынчылыксыз жашайт. Чөлдө жашаган өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүктөрү булар менен эле чектелбейт.
Чөл өсүмдүктөрү суюктук жетишпестигине да өтө чыдамкай жаратылган. Мисалы, америкадагы эргежээл кедр дарагы Peucephyllum менен түнкүсүн бир аз ным алып, өтө кургакчыл кездерде да жашыл бойдон кала алган Capparis spinosa өсүмдүгү суюктук жетишпестигине толук чыдамкайлык көрсөтө алгандардан. Көптөгөн бадал жана дарактар да кургакчылыкка чыдамкай болушат; себеби чыдамкай жалбырактарынын ар кандай касиеттери бар. Мисалы, кээ бирлеринин жалбырагы кичинекей болот. Алар ийне же букет формасында болот, жана көлөмү кичинекей болгону үчүн күндүн ысыгы азыраак жерине тийет.14 


Кээ бир өмүрү кыска өсүмдүктөрдүн болсо бир бурчунда, көбүнчө үстүңкү жагында гана тешикчелери болот. Бул долбоор өзгөчө шамал көп болгон шарттарда буулануу аркылуу суюктук жоготуусуна бөгөт болот. Кээ бир жалбырактардын эки тарабында тең тешикчелер болот; өзгөчө айлананы туман каптаган кездерде бул тешикчелер аркылуу абадан ным алышат. Кээ бир өсүмдүктөрдө, өзгөчө Manzanitaнын жалбырактары тик тура алчудай кылып сүйөлгөн. Натыйжада үстүңкү тарабына күн аз тийип, суюктукту азыраак жоготот. Кактустар сыяктуу жалбырагы жок өсүмдүктөрдүн бири Paloverde да фотосинтезди тулку бою менен жасайт. Себеби чөлдө көп жалбырактуу болуу көп суунун бууланышына себеп болот. Көрүнүп тургандай, чөл шарттарына чыдамкай өсүмдүктөрдүн көптөгөн ар кандай өзгөчөлүктөрү бар. Ар бири чөлдүн ысыгына карата теңдешсиз чараларды көрүшкөн. Өсүмдүктөрдүн ар биринин, өз алдынча мындай чараларды көрө албашы анык. Себеби өсүмдүктөрдө буга керектүү аң-сезим, акыл жана маалымат сыяктуу нерселер жок. Ар бир өсүмдүктү жашаган шартына эң ыңгайлуу жана теңдешсиз өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллах жараткан.



Чөл өсүмдүктөрүнүн уйку абалында болуу касиети

 Бул жерге чейин өзгөчө түзүлүшү менен кургакчылыкка жана суусуздукка чыдамкай өсүмдүктөрдөн мисалдар келтирилди. Бирок чөлгө чыдамкайлык көрсөтүүдө эң башында айтылган дагы бир ыкма бар: «уйку абалында болуу».
Бул экинчи ыкманы колдонуп уйкуга жаткандар «эфемер» өсүмдүктөр деп аталышат. Көбүнчө бир жыл жашаган жана кургакчылык учурларында урук бойдон уктап, кургакчылыктан кутулган бул өсүмдүктөр жамгырдан соң тездик менен урук ачып өнүп чыгышат. Жана көчөттөрү өтө бат өсөт. Кыска убакыт ичинде гүлдөйт жана натыйжада өсүмдүк уруктан урук өндүрүү этабына бир канча жуманын ичинде эле өтө алат.
Чөлдө жамгыр ар кандай болот, ошондуктан эфемерлердин эгер бүт уруктары бир жамгыр менен көгөрүп, анан күтүүсүз келип калган кургакчылык натыйжасында өлүп калса, тукум курут болуп калышы мүмкүн эле. Бирок бул өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү көп өлчөмдө жамгыр алган соң гана уруктарын көгөртө турган бир механизмге ээ. Бул өсүмдүктөр «урук полиморфизми» деп аталган, уруктарын көгөртүү убактысын өзгөртө алуу касиетине ээ. Ошондой эле, уруктарда өнүүгө бөгөт болуучу бир зат бар. Урукка биринчи суу жеткенде, анын сыртка чыгуу этабы аяктайт. Бирок урук өнүшү үчүн бул коргоочу зат нейтралдашышы керек болот. Бул процесс болсо урукка экинчи жолу суу келгенде ишке ашат. Эгер экинчи жолу суу келбесе, б.а. жамгыр жаабаса урук өнбөйт. Ошондуктан уруктар эки жолу нымдашышы керек; биринчиси уруктардын сыртка чыгышына себеп болсо, экинчиси өнүүгө бөгөт болгон затты жок кылат жана бул зат жоголгондон кийин гана өсүмдүк көгөрөт.
Башка эфемерлердин уруктары, мисалы «ачуу коон» түрүнүн уруктары караңгыда гана көгөрөт. Бир катар нымдашуу жана кургоодон соң уруктун сырткы бети өзгөрүп, кычкылтектин эмбрионго эркин өтүшүнө шарт түзөт. Талап кылынган бул шарттардын комбинациясы уруктун жерге көмүлүп, көп жолу жамгыр көргөн соң гана көгөрүшүнө себеп болот.
Бул өсүмдүктөрдүн келип чыгышында кемчиликсиз бир долбоор, план жана эсеп бар. Бүт баары, ар бир этабына чейин алдын ала белгиленген. Уруктар жана бүчүрлөр жок болбошу үчүн бүт ыктымалдуу шарттарга карата бардык чаралар көрүлгөн. Эфемер өсүмдүктөр пайда болушу үчүн бул системаны алдын ала пландаган жана бул өсүмдүктөрдү жашаган шарттарына эң ыңгайлуу кылып долбоорлогон акыл менен илим кимге тиешелүү? Өсүмдүктүн клеткаларынабы? Уруктун өзүнөбү? Же бул кемчиликсиз система кокусунан пайда болуп калганбы? Бул варианттардын баарынын чындыкка сыйбай турганы анык. Айланасындагы шарттарга эң ыңгайлуу өзгөчөлүктөгү бул өсүмдүктөр ааламдардын Рабби Аллахтын жараткан бир чыгармасы.
Чөл өсүмдүктөрүнүн дагы бир тобу болсо – бул кургакчылыкта жалбырактарын төккөн өсүмдүктөр. Бул өсүмдүктөр суу ресурсу азайаар замат кичине жалбырактарын төгүшөт. Мунун бир мисалы Ocotillo өсүмдүгү. Бул өсүмдүк кургакчылык уйкусуна кирип, жамгыр жааганга чейин ошол абалда болот. Жамгыр жааганда жаңы жалбырак чыгарып баштайт. Кээ бир бадалдарда да бул өзгөчөлүк бар; бирок алар укташпайт. Себеби кошумча суу келгенге чейин өзгөчө тканьдарында сактап коюлган суу жана азыктары менен жашай алышат. Ал тканьдар «тамыр сабак» деп аталган топурактын астында горизонталдуу абалда өскөн жана көпкө жашаган тулку бойлор болуп саналат. Чекилдек, Маниса жоогазыны, жерге төшөлүп өсүүчү буудайык сыяктуу өсүмдүктөрдүн ушундай тулку бойлору бар.15


Бул жерге чейин сөз кылынган чөл өсүмдүктөрүн чогуулай караганыбызда алдыбызга өтө таасирдүү көрүнүш чыгат. Кээ бир өсүмдүктөр чөлдө жашай алышы үчүн атайын системалар жана түзүлүштөр менен жабдылган. Чөл өсүмдүктөрү сууну топтоп коюшат, камуфляж кылышат же уйкуга жатышат. Кээ бирлери болсо ар кандай химиялык ыкмалар аркылуу уруктарынын өнүшүнө бөгөт коюшат. Көрүнүп тургандай, өтө татаал чөл шарттарында да көп сандагы өсүмдүк түрлөрүн жана ысыктан коргонуу ыкмаларын кезиктиребиз. Адамдар эч нерсе жашабайт деп ойлогон шарттагы бул өсүмдүктөр улуу долбоору менен Аллахтын чексиз илимин жана чеберчилигин дагы бир жолу көз алдыга тартуулашат.



Суулуу шарттагы өсүмдүктөрдүн өзгөчө жалбырактары

 Көлдөрдө, деңиз жээктеринде, туздуу сууларда жана тузу көп саздактарда жашаган өсүмдүктөр да чөлдөгү сыяктуу оор шарттарга туш болушат. Бирок мындай жерлерде жашаган өсүмдүктөр дагы, бүт жандыктар сыяктуу, жашаган чөйрөсүнө ыңгайлуу өзгөчөлүктөр менен жаратылышкан. Көп бөлүгү суунун ичинде турган мындай өсүмдүктөрдүн жалбырагынын жана тулку боюнун түзүлүшү бул шартта жашай ала тургандай кылып пландалган. Мисалы, туздуу сууларда жашаган өсүмдүктөрдүн жалбырагы дагы чөл өсүмдүктөрү сыяктуу калың жана териге окшош болот. Натыйжада көп өлчөмдө сууну сактап койо алышат жана ашыкча суудан жабыр тартышпайт.
Samphire жана Seablite сыяктуу өсүмдүктөр болсо жашаган жеринде бат бат суу ташкындарына кабылып турушат. Бул болсо өсүмдүктүн тулку боюна көп өлчөмдө туздун киришине себеп болот, ал өсүмдүк үчүн зыяндуу. Бирок бул өсүмдүктөр ашыкча туздан жабыркабайт, себеби ашыкча тузду чыгарып салчу туз торчолору бар. Мындай шарттарда жашаган өсүмдүктөр «галофиттер» деп аталат.16


