понедельник, 18 мая 2015 г.

ФОТОСИНТЕЗДИН МЕХАНИЗМИ


Белгилүү болгондой, фотосинтез – бул өсүмдүктөрдүн, кээде кээ бир бактерия жана бир клеткалуу жандыктардын көмүр кычкыл газы менен суудан кант (углевод) өндүрүү үчүн күндүн нуру аркылуу келген энергияны колдонушу. Бул реакциянын натыйжасында күндүн нурундагы энергия өндүрүлгөн кант молекуласынын ичине топтоп коюлат. Колдонууга ыңгайсыз күндүн энергиясын колдонула турган химиялык энергияга айлантуу процессинде болсо жашыл бир пигмент хлорофилл маанилүү роль ойнойт. (Пигмент деп күндүн нурун сиңире алган заттар аталат.)
Бүт реакцияны кыскача төмөнкүдөй формула менен көрсөтүүгө болот:
                                                            
6H2O + 6CO2 ---ФОТОСИНТЕЗ---> C6H12O6+ 6O2

Химия тилин билбегендер үчүн бул химиялык формуланы төмөнкүдөй которууга болот:

6 суу молекуласы + 6 көмүр кычкыл газы молекуласы -ФОТОСИНТЕЗДИН НАТЫЙЖАСЫНДА- 1 кант молекуласы + 6 кычкылтек молекуласына айланат.67

Фотосинтездин жалпы схемасы өтө жөнөкөй көрүнүүдө. Бирок бул схемада башында реакцияга кирген жана реакциянын натыйжасында келип чыккан заттар гана чагылдырылган. Бул акыркы продукциялар болсо жалбыракта ишке ашкан, өтө комплекстүү процесс жана механизмдер натыйжасында алынат.

Көмүр кычкыл газы менен сууну колдонуп, күнүмдүк жашообузда кант деген углевод молекулаларын алуу үчүн өтө так жана комплекстүү өлчөмдөгү процесстер ишке ашышы керек. Бул процесстер атомдор, ал тургай, атомдордун айланасында айланган электрондордун деңгээлинде иштеген өтө комплекстүү системаларды камтыйт.
Системанын ичинде ар кандай пигменттер, туздар, минералдар, калдык материалдар (ферредоксин, аденозинтрифосфат сыяктуу), суб-катализаторлор, ар кандай кызматты аткарган заттар жана башка химиялык факторлордон турган чоң бир команда бар. Сахароза сыяктуу жөнөкөй бир кант молекуласын өндүрүү үчүн эле өсүмдүктөрдүн 30 түрдүү белокко муктаж экенин эске алсак, бул процесстин жалпысынын канчалык комплекстүү экенин жакшыраак элестете алабыз.


Фотосинтез процессиндеги тетиктер


- Хлоропласт: өсүмдүк клеткасы менен жаныбар клеткасы жалпысынан бирдей өзгөчөлүктөргө ээ. Бул эки жандык түрүнүн клеткаларынын арасындагы эң негизги айырма, өсүмдүктүн клеткасында буга кошумча ичинде фотосинтез ишке ашуучу жашыл бир кампа (пластид), б.а. хлоропласт болот. Кыймылдуу бир энергия станциясындай болуп күндүн нурун сиңирген хлорофиллдерди сактаган бул организмдер бүт системанын жүрөгү болуп саналат. Хлоропласттар тыгыз жайгашкан шарларга окшогон түзүлүшү менен табиятка жашыл түс беришет.