Glasswort сыяктуу туздуу саз өсүмдүктөрүн деңиз суусу бат бат каптап турат. Мындай өсүмдүктөр суунун бетиндеги жалбырактары себептүү аман калышат. Жалбырактардын суунун бетинде калышына болсо жалбырактардын астындагы ичинде абасы бар өзгөчө түзүлүшү шарт түзөт. Ири амазонка лотосу ушундай жалбырактуу өсүмдүктөрдүн бири.
Суунун айланасындагы же нымдуу топурактагы өсүмдүк тамырларынын баарын суу каптап турат. Анда өсүмдүк кантип дем алат деген суроо туулат. Тамыры суунун ичинде жашаган өсүмдүктөр да башкалар сыяктуу жашаган шартына эң ыңгайлуу өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, саздак өсүмдүктөрүнүн кычкылтек алышына суунун ичине кирген бөлүгүндөгү «аэренхима» деп аталган бир ткань көмөкчү болот. Бул тканьдардагы аба бөлмөлөрүнүн кеңейүү касиети бар. Лотос, Elodea сыяктуу суу өсүмдүктөрүндө болсо кычкылтек өсүмдүктүн суунун сыртында калган бөлүгүнөн, б.а. тулку боюнан жана жалбырактарынан суунун ичиндеги бөлүктөрүнө жиберилет.17
Көрүнүп тургандай, суу өсүмдүктөрүнүн тамырларындагы аба бөлмөлөрү жана ал бөлмөлөргө сырттан кычкылтек ташыган системалар болбогондо, бул өсүмдүктөр эч качан жашай алышмак эмес. Анткен менен, эч бир саз өсүмдүгү өз алдынча, аба бөлмөлөрү кеңейүүчү бир тканьды жасай албайт. Мындай түзүлүштүн акырындап, кокустуктар натыйжасында келип чыгышы да мүмкүн эмес. Саздакта же суунун ичинде жашаган бир өсүмдүктүн анын тамырына кычкылтек ташый турган бир системанын кокустуктар натыйжасында миллиондогон жыл бою акырындап пайда болушун күтүп тургудай убактысы да жок. Себеби мындай система болбостон, жашай да, көбөйө да албайт. Демек, өсүмдүктөгү мындай кычкылтек ташуу жана топтоп коюу системасынын өсүмдүк биринчи жаратылган кезде кемчиликсиз бойдон бар болушу шарт. Бул болсо сокур кокустуктардан эмес, кемчиликсиз пландалып, долбоорлонгон кереметтүү жаратуудан гана келип чыгышы мүмкүн.


Жалбырактагы дагы бир керемет: желдетүү системасы


Кээ бир өсүмдүктөрдүн тамырлары эле эмес, тулку боюнун дагы көп бөлүгү суунун ичинде жашайт. Абага жете албаган бул өсүмдүктөрдүн тамырлары кээде 4 метрден да тереңде болот. Мындай аралыкка кычкылтек жөнөкөй жол менен жете албайт. Бирок Аллах бул өсүмдүктөр үчүн дагы эң ыңгайлуу системаны кемчиликсиз кылып жараткан. Тамыры менен тулку бою суунун астында жана тамыры өтө тереңде жайгашкан бул өсүмдүктөрдүн желдетүү системасын бийиктиги үч жүз метр болгон жүз кабаттуу имаратка салыштырууга болот. Мындай бийик имараттарда инженерлер чечиши керек болгон эң негизги маселелердин бири имараттын желдетилиши болуп саналат. Мындай имараттардын желдетүү маселесин чечүү үчүн өтө жогорку технологиялар колдонулат. Имарат долбоорлонуп жатканда, желдетүү боштуктарынын орундары жана диаметрлери, желдетүүчү моторлор орнотула турган жерлер, кабаттарга таза абанын кантип жеткирилээри, булганган абанын кабаттардан кантип соруп алынаары сыяктуу жагдайлардын баары эсептелип, имараттын долбоору ошого жараша чийилет.


Имарат курулуп жатканда долбоордо белгиленген аймактар аба каналдары үчүн бош калтырылат жана ал жерлерге кийинчерээк желдетүү түтүктөрү орнотулат. Аягында борбордук желдетүү машиналары менен имараттын кабаттарына желдетүү системалары монтаждалат.
Өсүмдүктөрдүн түзүлүшүн тереңирээк караганыбызда, адамзат тарабынан заманбап бийик имараттарда колдонулган желдетүү системаларынын алда канча өнүккөн түрүнүн өсүмдүктөрдүн ичинде колдонулганын көрөбүз. Бул, албетте, улуу бир керемет. Эч акылы жок бир өсүмдүктүн ичинде архитектура жана инженерия жагынан керемет катары кабыл алына турган бир желдетүү системасынын курулгандыгы ал өсүмдүктүн өтө жогору бир акыл тарабынан жаратылганын далилдейт.
Бул желдетүү системасынын моторлору – бул жалбырактар. Албетте, бул желдетүү системасында да, имараттын (өсүмдүктүн) ичинде толук желдетүүнү камсыз кылуу үчүн, кээ бир моторлор таза абаны ичкери киргизип, кээ бир моторлор булганган абаны сыртка чыгарышы керек болот. Бул үчүн дагы керектүү пландоо жасалып, иштер жалбырактардын арасында кемчиликсиз бөлүштүрүлгөн. Жаш жалбырактар таза абаны өсүмдүктүн ичине соруучу мотор кызматын аткарышса, улгайган жалбырактар өсүмдүктүн ичиндеги булганган абаны сыртка чыгаруучу мотор кызматын аткарышат.
Бирок моторлордун болушу менен эле маселе чечилбейт. Мындан тышкары, белгилүү бир план менен курулган аба каналдары да болушу керек. Себеби мотордой иштеп таза абаны ичкери киргизген жалбырактардан таза абаны алып, өсүмдүктүн керектүү жерлерине жеткирүү зарыл. Бул жагдай да эске алынып, өсүмдүктүн ичине микро өлчөмдөгү желдетүү каналдары төшөлгөн. Болгондо да, бул каналдар өсүмдүктүн эң тереңдерине чейин аба жеткире тургандай кылып пландалган.
Эми Аллахтын жаратуусундагы кемчиликсиз долбоорго жакыныраактан күбө болуу үчүн жалбырактардын мотор сыяктуу иштешин жана өсүмдүктүн ичиндеги желдетүү системасын тереңирээк карайлы...
Жаш жалбырактардын кызматы – шамалдын коштоосунда абаны соруу болсо, улгайган жалбырактардыкы – абаны сыртка чыгаруу. Бул соруу жана үйлөө процессинин иштөө системасы өтө комплекстүү.
Мындай жалбырактардын ичиндеги суу бууланганда жалбырактардын температурасы төмөндөйт. Шамал болсо бууланууну күчөтөт жана натыйжада жалбырактын температурасы андан да төмөндөйт. Бул процесс катуу шамалдарда ансайын жакшы иштейт. Бирок бул муздоо жалбырактын ичинин бүт тарабында бирдей сезилбейт. Жалбырактардын ортоңку бөлүгү сырткы бетине караганда жылуураак сакталат. Изилдөөлөр боюнча, бул температура айырмасы 1 же 2°Cге жогорураак болгондо, кычкылтекти соруу процесси башталат.
Кычкылтекти соруу процесси төмөнкүчө башталат: жалбырактын ичин жакындатып караганыбызда, жаш жалбырактардын фотосинтез кылган тканьдары менен алардын астында жайгашкан бошураак пакеттелген тканьдар тийип турган жерде өтө майда тешикчелерди көрөбүз. Ал тешикчелердин тешиги 0,7 микрометрге (1 микрометр 1 метрдин миллиондон бирине барабар) жеткенде жана жалбырактын ичиндеги температура 1 же 2°Cдин үстүнө чыкканда, газдар жалбырактын ичиндеги муздак аймактан ысык аймакты көздөй агып баштайт. Ошентип кычкылтек өсүмдүктүн ичин көздөй кирет. Бул процесс «термоосмос» деп аталат. Температурадагы айырма канчалык чоң болсо, ошончолук көп газ жалбырактын ичине кирет. Мисалы, амазонка лилиясында эң чоң көлөм саатына 30 литр газ деп табылган.
Термоосмос «Кнудсен диффузиясы» деп аталган физика эрежесине таянат. Кадимки шарттарда эки башка бөлмөдөгү газдар тешикчелүү бир тосмодон өтүп айланып турушат. Бирок 1 микрометрден (метрдин миллиондон биринен) кичине тешикчелер бул агымды токтотот. Температура жагынан тең салмактуулукту түзүүгө аракет кылган газдар муздак бөлүктөн жылуураак бөлүктү көздөй агышат.
Термоосмос мотору абаны өсүмдүктүн ичинде ушунчалык күчтүү бир басым менен жибергендиктен, кээде газдын тамырлардан шарчага айланып чыкканы байкалат. Бул соруу-үйлөө цикли газдардын улгайган жалбырактардан сыртка чыгышы менен аяктайт. Бул улгайган жалбырактар абаны ичкери киргизбейт, себеби тешикчелери ашыкча кеңейип кеткени үчүн газдарды кармай алышпайт, ошондуктан газдар сыртка чыгышат. Байкалгандай, өсүмдүктүн ар бир өзгөчөлүгү ал үчүн өтө маанилүү, жана ар биринин алдын ала эсептелип долбоорлонгону апачык көрүнүп турат.
Бул желдетүү системасы суунун астындагы тамырларды тирүү сактоо жагынан эле эмес, экологиялык жактан да өтө маанилүү. Терең суунун түбүндө чогулган тунмалар көбүнчө кычкылтексиз калышат. 


Ошондуктан темир гидроксиди сыяктуу өсүмдүктөргө зыян тийгизүүчү химикаттарды өндүрүшөт. Суу өсүмдүктөрүнүн тамырларынан чыккан кычкылтектер бул заттарды кычкылдантып, нейтралдаштырышат. Мындай кычкылтектин чыгышы натыйжасында тамырлардын айланасындагы топурак байып, жандыктардын жашашына ыңгайлуу болуп калат жана ошентип суунун түбү тазаланат. Бул болсо дүйнөдөгү бүт экосистемага түздөн-түз таасир тийгизүүчү жана жашоону уланткан татаал бир системаны түзөт.
Көрүнүп тургандай, табияттын эң майда детальдарында да бири-бири менен тыгыз байланыштуу, кереметтүү жана кемчиликсиз системалар иштейт. Булардын ар бири терең ойлонгондорго чексиз илимдүү Аллахтын жаратуусундагы кереметтерди көрсөтөт:

(Раббим) жер бетин силер үчүн бир бешик кылды, анда силер үчүн жолдор төшөдү жана асмандан суу түшүрдү; муну менен ар түрдүү өсүмдүктөн жуптарды чыгардык. Жегиле жана малдарыңарды оттоткула. Күмөнсүз, мында акылдуулар үчүн, албетте, аяттар (далилдер) бар. (Таха Сүрөсү, 53-54)


Суукка чыдамдуу жалбырактар


Түндүк жарым шардын көп бөлүгү токой менен капталган. Негизинен ийне жалбырактуу дарактардан турган бул токойлор көбүнчө суук климат шарттарында жашашат. Өсүмдүктөр бул суук климатка чыдашы үчүн башка өсүмдүктөрдөн өзгөчө кээ бир касиеттерге ээ болушу керек. Мисалы, кыш мезгилинде топурак тоңуп турганда дарактын тамырлары топурактан суу ала алышпайт. Мындай шартта жашаган дарактар кыштагы суусуздукка чыдамкай болушу шарт. Буга дарактын жалбырактары жардам берет. Көп ийне жалбырактуу дарактардын төгүлбөгөн жалбырактары катуу жана чыдамкай болушат. Жалбырактардын момдуу сырткы бети суунун бууланышын азайтат, бул болсо жалбырактардын төгүлүшүнө же суу басымы себептүү соолуп калышына бөгөт болот. Мындан тышкары, ийне жалбырактуу дарактардын жалбырактарынын көпчүлүгү ийне формасында жана тоңго карата өтө чыдамкай болушат.
Жогоруда жалбырактардын бетинин мом сыяктуу бир зат менен капталганы жана ошондуктан жалбырактардын суюктук жоготпошу айтылды. Бир эле ушул жөнүндө ойлонуу дагы бизге жаратылуу далилдерин көрсөтөт.


Бүт жандыктар сыяктуу жалбырак да клеткалардан турат. Жалбыракты түзгөн өсүмдүк клеткалары – бүт башка клеткалар сыяктуу, аң-сезими жана акылы жок нерселер. Жалбырактын бетин каптаган мом сыяктуу катмар да аң-сезими жок клеткалар тарабынан өндүрүлгөн. Анткен менен жалбырак сыртынан щетка менен бойолуп, лакталган сыяктуу жылмакай мом катмары менен капталган.
Андай болсо, жалбыракты түзгөн миллиондогон клеткалар биригип, жалбырактын сырткы бетин бул катмар менен каптоо чечимин алган болушу керек. Анан клеткалар бири-бири менен кызматташып, жалбырактын сырткы бетин мом катмары менен орошу керек болот. Бул жерде ой жүгүрткөн ар бир адам төмөнкүдөй суроолорду узатат:
Жалбырактарды түзгөн аң-сезими жок клеткалардын бул мом катмарын өндүрүүгө кантип акылы жеткен?
Кайсы акыл, илим жана жөндөмү менен жалбырактын бетин эч одур-бодурсуз кылып же бош жер калтырбастан, мом катмары менен каптап чыгышкан?
Жалбырактар бул мом катмарынын аларды сууктан коргой турганын кайдан билишет?
Албетте, бул суроолордун бир гана жообу бар. Жалбырак жана жалбыракты түзгөн клеткалар Аллах тарабынан жаратылган жана ал клеткалардын генетикалык программасына керектүү бүт маалыматтар Аллах тарабынан жазылган. Клеткалар болсо ал маалыматтардын негизинде эң идеалдуу формуладагы мом сымал затты өндүрүп, ал затты эң идеалдуу өлчөмдөрдө баары бирдей чыгарышат. Натыйжада жалбырактын бети жылмакай бир мом катмары менен капталат. Кышында жалбырактарын төккөн дарактардын тескерисинче, жалбырактарын төкпөгөн бул өсүмдүктөр ар бир жаз мезгилинде жаңы жалбырактарды чыгарып, энергияларын көбөйтүшөт. Аба жетиштүү деңгээлде жылыганда болсо фотосинтез жасашат жана кыска убакытка созулган жай айларында энергия булактарын көбөйүүгө бурушат.
Дагы бир көңүл бурчу жагдай, ийне жалбырактуу дарактар конус формасында болушат. Бул дагы, жер жүзүндөгү бүт нерселер сыяктуу, атайын бир максатта ушундай жаратылган.
Архитектура жана курулуш инженериясы тармагында өзгөчө имараттардын чатырларын жасоодо эске алуу керек болгон эң негизги жагдайлардын бири – бул кардын салмагы. Кадимки шарттарда өзүнүн салмагы менен шамалдын күчүн гана көтөргөн чатырлар калың жааган бир кардан соң өтө оор салмактын астында калат. Өзгөчө өндүрүш имараттарын жана көпүрөлөрдү долбоорлоодо кардын салмагын өтө кылдат эсептөө керек болот. Ошондуктан имараттын чатырлары атайын белгилүү бир жантайуу менен курулат жана түркүктөр кардын салмагын эске алып күчтөндүрүлөт. Өзгөчө кыштын көп бөлүгү кардын астында өткөн Швеция, Дания, Норвегия сыяктуу түндүктөгү өлкөлөрдө үйлөрдүн дээрлик бүт баарынын чатыры конус абалында, б.а. бул инженерия эсебин эске алуу менен курулат. Антпесе кардын салмагы үйдүн чатыры менен өзүнө чоң зыян тийгизет.
Ийне жалбырактуу дарактардын формаларын изилдегенде, адам баласы инженерия эсептери менен, кардын салмагына карата көргөн чаранын дарактарда алда качан пландалып коюлганын көрөбүз. Дарактын конус формасынан келип чыккан жантайуу жааган кардын дарактын үстүнөн жерге оңой түшүшүнө шарт түзөт. Натыйжада дарактын үстүнө көп кар чогулбай, дарактын бутактарынын сынышына бөгөт коюлат. Бул жөнүндө тереңирээк ойлонуу керек. Суук климатта кардын салмагынын бутактарга болгон таасирин эсептеген, ошого жараша дарактын бутактарынын эң идеалдуу бурчта өсүшүн камсыз кылган, ошентип кардын салмагынын таасирин минималдаштырган акыл кимге тиешелүү?
Дараккабы?
Даракты түзгөн өсүмдүк клеткаларынабы?
Топураккабы?
Же аң-сезими жок, сокур кокустуктаргабы?
Албетте, даракка бул долбоорду берген – даракты да, өсүмдүк клеткаларын да, топуракты да жоктон жараткан Аллах.
Бул долбоордун дагы бир кереметтүү тарабы бар. Бул форма жааган кардын баарынын жерге күбүлүп калышына жол бербейт. Дарактын бутактарына зыян тийгизбей турган көлөмдөгү кардын бутактардын үстүндө калышына мүмкүндүк берет. Мунун дагы белгилүү бир максаты бар. Дарактын үстүндөгү аз көлөмдөгү кар даракты сууктан коргоочу бир жамынчы кызматын аткарат жана жалбырактардан нымдын сыртка чыгышын азайтып, суюктук жоготуусуна бөгөт болот.
Бул жерге чейинки мисалдардан да көрүнүп тургандай, ар кандай шарттын өзүнө ылайыктуу өсүмдүктөрү бар. Бул өсүмдүктөр белгилүү касиеттери себептүү ашыкча сууктан же ашыкча ысыктан коргонуп, нымдуу, кургак ар кандай шартта жашай алышат. Айланадагы шарттарына жараша долбоорлонгон бул өсүмдүктөрдүн колдонгон ыкмаларынын баары улуу бир долбоорду көрсөтөт жана биринин колдонгон ыкмасы экинчисине окшобойт. Мисалы, кактус өзүн тикендер менен коргосо, таш өсүмдүгү камуфляж ыкмасын колдонот. Ийне жалбырактуулар жалбырактарын төкпөсө, башка дарактар кышында жалбырактарын төгүшөт. Буга дагы көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Бирок муну унутпаш керек: жер жүзүндө бири-биринен айырмалуу 500 миңден ашуун өсүмдүк түрү бар. Булардын дээрлик жарымы гүл ачуучу өсүмдүктөр, бул өсүмдүктөрдүн ушул күнгө чейин 10%ы дагы терең изилдене элек. Изилденген өсүмдүктөрдүн болсо ар биринин өзгөчө касиеттери, таң калаарлык долбоору жана жашоо ыкмалары бар. Өсүмдүктөр мынчалык көп түрдүүлүгү жана ар түркүн түзүлүшү аркылуу өздөрүнүн Жаратуучусу Аллахтын чексиз илими менен чеберчилигин чагылдырышат. Бир аятта мындай деп айтылат.

Ал асмандарды түркүксүз жараткан, муну көрүп турасыңар. Жерде болсо силерди чайпалтпасын деп чайпалбас тоолорду койду жана ал жерде ар бир жандыкты көбөйтүп жайды. Биз асмандан суу түшүрдүк, муну менен жерде ар бир сонун жуптан бир өсүмдүк өстүрдүк. (Локман Сүрөсү, 10)