Өсүмдүк клеткасында фотосинтез процесси хлоропласттарда ишке ашат. Хлоропласт туурасы 2-10 микрометр (микрометр метрдин миллиондон бирине барабар), диаметри 0,003 миллиметр болгон жасмыкка окшогон кичинекей дисктерден турат. Бир клеткада 40ка жакын хлоропласт бар. Алар ушунчалык кичинекей болгону менен, айланасынан эки кабыкча менен бөлүнүшкөн. Ал кабыкчалардын калыңдыгы болсо акылга сыйбас даражада ичке: 60 ангстрем, б.а. 0,000006 миллиметр.68 (миллиметрдин болжол менен жүз миңден бири)
Хлоропласттын ичинде «тилакоид» деп аталган жалпак кап сыяктуу түзүлүштөр бар. Алар фотосинтездин химиялык бирдиктери болгон хлорофиллдерди сакташат жана андан да ичке кабыкчалар менен коргонушат. Бул тилакоиддер «грана» деп аталган көлөмү 0,0003 миллиметр болгон, тыйындай үстү-үстүнө тизилген дисктерди түзүшөт. Бир хлоропласттын ичинде 40-60 даана грана болот. Бүт бул татаал түзүлүштөр белок жана майлардын белгилүү бир максат үчүн биригишинен келип чыгат. Алар белгилүү көлөмдөрдө болот. Мисалы, тилакоид кабыкчасынын 50%ы белоктон, 38%ы майдан жана 12%ы пигменттен турат.69
- Тилакоид: хлоропласттын ичиндеги экинчи этап тилакоид деп аталган баштыктар. Булар капка окшогон, ичинде хлорофилл молекуласын сактаган кабыкчалар. Бул баштыктардын ичинде күндүн нурун сиңирүүчү жашыл пигмент хлорофилл болот.
- Грана: тилакоиддер биригип граналарды түзүшөт.
- Хлорофилл: хлоропласттын ичинде жайгашкан, күндүн нурун сиңирүүчү жашыл пигмент. Хлорофилл болбогондо, кычкылтек да, азык да, табияттын өңү да болмок эмес.
- Строма ламеллалары: хлоропласттын ичинде граналарды байлаган түтүк формасындагы кабыкча.
- Строма: хлоропласттын ичиндеги килкилдек суюктук.


Фотосинтез жана нур


Атмосфера функциялары жана химиялык курамы жагынан жашоо үчүн мажбурлуу, кемчиликсиз бир тосмо болуп саналат. Күн толкун узундугу абдан кеңири диапазондуу болгон нурду чыгарат. Бирок алардын өтө тар бир аралыгы гана жашоо үчүн керектүү нурду камтыйт. Жана бул жерде маанилүү бир кереметти көрөбүз; атмосферанын түзүлүшү жашоого керектүү аралыктагы нурду гана өткөрүп, жашоого зыяндуу рентген нурларын, гамма нурларын жана башка зыяндуу нурлардын баарын өзүнө сиңирип ала турган же кайра чагылдыра турган касиетке ээ. Жашоодо өтө маанилүү рольду ойногон бул тандоого жооптуу атмосфера катмары болсо – химиялык формуласы O3 болгон «озон катмары». Озон катмарынын ааламдагы калган 1025 түрдүү толкун узундугундагы нурлардын арасынан жашоого керектүү 4500 - 7500 A0 интервалындагы көзгө көрүнө турган нурду гана өткөрүшү анын атайын биз үчүн пландалган бир керемет экенин көрсөтөт.70 Эгер атмосфера бул интервалдагы нурду өткөрбөгөндө же бул нур менен бирге калган узундуктагы нурларды да өткөргөндө, жер жүзүндө жашоо эч качан болмок эмес. Бул жашоо үчүн керектүү жүз миңдеген шарттын бирөөсү гана, жана ал шарттардын баарынын кемчиликсиз орундалганы жер жүзүндөгү жашоонун кокустан келип чыгышынын такыр мүмкүн эместигин көрсөтөт.