Оролгон жалбырактар



Оролуп жана чырмалып өсүүчү өсүмдүк түрлөрү адамды таң калтырарлык көптөгөн касиеттер менен жабдылган. Өзгөчө чырмооктордун энергияларынын бир бөлүгүн колдонуп чыгарган «мурутча» (сүлүк) деп аталган жалбырак түрү өтө кереметтүү бир долбоор.
Мурутчалар тийген жерин сезүүчү жалбырактар болушат. Кол сыяктуу алга карай созулган бул жалбырактар өсүмдүккө түркүк боло турган бир затты издешет. Мындай затты тапканда болсо ага тийип, анализ кылышат жана эгер туура келсе ага чырмалып башташат.
Бул жерде бир аз ойлонуу керек. Бир өсүмдүк же бир жаныбар жөнүндө биология, зоология же ботаника китептеринде «анализ кылат», «карап чыгат», «түшүнөт» деген сыяктуу сөздөр колдонулат. Бирок жаныбарлар менен өсүмдүктөр – эч аң-сезими жок, анализ кылуу, түшүнүү, чечим алуу, чечимин аткаруу, өз эркин колдонуу сыяктуу өзгөчөлүктөрү такыр жок жандыктар. Андай болсо, бир өсүмдүк бир нерсени кантип анализ кылат? Чырмалышы үчүн ыңгайлуу же эмес экенин кайсы аң-сезими, акылы жана илими менен түшүнөт? Бул анализди өсүмдүктүн клеткалары жасайт. Көзгө көрүнбөгөн кичинекей, колу, мээси, илими жана акылы жок клеткалар анализ кылуу керек экенин кайдан билишет, жана бул анализди кайсы шаймандар менен, кайсы чен-өлчөмдөрдү колдонуп жасашат? Бул суроолордун баары ар бир жандыктын Аллах тарабынан керектүү өзгөчөлүктөр менен жаратылганын жана Аллахтын буйругуна моюн сунуп жашап жатканын көрсөтөт.
Мурутчалардын бул таң калаарлык иш-аракетти эмне үчүн кылаары толук болбосо да жакында эле белгилүү болду. Көбүнчө жыш токойлордо өскөн мурутчалар күндүн нуруна жетүү үчүн чырмалышат. Ошондо фотосинтез жасап, андан ары өсө алышат. Өскөн сайын айланасындагы өсүмдүктөрдөн бийигирээкке чыгып, күндүн нурун ансайын көбүрөөк алышат. Бул көбүрөөк энергия алышына жана гүлдөрүнүн ыңгайлуураак шартта уруктанышына шарт түзөт.18
Бул өсүмдүктөрдүн ар кандай чырмалуу ыкмалары жана бул үчүн атайын жаратылган органдары бар. Бир чырмооктун эң жөнөкөй чырмалуу ыкмасы – бул өзүн түркүктүн айласына ороо. Ал түркүк башка бир өсүмдүк же катуу бир нерсе да болушу мүмкүн. Ичиндеги химиялык заттар менен органикалык түзүлүштөрүнөн келип чыккан механизмдер өсүмдүктүн нурду, жердин тартылуу күчүн, тийген нерсесин жана температураны сезишине мүмкүнчүлүк түзөт. Өсүмдүк буларга ушул эле механизм аркылуу кыймыл-аракет жасап жооп берет. Өсүмдүктүн жообу көбүнчө өсүү багытында болот. Бир бүчүрдүн тегерек формада өсүшү да тийген нерселеринин таасиринен келип чыгат. Тегерек болуп өсүп бараткан бүчүр бир түркүккө тийер замат тийген бетинин тескерисин көздөй өсөт. Себеби бүчүрдүн тийген тарабы анын ичин көздөй ийилишине себеп болот. Натыйжада бүчүр түркүктүн айланасына оролуп өсө баштайт. Ошондой эле, түркүккө биринчи тийген бурчтан узунураак жана ылдамыраак өсөт. Ушунчалык бат өскөндүктөн, бир канча сааттык мөөнөттөн кийин көзгө байкалаарлык абалга келет.
Өсүмдүктүн колдонгон ыкмасы өтө акылдуу. Эгер өсүмдүк дарактын айланасына оролбой, түз жогору көздөй жөнөсө, узундугу бир канча метрге жетпестен, тулку бою салмагын көтөрө албай, сынып калат. Бийигирээкке жетүүнүн жана салмагын түркүккө көтөртүүнүн, ал ортодо сынбай өсүүнүн бирден бир жолу түркүк катары колдонулган нерсенин айланасына чырмалып өсүү болуп саналат. Бирок өсүмдүк муну кайдан билет? Болгондо да, дүйнөнүн бүт тарабында миллиондогон жылдан бери бул өсүмдүктөр бирдей ыкма менен өсүп, кайсы жерге ташталса да, сөзсүз бир жерге өздөрүн чырмашууда. Өсүмдүктүн дайыма эң идеалдуу болгон ушул жолду колдонушу – албетте, өсүмдүктүн табиятында бар болгон кереметтүү бир өзгөчөлүк.


Чырмооктордун бир нерсенин айланасына өздөрүн ороп чоңойуу процессин бир аз ылдамдатылган видеодон көргөнүбүздө, анын өтө акылдуу, пландуу кыймыл-аракет жасаганын байкайбыз. Чырмооктор бул касиетинен улам байыркы замандардан бери көптөгөн аңгеме-жомоктордо айтылып келген. Топуракта бир орунда турган, көрбөгөн, укпаган бир өсүмдүктүн айланасын көрүп жана угуп жаткандай болуп колдорун созуп айланасындагы нерселерди текшерип, аларды таанып жана арасынан ылайыктуусун тандап өзү үчүн колдонушу адамдарды өтө таң калтырып келүүдө. Бүт мындай акылдуу кыймыл-аракеттерди бир өсүмдүк жасай албайт деп ойлогон адамдар бул өсүмдүктүн ичинде аны башкарган акылдуу жана аң-сезимдүү бир жандык бар деп ишенишип, чырмооктор жөнүндө жомокторду чыгарышкан. Чындап эле аң-сезими жок бир өсүмдүктүн айланасындагы нерселерди көрүп жаткандай болуп изилдеши, анан бирөөсүн тандап ага оролушу таң калтырбай койбойт. Бул өсүмдүктөрдүн тийүү сезими абдан күчтүү; бир жапайы ашкабак түрү Bryonia dioica'ны изилдеген илимпоздор бул өсүмдүктүн бетиндеги тийген нерсесин сезүүчү кичинекей түзүлүштөрүнүн адамдын манжасынын учунан дагы сезгичирээк экенин аныкташкан.19 Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат: мындай аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди көзү, кулагы, ал тургай, мээси да жок бир өсүмдүккө жасаткан ким? Жооп белгилүү: өсүмдүктү долбоорлогон, анын бүт кыймыл-аракеттерин жана механизмдерин тартипке салган, ал өсүмдүктү чексиз илим менен жараткан Аллах.

Жырткыч жалбырактар


Жырткыч (эт жегич) жалбырактар эң кызыктуу касиеттери бар жалбырактар болуп саналат. Баштык, куйгуч (воронка), кумура сыяктуу формадагы бул жалбырактар чымын-чиркей кармай алышат, чымын-чиркейлерге уя боло алышат же суу сактай алышат.
Жырткыч өсүмдүк – чымын-чиркей сыяктуу жандыктарды өзүнө тартып, кармап, өлтүргөн жана андан соң олжосун майдалап пайдалуу бөлүктөрүн сиңирген бир өсүмдүк. Көп өсүмдүктөр бул этаптардын кээ бирлерин жасайт. Мисалы, кээ бир гүлдөр чымын-чиркей, чымчык сыяктуу чаңдаштыргычтарды өздөрүнө тартышат. Орхидея, суу лилиясы (чөмүч баш) сыяктуу кээ бир өсүмдүктөр болсо чымын-чиркей сыяктуу чаңдаштыргычтарды кыска убакытка тузакта кармашат, бирок бул өсүмдүктөрдүн эч бири аларды жешпейт. Аларды чаңдашуу үчүн гана колдонушат. Кыскасы, булар жырткыч өсүмдүктөр эмес; себеби жырткыч өсүмдүк болушу үчүн өсүмдүктөр ал жандыктарды сиңириши керек.


Жырткыч өсүмдүктөр аңчылыкта жалбырактарын колдонушат. Алардын арасында эң кызыктуусу – Dischidia rafflesiana аттуу өсүмдүк. Бул өсүмдүк толугу менен жырткыч деп эсептелбесе да, жырткыч өсүмдүктөр колдонгон ыкмалардын баарын колдонот. Кумура формасындагы жалбырактары менен кумурскаларга уя болуп берген бул өсүмдүк жоон топ колония болуп жашаган кумурскаларды жебейт. Аларды азыктандырып, кумурскалардын калдыктарынан алган азотту азык катары колдонот. Кумурскалар болсо бир тараптан даяр уяны колдонуп, экинчи тараптан өсүмдүккө зыян берүүчү жандыктарды жок кылышат. Мындан тышкары, Dischidia'нын баштыктарында топтолгон суулар баштыктын ички бетиндеги кошумча тамырлар тарабынан соруп алынып, пайдаланылат.20
Жырткыч өсүмдүктөрдөн Pinguicula сыяктуу өсүмдүктөр жабышчаак жана жылмакай беттүү жалбырактары менен үстүнө конгон чымын-чиркейлерди жип сымал бир суюктуктун ичине киргизишет. Ал суюктуктун ичиндеги протеаз, липаз жана фосфатаз кычкылдыгы сыяктуу ферменттер канаттууну майдалап, сиңирет.21
Активдүү жабышчаак жалбырактуу Drosera болсо учу жабышчаак жана кызыл пигменттүү узун жана кыска түкчөлөрү менен аңчылык кылат. Жалбырактын ортосундагы кыска түкчөлөргө тийген чымын-чиркейлер бул сигнал узун түкчөлөргө жиберилээр замат тузакка түшүшөт. Жалбырак колдун манжаларындай жумулуп, жандыкты сиңирет.


Бүт өсүмдүктөр белгилүү деңгээлде кыймылдашат; бирок жырткыч өсүмдүктөрдүн кыймылы өтө ыкчам жана натыйжалуу. Өсүмдүктөрдүн булчуң системасы болбогондуктан, кантип муну жасай алышат? Бул үчүн жырткыч өсүмдүктөр эки башка механизмди колдонушат. Биринчиси, Венера өсүмдүгүндөгү сыяктуу суу басымынын өзгөрүшү менен кыймылдаган механизм. Жалбырактын бетиндеги түктөргө тийээр замат кыймылга келген бул системада ички беттеги клеткалар сууну тышкы клеткаларга өткөрүшөт. Бул жалбыракты бир заматта жабат. Экинчи түрдөгү кыймыл болсо клетканын өрчүшүнө таянат.
Күн розасы росянканын (Sundew) мурутчалары (тинтүүрлөрү) болсо олжону көздөй кыйшайат; себеби мурутчалардын бир тарабындагы клеткалар мурутчанын экинчи тарабындагы клеткалардан көбүрөөк өсүшкөн. Бул тузакта гүлдүн бетиндеги шиштердин учунан чыгарылган заттардын жыты менен мурутчаларга келген чымын-чиркей, курт-кумурскалар жабышчаак затка кармалышат. Ошол замат тузак кыймылга келип, ортодогу кыска шиштердин сырткы тарабында жайгашкан узунураак шиштер бир капас сыяктуу жандыктын үстүнө жабылат. Андан соң жандык тузактын ичинде ар кандай ферменттер менен сиңирилет.
Бир жалбырактын чымын-чиркей кармоо үчүн атайын тузак даярдашы эмне мааниге келет, бир ойлоп көрөлү. Эң биринчиден, бир өсүмдүк эмне үчүн кадимкиден тышкары бир азыктануу ыкмасын иштеп чыгып, чымын-чиркей, курт-кумурскаларга аңчылык кылууну каалаган болушу мүмкүн?