Толкун узундугу ар кандай болгон нурлар ар кандай түстөрдү берет


Биз көргөн түстөрдүн баары белгилүү бир толкун узундугуна жана жыштыгына ээ. Мисалы, кызылдын толкун узундугу кызгылт көктөн узунураак. Биз көздөрүбүз бул толкун узундуктарын кабылдай турган жана мээбиз аларды чечмелей турган кылып жаратылганы үчүн түстөрдү көрө алабыз.
Нурдун толкун узундугу «нанометр» деп аталган бир бирдик менен эсептелет. Бир нанометр болсо метрдин миллиарддан бирине барабар. Мисалы, кызылдын толкун узундугу 770, ток кызгылт көктүкү болсо 390 нанометр.71 Бирок бул ушунчалык кичинекей бирдик болгондуктан, адам муну эч качан элестете албайт. Бул нурлардын мындан тышкары жыштыгы бар. Ал жыштык «герц» же секундадагы айлануу саны менен өлчөнөт. Бир айлануу (оборот) болсо толкундун эң үстүңкү чекити менен эң астыңкы чекитинин арасындагы аралыкты көрсөтөт. Нур (жарык) секундасына 300 000 километр аралыкты басып өтөт. Эгер толкун узундугу кыскараак болсо фотондор бул убакытта көбүрөөк аралыкты басып өткөнгө мажбур болушат.
Бул жерге чейин айтылган касиеттеринен көрүнүп тургандай, өсүмдүк колдонгон нур абдан өзгөчө бир түзүлүшкө ээ. Ал нур, бир жагынан, атмосферада кылдат бир электен өткөрүлсө, экинчи жагынан, биз кабылдай ала турганчалык кичине аралыкта кыймылдайт жана, үчүнчү жагынан, биз билген эң чоң ылдамдыкка ээ. Ошондой эле, толкун абалында да, фотон деп аталган бөлүкчөлөр абалында да кыймылдаганы үчүн заттарды түзгөн атомдорду сүзүп, химиялык реакцияларга да себеп боло алышат.
Түзүлүшү ушунчалык комплекстүү болгон нур чоң аралыктарды басып өтүп өсүмдүккө жеткенде, аны атайын бир антенна системасы кабыл алат. Өсүмдүктөгү бул антенна системасы ушунчалык кылдат түзүлүштө жаратылгандыктан, ушул кичинекей толкун интервалындагы нурду гана кармап, ал нурду иштете турган системаларды кыймылга келтирет. Эгер нурдун ылдамдыгы же жыштыгы башкача болгондо, пигмент (өсүмдүктүн антеннасы) ал нурду көрө алмак эмес жана процесс башталбай жатып бүтүп калмак.72 Пигмент менен нурдун бири-бирине төп келиши айланабызда көп кездешкен өзгөчө жаратуу мисалдарынын бири. Мисалы, кулак менен үн толкуну, көз менен нур, тамак-аштар менен тамак сиңирүү системасы сыяктуу сансыз бири-бирине төп келген жаратуу мисалдары бар. Нур дагы өзүнүн толкун узундугун жөнгө сала албайт жана пигмент дагы кабыл ала турган нурдун узундугун тандай албайт. Демек, экөөнүн тең бул система үчүн атайын пландалып жаратылганы анык.
  

Түстүү бир дүйнөдө жашашыбызга шарт түзгөн керемет!


Нурду сиңирүүчү бүт заттар пигмент деп аталат. Пигменттердин түстөрү чагылтылган нурдун толкун узундугунан, башкача айтканда, зат тарабынан сиңирилбеген нурдан келип чыгат. Бүт фотосинтетикалык клеткаларда кездешкен жана бир пигмент түрү болгон хлорофилл жашылдан башка көрүнгөн нурдун бүт толкун узундуктарын сиңирет. Жашыл түс чагылдырылгандыктан, жалбырактар жашыл көрүнөт. Кара пигменттер аларга тийген нурдун бүт толкун узундуктарын сиңиришет. Ак пигменттер болсо тийген нурдун дээрлик бүт толкун узундуктарын чагылтышат.
Мисалы, өсүмдүктөрдөгү хлорофилл деп аталган пигменттер жашыл түстү чагылткан жана фотосинтез ишке ашкан жерлер болуп саналат. Пигмент көмүртек, суутек, магний, азот сыяктуу атомдордун биригишинен турган молекулалардан түзүлөт. Мына ушундай пигменттердин бир түрү болгон хлорофилл жашоонун уланышында өтө маанилүү роль ойногон фотосинтезди эч тынымсыз жасайт. Хлорофилл пигментинин көлөмүн эске алганыбызда, фотосинтездин канчалык кылдат жана так эсептерге таянганын жакшыраак түшүнөбүз.


250-400дөй хлорофилл молекуласы топторго бөлүнүп уюшуп, «фотосистема» деп аталган, өтө маанилүү процесстерди жасаган бир түзүлүштү пайда кылышат. Бир фотосистеманын ичиндеги бүт хлорофилл молекулалары нурду сиңиришет; бирок ар бир фотосистемада бир хлорофилл молекуласы гана чындап нурдан алынган химиялык энергияны колдонот. Энергияны колдонгон молекула фотосистеманын ортосуна жайгашып, системанын реакция борборун аныктайт. Калган хлорофилл молекулалары «антенна пигменттер» деп аталышат. Хлорофилл а деп аталган реакция борборунун айланасында антенна сыяктуу бир тармак түзүп, реакция борбору (б.а. хлорофилл а) үчүн нур топтошот. Реакция борбору 250дөн ашык антенна молекуласынын бирөөсүнөн энергия алганда, электрондорунун бирөөсү жогорураак энергия деңгээлине чыгып, бир алуучу молекулага которулат. Башкача айтканда, хлорофилл а'га тиешелүү бир электрон айланада тизилген башка хлорофилл молекулаларына өтөт. Натыйжада бир чынжыр реакция жана электрон агымы себептүү фотосинтез дагы башталат.73

Ошондуктан пигмент деп аталган органдар фотосинтез процессинде өтө маанилүү бир роль ойношот. Бул өзгөчө түзүлүштүү молекулалар ошол эле учурда айланабыздагы жашыл өсүмдүк дүйнөсүн пайда кылышат.




 Пигменттер жана эволюционисттердин акылга сыйбас сценарийлери

Көзгө көрүнгөн нур, пигменттер пайда кылган түстөр жана бул миллиондогон тондогу түстөрдү көргөн көздөрүбүз Аллах тарабынан чексиз бир илим жана чеберчилик менен жаратылган. Бирөөсү жок болсо экинчисинин да мааниси жоголгон бул системада түстөр, нур жана көз кемчиликсиз гармонияда жаратылган.
Өсүмдүктөрдөгү пигментте колдонулган материал адам көзүнүн тордомо челиндеги пигментте да колдонулган. Бирок бир эле материал өсүмдүктө фотосинтезди баштаса, адам көзүндө сүрөттөлүш жөнүндөгү сигналдарды мээге жиберүү милдетин аткарат. Бир канча атомдун биригишинен келип чыккан бир заттын жайгашкан ордуна жараша ар кандай касиетке ээ болуп, ар кандай кызматты аткарышы өзүнчө бир керемет. Саатына 500 км ылдамдыкта сигнал жөнөтүүчү 600 миң нерв аркылуу мээге туташкан көз бир учурда 1,5 миллион сигналды алып, аларды тартипке салып, мээге жиберет.74 Адам көзүндөгү комплекстүү система сыяктуу пигменттердин өсүмдүктө аткарган кызматы дагы өтө татаал бир түзүлүшкө ээ. Эволюционисттер пигмент менен байланыштуу системаларды түшүндүрүүдө системанын комплекстүү түзүлүшү жана бүт бөлүктөрүнүн бир учурда жаратылышы керек экени жөнүндө эч сөз кылышпайт.
Салттык (классикалык) эволюция сценарийи боюнча, өсүмдүктөр күндүн энергиясын колдонгонго муктаж болуп, ал үчүн –кандайдыр бир жол менен- пигменттерди жасашкан. Бул жерде өсүмдүктөрдүн мурда пигмент деген нерсени жана пигмент кызматын аткаруучу бир системаны такыр билбегенин унутпаш керек. Эволюционисттердин кандай көз-карашты жактаарын бул жерде ачык көрсөткөнүбүздө теориянын канчалык логикасыз экени даана көрүнөт.


 Эволюционисттердин ою боюнча, жашоосун улантуу үчүн бир энергия булагын издеген, аң-сезими жана акылы жок бир клеткалуу бир жандык кандайдыр бир жол менен күндүн үнөмдүү жана үзгүлтүксүз бир энергия булагы экенин аныктаган. Анан ал энергияны кантип колдонууга ыңгайлуу формага айландыра алам деп «ойлонуп», азыркы күндөгү илимпоздор да чече албаган маселелерди чечип, күндүн энергиясын химиялык энергияга айландыра ала турган бир антенна системасынын планын түзгөн. Ал үчүн күндүн ылайыктуу толкун узундуктарын, электрон агымын камсыз кыла турган химиялык формулаларды эсептеп чыккан соң, өндүрүш ишин баштап, белгилүү химиялык заттарды өтө так эсептелген өлчөмдөрдө бириктирип, пигментти өндүргөн. Эволюционисттердин акылга сыйбас сценарийи мына ушундай.
Бул сценарий мындан тышкары, көп жагынан туюкка такалат. Эң биринчиден, акыркы жылдары жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө өсүмдүктөрдүн орток бир «атадан» эволюция болбогону толук белгилүү болду. Эволюционисттердин чындыкка сыйбаган көз-карашы боюнча мунун бир мааниси мындай: ар бир өсүмдүк фотосинтез системасын өз-өзүнчө, башкалардан көз-карандысыз иштеп чыккан. Бул сценарийди элестетип көрүү да кыйын. Себеби бир даана өсүмдүктүн да фотосинтез сыяктуу, учурдагы алдыңкы технология жана илим деңгээли менен дагы копиясы жасала албаган комплекстүү бир системага кокустан ээ болуп калышы мүмкүн эмес. Ошого карабастан эволюционисттер бул мүмкүн эмес нерсени канчалаган жолу кайталанган деп, акыл жана логикага жатпаган көз-карашты айтышат. Анткен менен, алдыда карала тургандай, фотосинтездин маанилүү бир бөлүгү болгон пигменттерден турган антенналар жана алардын негизинде иштеген системалардын долбоору өтө кереметтүү жана буларды эч качан кокустук менен түшүндүрүүгө болбойт.