Эволюционисттер жырткыч өсүмдүктөрдү да, башка жандыктар сыяктуу, табияттагы кокустук окуялар натыйжасында ушундай өзгөчөлүккө ээ болгон дешет. Бирок бир өсүмдүк өтө ылдам кыймылдаган жалбырактарга жана курт-кумурскаларды сиңире алган ферменттерге ээ болушу үчүн кандай кокустук таасир бериши керек? Болгондо да, ар бир жырткыч өсүмдүктүн өзгөчөлүгү айланасындагы шарттарга жараша ар кандай болот. Бул үчүн, мисалы Drosera өсүмдүгү уста бир аңчыга айланаардан мурда белгилүү этаптардан өтүшү керек. Алгач айланада жүргөн курт-кумурскаларды, чымындарды аныктап, аларды атайын бир лабораторияда текшерүүдөн өткөргөн соң, алардын алсыз тараптарын, кайсы жыттарды жана түстөрдү жактыраарын, анатомиялык түзүлүшүн жана аларды кантип сиңирээрин анализдеп чыгышы керек. Андан соң, бул курт-кумурскалардын жүргөн жерин аныктап, каерге жайгашышы керек экенин аныкташы зарыл. Бирок мындан соң андан да кыйын этапка туш болот. Өзүнүн химиялык жана биологиялык түзүлүшүн топтогон маалыматтарына жараша өзгөртүшү керек. Б.а. өсүмдүккө анын түсүн өзгөртө турган химиялык пигменттер менен жытын өзгөртө турган секреция бездери талап кылынат. Мындан тышкары, чымын ичине түшкөндө кутула албай турган бир тузактын долбоорун түзүшү зарыл. Бул үчүн керектүү инженерия иштерин жасаган соң жабышчаак түктөрдү, жылмакай бетти жана түбү сууга толгон бир баштыкты, бул тузакты толуктоочу капкакты жана тузакты кыймылга келтире турган ачкычтарды бир-бирден долбоорлоп чыгышы керек. Ал ортодо чымынды кантип сиңирээрин да ойлонуп, бул үчүн белгилүү ферменттерди колдонууну чечиши зарыл.
Бул сценарийдин акыл менен логикага сыйбай турганын ар бир акылман адам билет. Бүт өсүмдүктөр сыяктуу, жырткыч өсүмдүктөрдүн дагы мээси да, көзү да, акылы да, аң-сезими да жок. Мындай татаал долбоорду өсүмдүк мындай турсун, бул багытта адистешкен бүт илимпоздор чогулуп да жасай алышпайт. Бул улуу долбоор, апачык көрүнүп тургандай, өрнөксүз жаратуучу, чексиз илимдүү жана кудуреттүү Аллах тарабынан жаратылган. Жер жүзүндөгү эң акылдуу жандык адам дагы өрнөксүз эч нерсе жарата албайт. Сүрөтчү көргөндөрүн тартса, илимпоз бар нерселерди гана изилдейт. Чексиз кудуреттүү Раббибиз болсо эч нерсени өрнөк албастан жаратат. Бул чындык Куранда төмөнкүчө белгиленген:

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «БОЛ» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)



Биз жеген жалбырактар



Көп адамдар ойлогондой, жалбырактардын жалгыз кызматы жашоого керектүү кычкылтекти берүү эмес. Жеген, ичкен жана жыттаган нерселерибиздин маанилүү бөлүгү жалбырактардан турат. Жалбырактары тамак-ашта колдонулган жашылча-жемиштер, жыты жана даамы ар кандай болгон чайлар күнүмдүк азыктарыбыздын эң негизги бөлүктөрүнүн бирин түзүшөт. Жашылча-жемиштер азык эле болбостон, С, А, тиамин, ниацин, фолий кычкылдыгы сыяктуу витаминдер менен; кальций, фосфор, темир, натрий, калий сыяктуу минералдар менен; ээриген-ээрибеген талчаларга бай курамы, майы жана калориясы аз касиети менен атайын адамдын ден-соолугуна пайдалуу азыктар катары жаратылган. Докторлордун жашылча-жемиш жана мөмө-чөмөлөр менен азыктанууну ден-соолуктун бир шарты катары көрүшүнүн себеби мына ушунда. Аллахтын адамдар үчүн жараткан бир сый-жакшылыгы катары табияттагы көп өсүмдүктөрдүн курамында баш оорусунан ракка чейин бүт ооруларды дарылоодо колдонулган заттар бар. Адамдын денесинде курулуш материалы катары кызмат кылган 20 түрдүү аминокислота бар. Дене бул 20 аминокислотанын 8 даанасын синтездей албайт; ошондуктан бул заттар тамак-аш аркылуу денеге кириши керек. Бүт жашылча-жемиштерде бул аминокислоталар белгилүү өлчөмдө бар. Бул өсүмдүктөр адам денеси үчүн атайын даярдалган түзүлүшү менен, туура тамактанганда денеге эч зыян тийгизбестен, адамга ден-соолук гана берет жана адам денесинин муктаждыктарын камсыз кылат.
Күн сайын жеген, дасторконубузду кооздогон, көрүнүшү жана даамы көңүлүбүзгө жаккан жалбырактардын формасы да, курамы да белгилүү максатка ылайык долбоорлонгон. Мисалы, капуста (Brassica oleracea) түрүндөгү жашылча-жемиштердин кабат кабат эттүү жалбырактары жашылчанын көпкө чейин жаңы бойдон сакталышына шарт түзөт. Сырткы жалбырактары эскирсе да, ичтеги жалбырактардын эскириши көп убакыт алат. Бул өсүмдүктөр кальций, C, B1, B2, B12 витаминдерине бай. Мындан тышкары, курамында углевод, целлюлоза, белок, пайдалуу туздар сыяктуу адам денесине керектүү заттар болгону менен, калориялары өтө аз.22
Жеген жалбырактарыбызга дагы бир мисал – бул шпинат. Шпинатта A, B1, B2, C, K витаминдери, белоктор, целлюлоза сыяктуу заттардан тышкары, көп өлчөмдө темир бар.23 Мангольд, портулак, салат, артишок, гүлдүү капуста, оюңузга кайсы гана жашылча келбесин, бүт баары жалбырагынын формасы, оңой өсүп жетилүү жана азык сактоо өзгөчөлүктөрү менен бир долбоор керемети. Ошондой эле, булардын баары азыктандырып-тойгузуучу өзгөчөлүктөрү жана даамдары менен адам үчүн атайын жаратылган сый-жакшылыктар.
Жеген жашылчаларыбыздан тышкары, ичкен нерселерибизге жана тамактарыбызга даам кошуу үчүн колдонгон жалбырактар да бар. Бул кичинекей жалбырактардын көпчүлүгү болсо Аллах табиятта биз үчүн жараткан атайын дары-дармек кызматын аткарышат. Мисалы, топурактуу жерлердин баарында өскөн, витамин, өзгөчө С витамини жагынан эң бай өсүмдүк петрушка булардын бири. Жапалак көкөмерен (тимьян) дагы көп колдонулган бир жалбырак. Байыркы замандардан бери жугуштуу ооруларга, кара тумоолорго эң көп ушул жыттуу өсүмдүктөр колдонулган. Бүгүнкү күндөгү изилдөөлөр жапалак көкөмерендин күчтүү антисептик экенин көрсөттү. Жапалак көкөмерендин майы өтө күчтүү бир микроб өлтүргүч. Тимол деп аталган жапалак көкөмерендин майы дары жасоодо кеңири колдонулууда. Азыктык касиетинен тышкары, сасык тумоо, суук тийүү, ангина сыяктуу ооруларда, табитти ачуучу катары алсыз жаш балдарды дарылоодо жана оорудан айыккандардын күчүн калыбына келтирүүдө жапалак көкөмерен колдонулат.24
Бей, райкан, эстрагон, укроп, майоран, жалбыз (мята) сыяктуу өсүмдүктөрдүн саны ушунчалык көп болгондуктан, бул жөнүндө жазылган энциклопедияларда миңден ашуун өсүмдүк түрү жана ал өсүмдүктөрдүн жогорку касиеттери сүрөттөлөт. Бүгүнкү күндө кайрадан анализ кылынып жаткан бул өсүмдүктөр аркылуу рактан ревматизмге, тери ооруларынан үндүн кырылдашына (тамак оорусуна) чейин бүт ооруларга шыпаа табылууда.
Биз чай кылып ичкен чай өсүмдүгү, шалфей, ромашка, бергамот сыяктуу жалбырактар дагы даамы жана дарылык касиеттери менен шыпаалуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Мисалы, шалфей латын тилинде Salvia salvatrix б.а. «жан куткаруучу чөп» деп аталган. Антисептик катары колдонулган бул өсүмдүк түнкүсүн тердөөнүн, сасык тумоонун, ачуулануунун, тынчсыздануунун алдын алып, басаңдатуучу касиеттерге ээ.25


Өсүмдүктөрдүн мындай шыпаа берүүчү касиеттери алардын адамдар үчүн Аллах тарабынан бир сый-жакшылык катары жаратылгандыгынын апачык далили. Бир азыктын жегенге жарактуу болушу, өзү колдонбогон жана адамга керектүү заттарды гана топтоп коюшу, дүйнөдөгү миллиарддаган адамды тойгуза турганчалык көп болушу жана оңой өсүп-жетилиши, адамдан бул азыктарды алуу үчүн көп деле аракеттин талап кылынбашы, өсүмдүктөрдүн бири-бирине аралашып адам гана сезген даамдарды пайда кылышы Аллахтын улуу кереметтеринен. Аллах Куранда бул сый-жакшылыгын ой жүгүрткөн адамдарга төмөнкүчө кабар берген:

Силерди Ал жараткан; ошого карабастан силердин бир бөлүгүңөр каапыр, бир бөлүгүңөр ыймандуу, Аллах кылгандарыңарды көрүп турат. Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты жана силерге тартиптүү бир калып (келбет) берди; келбетиңерди сулуу кылды. Ага кайтасыңар. Асмандардагы жана жердегилердин баарын билет; силердин жашыргандарыңарды да, ачык айткандарыңарды да билет. Аллах көкүрөктө жашырылган сырларды билүүчү. (Тегабүн Сүрөсү, 2-4)


Жыттуу жалбырактар



Жагымдуу жыттар кайдан келет? Тамактагы специйлердин, бакчадагы гүлдөрдүн, мөмөлөрдүн, жашылча-жемиштердин, сансыз түрдүү чөптөрдүн жыттарынын булагы эмне? Жыт – жакшы сезимдерди ойготуу, адамга бейпилдик берүү, табитти ачуу сыяктуу адам рухуна таасир берүүчү бир керемет. Адам үчүн чоң сый-жакшылык катары жаратылган жыттар татаал химиялык кошулмалар (кошундулар) болуп саналат. Ар бир жыт өтө так өлчөмдөрдө бириккен элементтерден турат. Өсүмдүктөргө жыт берүүчү заттар «учуучу майлар» деп аталат жана бул майлар өсүмдүктүн аты менен айтылат; мисалы гүл майы же тимьян (жапалак көкөмерен) майы деген сыяктуу. Жаш өсүмдүктөр улгайган өсүмдүктөргө караганда көбүрөөк май өндүрөт; улгайган өсүмдүктөрдүн майы болсо чайырдуураак жана коюураак болот. Себеби жеңил суюктуктар төмөн температурада да бууланган соң артта калың жана оңойчулук менен бууланбаган майлар калат.
Илимпоздордун изилдөөлөрүндө бул майлардын өсүмдүктөгү аткарган кызматы толук аныктала алган жок. Бирок чымын-чиркейлерди өзүнө тартуу үчүн колдонулат деген кеңири тараган бир көз-караш бар. Парфюмерия, косметика, самын, жуугуч каражаттар сыяктуу продукцияларда; тамак-аштарды, таттууларды өндүрүүдө өсүмдүк майлары колдонулат.
Майлар өсүмдүктүн жашыл бөлүктөрүндө пайда болот жана өсүмдүктүн жетилиши менен башка тканьдарга, өзгөчө гүл бүчүрлөрүнө жеткирилет. Бул жыттардын кантип пайда болоорун изилдегенде, мындагы системанын комплекстүү жана кылдат түзүлүшүнө таң калбай койо албайбыз. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө өсүмдүктөрдүн жыт өндүрүшүнүн өсүмдүктүн түрүнө, мезгилге, жарыкка жана температурага жараша өзгөрөөрүн жана өсүмдүктөрдүн бул өндүрүш үчүн 100гө жакын ар кандай химиялык кошулмаларды колдоноору аныкталган. Аныкталган кошулмалардан тышкары, али изилдене элек өсүмдүктөрдүн да өздөрүнө тиешелүү кошулмалары бар деп божомолдонууда.
Бул кошулмаларды өндүрүүдө өсүмдүктүн ичинде химиялык лабораторияларда гана кездешчү иштер жасалат. Өсүмдүк маңызы аркылуу өсүмдүктүн кабыгына жакын жайгашкан секреция бездерине ар түрдүү химиялык заттар жеткирилет. Ал заттар али толук чечилбеген механизм менен секреция бездериндеги ферменттер тарабынан белгилүү өлчөмдөрдө бириктирилип, такыр башкача жыттар иштелип чыгат. Б.а. секреция бездери бир химиктей иштеп, ар кандай элементтерди бири-бирине аралаштырышат. Жана ал химиялык аралашмалар аркылуу розанын, липанын, шилбинин сонун жытын пайда кылышат. Учурда алдыңкы лабораторияларда атырдын, дезодоранттын, самындын жытын өндүргөн химия инженерлери болсо ушул секреция бездеринин кылгандарын туурап, жагымдуу жыттарды өндүрүүгө аракет кылышат. Бул өтө улуу бир керемет. Акылы, аң-сезими, билими жана технологиясы бар адамзат көзгө көрүнбөгөн кичинекей, жансыз жана аң-сезими жок атомдордон турган бир секреция безин туурап, жагымдуу нерсени жасаганга аракет кылууда. Өсүмдүккө салыштырганда колунда канчалаган артыкчылыктары турса да, адам өндүргөн эч бир жыт оригиналындай жагымдуу жана сапаттуу боло албай, «жакшы бир жасалма» гана боло алууда.


Бул жыттар андан соң секреция тканьдарына туташкан каналдар аркылуу жалбырактын бетинен учуп, абага аралашат. Роза, лилия, сирень гүлдөрүнүн жалбырактарынын үстү жагында атайын ушул ишке жооптуу кылынган секреция клеткалары бар. Лавандада бул клеткалар өсүмдүктүн бүт тарабына тараган. Секреция клеткалары жытты таратуу үчүн өтө ичке жана сезгич түкчөлөрдү колдонушат. Бул түктөрдүн учундагы клеткалар май-чайыр аралаш учуучу суюктуктарды чыгарышат. Бул системага ички секреция клеткаларын, секреция баштыктарын жана секреция каналдарын да кошсок, алдыбызга кичинекей жалбыракка батырылган таң калаарлык бир долбоор чыгат. Өсүмдүктүн жытын айланасына таратышы – адамдарга өтө чоң ырахат тартуулаган бир сый-жакшылык. Бир бакчага киргениңизде сизге ырахат тартуулаган жыттар жалбырактардагы ушул кемчиликсиз долбоор натыйжасында келүүдө. Эгер жалбырактардагы бул система болбогондо, гүлдөр жыттарын айланага чыгарбай, өздөрүндө гана тутмак. Андай болсо, өсүмдүктөргө жыттарыңарды айланага жайгыла деп айткан, аларды ушундай кылып долбоорлогон күч, акыл жана чеберчилик кимге тиешелүү? Булардын баары чексиз мээримдүү жана боорукер Раббибиздин чыгармасы.
Жытты өндүрүүдө өтө так эсептөөлөр жасалат. Бул процесс учурунда түзүлүшү өтө комплекстүү молекулалар өндүрүлөт. Мисалы, испан жасмининин (Jasminum grandiflorum) жытын алуу үчүн 10 башка кошулма пайдаланылат. Розалар жыт өндүрүү үчүн 3төн 10го чейин кошулма пайдаланышат. Ак фрезия (Freesia alba) 10, чөмүч баш (Nelumbium nucifera) 6 кошулма пайдаланат. Июль айында бүт бакчаларда ар кандай жыттуу гүл ачкан шилби дагы (Lonicera americana) 6 түрдүү химиялык кошулманы колдонот. Таблицадан аталышынын дагы канчалык татаал экени көрүнүп турган бул химиялык кошулмалар өсүмдүк тарабынан микроскоп менен араң көрүнө турган бир жерде өндүрүлөт жана ар бир өсүмдүк ар башка жытты жана ар башка химиялык формуланы колдонот. Бирок дүйнөнүн кайсы тарабына барбайлы, бир түрдөгү өсүмдүктөр биринчи жаратылган күнүнөн бери бирдей жытты өндүрүп келишүүдө. Б.а. дүйнөнүн бир тарабындагы роза менен башка тарабындагы розанын жыты бирдей.
Өсүмдүктөрдүн кээ бир атомдорду бириктирип, кошулмаларды пайда кылышы жана анын натыйжасында белгилүү бир жытты өндүрүшү өтө улуу бир керемет. Жана дүйнөнүн төрт тарабында, мисалы розалар бирдей атомдорду бириктирип, бирдей жытты чыгарышат. Жасалган кошулманын бир азга эле өзгөрүшү, мисалы бир атомдун санынын башкача болушу жытты толугу менен өзгөртүп же толук жок кылып салышы мүмкүн. Бирок өсүмдүктөр эч качан формуладан ката кетиришпейт. Өсүмдүктөргө химия инженерлеринде гана болушу мүмкүн болгон мындай аң-сезимди, акылды жана илимди ким берген? Дүйнөнүн бүт тарабында өсүмдүктөр бул формулаларды кокустан билип калган болушу мүмкүнбү?
Өсүмдүктөрдүн пайда болгон жыттын жакшы же жагымдуу экенин биле турган мурду да, кабыл алуу борбору (мээси) да жок. Мындан тышкары, миллиметрдин миңден бириндей бир аянтта жыт өндүрө турган бир химия лабораториясын курганга акылы да, мүмкүнчүлүгү да жок. Жытты пайда кылуучу мындай химиялык кошулмаларды өсүмдүктүн клеткалары өндүрүшөт. Б.а. кээ бир аң-сезими жок атомдор бир химиктей болуп башка аң-сезими жок атомдорду колдонуп, дүйнөнүн эң сонун жыттарын өндүрүшүүдө. Өздөрүнөн башка атомдордун өзгөчөлүктөрүн, алардан кандай санда кошуу керек экенин, аягында кандай жыт келип чыгаарын билген бул атомдор жыттын тарашына керектүү айлана-чөйрө шарттарын жана айланадагы кайсы жандыктарга бул жыттын таасир берээрин да билишет. Ал тургай, бул атомдор жыт аркылуу өзүнө тарта турган жандыктардын бүт химиялык түзүлүшүн да билип, алардын жыт сезимине ылайыктуу кошулмаларды даярдашууда.
Өсүмдүктөрдүн көпчүлүгүндө мындай жыт лабораториялары бар.
Дүйнөдөгү өсүмдүктөрдүн ичинде миллиондогон жыт лабораториялары иштеп жатканы менен, атомдор химиялык кошулмаларды жасап жатып эч ката кетиришпейт. Ошондуктан дүйнөнүн бүт тарабында бир гүлдүн жыты бирдей болот. Мындай сонун жыттардын белгилүү формулаларга карап, аң-сезимсиз атомдор тарабынан татаал процесстер аркылуу жасалышын, бул процесс үчүн курулган химиялык заводдорду, жыттардын жагымдуулугун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Жыт жана аны жасаган системалар Аллах тарабынан белгилүү максатта долбоорлонуп, жаратылган. Миңдеген түрдүү жыттар менен бирге, жытты сезүүчү жандыктар жана алардын кабылдоо системалары да бири-бирине шайкеш кылып жаратылган. Банан, апельсин, алма сыяктуу сансыз мөмөлөрдүн, роза, жоогазын, гардения, жийде сыяктуу гүлдөрдүн бизге жаккан жыттары мына ушул кереметтин натыйжасы.
Өсүмдүктүн жалбырагы, гүлү, тулку бойу, тамыры, тамыр сабагы, мөмөсүнүн кабыгы сыяктуу бүт бөлүктөрүндө кездешкен жыттар адамга жагымдуу маанай тартуулоодон тышкары, чаңдашуу жана коргонуу үчүн чымын-чиркей, курт-кумурскаларды тартуу же качыруу, температураны контрольдоп суу жоготуусунун алдын алуу сыяктуу функцияларды да аткарат.
Чексиз илим жана чеберчилик менен жаратылган жыттардын дагы бир касиети – бул адам денесине шайкештиги. Жагымдуу жыттар адамдын жыт сезүү органына да шайкеш кылып жаратылган.


Жыт жана эстутум



Жыттардын көп нерселерди адамдын эсине салаарын баарыбыз билебиз жана жашоодо муну көп көрөбүз. Адам бир нерсени жыттаганда жыт молекулалары мурунга кирет. Өсүмдүктөрдүн жыт молекулалары учуучу болот, ошондуктан салкын бир температурада да газга айланып абага тарашат. Сыдырым жел бул жыттарды мурунга алып келет. Мурундун арткы бөлүгүнө жеткен жыт молекулалары нымдуу тканьга жолугат. Бул ткань нейрон деп аталган, жытты кабыл алуучу 5 миллион даана клеткадан турат. Бул 5 миллион клетканын ар бири учунда рецепторлор жайгашкан бутакчаларын кыймылдатып жыт молекулаларын кармашат. Бул тинтүүрлөрдүн экинчи учу клетканын ичине кирип турат. Жыт молекуласы бул тузакка түшкөндө, сигналдар тизмеги клетканын ичинен өтүп, мээнин астыңкы тарабындагы жыттоо борборуна керектүү кабарды жеткирет. Бул процесстердин баары бир секундадан бир топ кыска убакытта болуп өтөт. Андан соң сигналдар ал жерден чыгып мээнин сезүү жана мотивация менен байланыштуу деп болжонгон бөлүгүнө (лимбикалык система) барышат.26
Бул сигналдын натыйжасында келген жыттын эмнеге тиешелүү экени жана жагымдуу же жагымсыз экени белгилүү болот. Жагымдуу жыттар ырахаттануу сезимин берет. Эгер жыт тааныш болсо, ал жыттын булагы менен байланыштуу маалыматтарды эстейбиз. Мисалы, лимондун жытын сезгенде эсибизге лимонад келиши мүмкүн, же специйдин жытын сезгенде эсибизге табитти ачуучу тамактар келет. Же бир гүлдүн жыты адамга көп жыл мурда башка бир шаарда ошондой гүлдү жыттаган бир бакчаны эстетиши мүмкүн. Бул долбоор бизге бир чындыкты көрсөтөт: өсүмдүктөр химияны, химиялык кошулмалардын эмнелерге себеп болоорун билишпейт. Ошондуктан жыт сыяктуу бир химиялык аралашманы өндүрүү жана ал аралашманы өндүрө турган заводдорду куруу чечимин ала турган мүмкүнчүлүгү да, ал жытты сезе турган органдары да, бир жыттын жагымдуу же жагымсыз экенин аныктай турган нервдери да жок. Адамдын жыт сезүү органынын кандай иштээрин да билишпейт. Булардын баарынын бүт нерселерди бири-бирине шайкеш кылып жараткан, илими жана чеберчилиги теңдешсиз Аллахтын чыгармалары экени анык. Бүт жыттарды жана аларды сезүүчү органдарды жараткан Аллах адамдын рухун дагы бул жыттардан ырахат ала турган кылып жараткан.


Жалбырактар жана алтын катыш

 Айланабыздагы өсүмдүктөрдү, дарактарды карасак, бутактардын көптөгөн жалбырактар менен курчалып турганын көрөбүз. Алыстан караганда, бутактар менен жалбырактарды туш келди, башаламан жайгашкан деп ойлошубуз мүмкүн. Чындыгында болсо, ар бир даракта кайсы бутактын каерден чыгаары жана жалбырактардын бутактагы тизилиши, ал тургай, гүлдөрдүн симметриялуу формасы дагы белгилүү туруктуу эрежелер жана кереметтүү чен-өлчөмдөр менен белгиленген. Өсүмдүктөр биринчи жаратылган кезинен бери бул математикалык эрежелерге толук баш ийип келишүүдө. Б.а. эч бир жалбырак же эч бир гүл кокустан пайда болбойт. Бир даракта канча бутак болоору, бутактардын каерден чыгаары, бир бутакта канча жалбырак болоору жана ал жалбырактардын кандай тартип менен жайгашаары алдын ала белгилүү болот. Ошондой эле, ар бир өсүмдүктүн бутактануу жана жалбырактарынын тизилүү эрежелери өзгөчө болот. Илимпоздор өсүмдүктөрдү ушул тизилишине карап классификациялашууда. Эң кереметтүүсү, мисалы Кытайдагы бир терек менен Англиядагы бир терек бирдей өлчөм жана эрежелерди билип, бирдей чен-өлчөмдөрдү колдонушат. Ар бир өсүмдүктү өзгөчө математикалык эсептер менен эң кооз кылып, албетте, кокустуктар жарата албайт. Бүт кооздуктардын жана кемчиликсиз эсептөөлөр менен жасалган долбоордун жаратуучусу – чексиз илимдүү Аллах. Куранда да кабар берилгендей;

Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы; Анын баласы жок. Анын мүлктө шериги жок, бүт нерсени тартипке салып, белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)

Өсүмдүктүн түрүнө жараша өзгөргөн тизилүү формалары айлана же спираль формасында болот. Мындай тизилүүнүн эң негизги пайдаларынын бири, жалбырактар бири-бирине көлөкө кылбай турган абалда жайгашышат. Ботаникада «жалбырактардын дал келбестиги (дивергенциясы)» деп аталган бул катыштар боюнча өсүмдүктөрдө жалбырактардын тизилүү тартиби белгилүү чоңдуктар менен белгиленген. Бул тизилүү өтө комплекстүү бир эсепке таянат. Бир жалбырактан баштап дал ошол туштагы экинчи жалбыракка жолукканга чейинки тулку бойдун айланасындагы айлануулардын саны (N) менен жалбырактардын санын (P) катары менен N жана P деп белгилесек, P/N катышы өсүмдүктөрдө «жалбырактардын дал келбестиги» деп аталат. Бул катыш чөптөрдө 1/2, саз өсүмдүктөрүндө 1/3, мөмөлүү дарактарда (алма) 2/5, банан түрлөрүндө 3/8, пияз түрлөрүндө 5/13кө барабар.27
Бир түрдөгү ар бир дарактын бул катышты билип, анын түрү үчүн белгиленген катышка моюн сунушу чоң бир керемет. Мисалы, бир банан дарагы бул катышты кайдан билет жана кантип бул катышка моюн суна алат? Бул эсеп боюнча, ар кандай банан дарагынын айланасында бир жалбырактан баштап 8 жолу айланганыңызда, дал ошол туштагы экинчи жалбыракты жолуктурасыз. Жана алардын ортосунда 3 жалбыракты кезиктиресиз. Түштүк Африкадан Латын Америкага чейин кайсы жакка барбаңыз, дал ушундай катышты көрөсүз. Жалбырактардын тизилишиндеги мындай катыштын болушунун өзү эле жандыктардын кокустан пайда болбогонун, кемчиликсиз жана өтө комплекстүү бир катыш, эсеп, план жана долбоор менен жаратылганын көрсөткөн маанилүү бир далил. Жандыктардын генетикалык түзүлүшүнө бул катышты коддоп, аларды бул касиеттер менен жараткан – улуу илимдүү жана акылдуу Аллах.
Дарак формаларынан эң көп кездешкен модельдердин бири – бул тулку бойдун дал карама-каршы жагынан чыккан жалбырак жана бутак жуптары. Урук жарылган соң эки даана жалбырак чыгат, ал жалбырактар 180 градустук бурч менен, бири-бирине карама-каршы тизилишет. Биринчи эки жалбырактан соң чыккан экинчи эки жалбырак болсо бир калыптуу таралуу үчүн биринчи жупка оң бурчтан өсөт. Натыйжада бир бутактын айланасында 90 градустук бурчтар менен жайгашкан төрт жалбырак пайда болот. Б.а. бул бутакты төбөсүнөн карасак, жалбырактардын 90 градустук бурчтар менен тизилип бир квадратты пайда кылганын жана үстүңкү жалбырактардын астындагыларды тосуп калбаганын көрөбүз.28 Муну көп көрүп көнүп калганбыз. Бирок көп адамдар уруктар эмне үчүн ушундай бүчүрлөйт деп ойлонушпайт. Чындыгында болсо бул бир пландын жана долбоордун натыйжасы. Жана мындагы максат жалбырактардын бири-бирин тосуп калышына бөгөт коюу жана баарынын күндүн нурунан пайдаланышына шарт түзүү болуп саналат.
Мындан татаалыраак бир форма болгон спираль формасы да көп кездешет. Өсүмдүктөгү мындай спираль кыймылды байкоо үчүн жипти колдонууга болот. Бир жалбырактын түбүнө жип байлап анан жипти бутак жана бутакчаларга чейин созуп, ар бир жалбыракты ороп өтүңүз, ийилген жерлери мүмкүн болушунча тартиптүү болсун. Бул ыкма менен кара даракта же липада жалбырактардын орточо кошуна жалбыракта бутактын айланасында жарым жолдой (180 градус) айланганын көрөсүз; ошентип жип ар бир жалбыракка 1/2 бурулуу менен байланат. Буктун жалбырактарынын аралыктары 120 градус гана болот; ар бир жалбыракка 1/3 туура келет. Алма дарагы 144 градустук бурулуу менен 2/5 айлануу, лиственница 5/13. Эгер математикага кызыксаңыз, бул катыштардын кокустук эмес экенин, ар бир катыштын бири-биринин уландысы экенин көрөсүз (төмөндө көрсөтүлгөндөй). Бул эки сан тизмеги тең окшош жана жөнөкөй эсепке таянат:
1, 1, 2 (1+1), 3 (1+2), 5 (2+3), 8 (3+5), 13 (5+8), 21 (8+13), 34 (13+21), 55 (21+34), 89 (34+55), 144 (55+89), 233 (89+144), 377 (144+233), ...29 
Бул өзгөчө тизилүү бул эрежени ачкан Фибоначчи аттуу математиктин аты менен эскерилип, «Фибоначчи тизмеги» деп аталат. Бул эреже кемчиликсиз сулуулук маанисин билдирет жана сүрөт, айкел, архитектура сыяктуу тармактарда негизги чен-өлчөм катары колдонулууда. Табиятта өтө көп кездешкен бул катыш өсүмдүктөрдөгү так эсептерди жана долбоорду түшүнүүдө маанилүү бир ачкыч болуп саналат.
3/8ден аркы катыштар балыр, капуста же эки тарапты тең көздөй спираль багытында кеткен желекчелүү, күн карама сыяктуу жыш уруктуу же жыш жалбырактуу системаларда кездешет. Бул өсүмдүктөрдүн жалбырактары борбордун айланасында оңдон же солдон айланып спиральды пайда кылышат, ал спиральдарда ар бир айланууга туура келген жалбырактардын саны дагы фибоначчи эрежесине карап белгиленет. Мисалы, ромашканын борбору үч ырааттуу катышты колдонот: 13/34, 21/55 жана 34/89; б.а. жалбырактын борборду бойлой айланышындагы жалбырактардын саны менен ага туура келген бурч алдын ала белгилүү болот.30


Фибоначчи тизмеги табиятта өтө көп кездешет. Бул сандардан келип чыккан катыштар бизге «алтын катышты» берет. Б.а. Фибоначчи сандарын төмөндөгүдөй ырааттуу катыштар катары жазсак, келип чыккан сандардын баары кемчиликсиз сулуулук деген мааниге келген жана көбүнчө «алтын катыш» деп аталган санды берет:
1/1, 1/2, 2/3, 3/5, 5/8, 8/13, 13/21, 21/34, 34/55, 55/89...
Көрүнүп тургандай, бул тизмек Фибоначчи тизмегинин катары менен келген эки санынын бири-бирине болгон катышынан алынган. Жана бул тизмектин мүчөлөрү болгон катыштарды кызыл карагай тобурчактарында (5/8, 8/13), ананастын мөмөсүндө (8/13), ромашканын ортоңку бөлүгүндөгү гүлдөрдө (21/34), күн карамаларда (21/34, 34/55, 55/89) оң жана сол спиральдардын саны катары көрөбүз. Мына ушул катыш жана бул катыштан келип чыккан көрүнүш табияттагы гүлдөргө, дарактарга, урукка, деңиз үлүлкабыктарына жана дагы сансыз жандыктарга кемчиликсиз сулуулук тартуулайт.
Алтын катыштын табияттагы ролу муну менен эле чектелбей, идеалдуу жалбырак бурчтарында да кездешет. Белгилүү болгондой, өсүмдүктөрдө жалбырактар вертикалдуу келген күн нурларынан максимум пайдалануу үчүн белгилүү бир бурч менен тизилишет. Мисалы, жалбырак дивергенциясы 2/5 болгон бир өсүмдүктө жалбырактардын арасындагы бурч:
2 x 360 градус / 5 = 144 градус болот.31 
Жалбырактардагы сандык кереметтер муну менен эле бүтпөйт. Жалбырактын беттери да белгилүү математикалык эсептер менен долбоорлонгон. Жалбырактын ортосунан өткөн тамыр (негизги тамыр) жана андан чыгып жалбырактын бетине тараган тамырлар менен алар азыктандырган тканьдар өсүмдүккө белгилүү бир форма беришет. Жалбырактардын формалары ар түрдүү болгону менен, мындай так чен-өлчөмдөр сакталат.


Өсүмдүктөрдүн формаларынын белгилүү математикалык формулаларга таянышы алардын белгилүү максат менен долбоорлонгондугунун эң ачык далилдеринин бири. Өсүмдүктүн атомдорундагы жана ДНКсындагы так чен-өлчөм жана тең салмактуулуктар өсүмдүктүн тышкы көрүнүшүндө да байкалат. 


Өсүмдүктүн күндөн максимум пайдаланышы деген сыяктуу өтө маанилүү максаттардан тышкары, өсүмдүккө кооздук тартуулаган бул формулалар белгилүү сандагы молекулалардын тобунан пайда болгон түстөр менен бириккенде, өтө кооз көрүнүштөр келип чыгууда. Бул алтын катышты искусство чеберлери өтө жакшы билишет жана турмушта бир сулуулук эрежеси катары колдонушат. Ушул катышка таянып жасалган искусство эмгектери кемчиликсиз сулуулукту чагылдырат. Искусство чеберлери туураган бул эреженин негизинде долбоорлонгон өсүмдүктөр, гүлдөр жана жалбырактар Аллахтын улуу чеберчилигинин мисалдарынан болуп саналат. Аллах Куранда бүт нерсени белгилүү бир чен-өлчөм менен жаратканын кабар берет. Ал аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Жерге (келсек,) аны төшөп-жайдык, анда чайпалбас тоолор койдук жана анда бүт нерседен өлчөмү белгиленген түшүмдөр өстүрдүк. (Хижр Сүрөсү, 19)

... Аллах бүт нерсе үчүн бир өлчөм белгилеген. (Талак Сүрөсү, 3)

... Анын Кабатында бүт нерсе бир сан (өлчөм) менен. (Рад Сүрөсү, 8)


... Күмөнсүз, Аллах бүт нерсенин эсебин толук кылуучу. (Ниса Сүрөсү, 86)


Булактар:

1 http://www.botany.hawaii.edu/faculty/webb/BOT410/Leaves/LeafMidrib.htm
2 Steven Vogel, Cats' Paws and Catapults-Mechanical Worlds of Nature and the People, New York 1998, s. 60-61
3 Steven Vogel, Cats' Paws and Catapults-Mechanical Worlds of Nature and the People, New York 1998, s. 60-61
4 T. J. Givnish, Plant stems: biomechanical adaptation for energy capture and influence on species distributions, s. 3-49 in B. L. Gartner (ed.), Plant Stems: Physiology and Functional Morphology. Chapman and Hall, New York 1995
5 T. J. Givnish, Plant stems: biomechanical adaptation for energy capture and influence on species distributions. s. 3-49 in B. L. Gartner (ed.), Plant Stems: Physiology and Functional Morphology. Chapman and Hall, New York 1995
6 Bitkiler, Görsel Kitaplar Dorling Kindersley, İtalya, 1996, s.37
7 Steven Vogel, Cats' Paws and Catapults-Mechanical Worlds of Nature and the People, New York 1998, s. 94-95
8 Steven Vogel, Cats' Paws and Catapults-Mechanical Worlds of Nature and the People, New York 1998, s. 94-95
9 Steven Vogel, Cats' Paws and Catapults-Mechanical Worlds of Nature and the People, New York 1998, s. 94-95
10 http://www.desertusa.com/du%5Fplantsurv.html
11 http://botany.about.com/science/botany/library/weekly/aa022900b.htm
12 http://www.botany.hawaii.edu/faculty/webb/BOT311/Leaves/LeafShape-1.htm,
http://botany.about.com/science/botany/library/weekly/aa020498.htm
13 Kingsley R.Stern, Introduction  Plant Biology, Wm.C.Brown Publisher, USA, 1991, s.110
14 http://www.support.net/Medit-Plants/plants/Capparis.spinosa.html;
http://waynesword.palomar.edu/pljuly98.htm
15 http://www.desertusa.com/du%5Fplantsurv.html,
http://www.desertusa.com/nov96/du_ocotillo.html
16 http://botany.about.com/science/botany/library/weekly/aa103100a.htm,
http://botany.about.com/science/botany/library/weekly/aa052799.htm
17 Kingsley R.Stern, Introduction Plant Biology, Wm.C.Brown Publisher, USA, 1991, s.52
18 http://www.botgard.ucla.edu/html/botanytextbooks/generalbotany/typesofshoots/tendril/
19 Bilim ve Teknik, "Bitkilerin Duyuları", Haziran 2000, s.70
20 http://www.sarracenia.com/faq/faq5965.html
21 http://waynesword.palomar.edu/carnivor.htm
22 http://perso.wanadoo.fr/steven.piel/en_chouv.html, http://www.leafforlife.com/PAGES/BRASSICA.HTM, http://www.formda.com/beslenme/besin_ansiklopedisi_detay.asp?besinId=153
23 http://waynesword.palomar.edu/ecoph31.htm#spinach
24 Lesley Bremness, Herbs, Eyewitness Handbooks, Dorling Kundersley, Singapore, 1997, s.132
25 http://www.i5ive.com./article.cfm/historical_plants/49588
26 http://www.icr.org/goodsci/bot-9709.htm
27 Dr. Sara Akdik, Botanik, Şirketi Mürettibiye Basımevi, İstanbul, 1961, s.106
28 Guy Murchie, The Seven Mysteries Of Life, 1978, Abd, Houghton Mifflin Company, Boston, s. 57
29 Guy Murchie, The Seven Mysteries Of Life, s. 58-59
30 Guy Murchie, The Seven Mysteries Of Life, s. 58
31 Dr. Sara Akdik, Botanik, Şirketi Mürettibiye Basımevi, İstanbul, 1961, s.105-106

11 комментариев:


  1. sidify-apple-music-converter-crack is a well-designed audio converter for iTunes music for Mac users. It can remove DRM from Apple Music songs and make it possible to save them in MP3, AAC, or WAV format to your local computer or music players.
    freeprokeys

    ОтветитьУдалить

  2. pixologic-zbrush-crack
     can be a standard digital marketing program that acquired the 3D market. It has work-flows and many functions.
    new crack

    ОтветитьУдалить
  3. Microsoft office 2010 product key is a program that assists individuals with further developing their composing abilities. It has been generally welcomed by PC clients who have viewed it as a compelling instrument in further developing exactness and speed.

    ОтветитьУдалить
  4. Here at Karanpccrack, you will get all your favourite software. Our site has a collection of useful software. That will help for your, Visite here and get all your favourite and useful software free.
    Resolume Arena Crack

    ОтветитьУдалить