Фотосинтезге таасир тийгизүүчү факторлор


Алдыда карала тургандай, фотосинтез өтө татаал жана кылдат бир процесс. Фотосинтезди жасаган өсүмдүктүн ар бир бөлүгү өзүнүн кызматына ылайыктуу түзүлүшкө ээ. Бирок фотосинтез ишке ашышы үчүн талап кылынган нерселер өсүмдүктүн түзүлүшү менен эле чектелбейт. Өсүмдүктүн түзүлүшүнөн тышкары керектүү факторлордун эң негизгилеринин бири – бул, албетте, күндүн нуру. Жогоруда да айтылгандай, жерге келген нурдун толкун узундугу менен өсүмдүктөрдөгү антенна жана пигмент системасы бири-бирине толук шайкеш кылып жаратылган. Бирок нурдун толкун узундугунан тышкары, фотосинтезге таасир берүүчү башка тең салмактуулуктар да бар.

1. Нурдун күчү жана мөөнөтү
Фотосинтез нурдун күчү менен мөөнөтүнө жараша өзгөрөт. Мындан тышкары, нурдун түздөн-түз же чачыранды абалда келиши да фотосинтез үчүн маанилүү болуп саналат. Түз келген нур менен булут, туман жана башка нерселерге тийип тараган нурдун арасында маанилүү айырмачылыктар болот. Түз келген нурлар жалпы нурлардын 35%ын, чачыранды нурлар болсо 50-60%ын түзөт. Чачыранды нурлардын физиологиялык сапаты жогорураак болгону үчүн өсүмдүктөргө керектүү нурлардын бир бөлүгү ушул тараптан берилет.
Өсүмдүктөр бул эки нурдун түрүнө болгон муктаждыгына жараша «күн өсүмдүктөрү» жана «көлөкө өсүмдүктөрү» деп экиге бөлүнөт. Күн өсүмдүктөрү түз келген күн нурларын алып максимум өндүрүмдүүлүккө жете ала тургандай жаратылса, көлөкө өсүмдүктөрү токой сыяктуу көлөкөлүү жерлерде же суук-булуттуу климаттарда, кыйыр жол менен келген нурлардан максимум фотосинтез жасай тургандай жаратылган.
Граб, липа, кара жыгач, ясень, кедр жана арчалар болсо эки чөйрөдө тең жашай ала тургандай жаратылган.


2. Нурдун көлөмү жана интенсивдүүлүгү
Жылдын белгилүү мезгилдеринде экватордон түндүктү же түштүктү көздөй барган сайын жарыктын жана ага жараша фотосинтездин мөөнөтү узарат. Бул жарыктын мөөнөтү өсүмдүктөрдө чоң өзгөрүүлөргө себеп болот. Фотосинтездин көбөйүшү менен өсүмдүктөрдөгү өсүү, гүл ачуу, жалбырак чыгаруу сыяктуу өрчүү процесстери өзгөрөт. Мындайда өсүмдүктөр кыска убакытта тездик менен өсүшөт. Күн нурунун бул өзгөчөлүгү себептүү гүлдөр узун жана кыска күндүз өсүмдүктөрү деп экиге бөлүнөт. Мисалы, кыска күндүз өсүмдүктөрүнүн бири хризантема күздүн башында, күндүз кыскарган убактарда гүл ачат, узун күндөрдө болсо гүлү жок өсөт. Бирок күндүн нуру канчалык күчтүү болбосун, фотосинтез белгилүү интервалдын чегинде гана иш-аракет жүргүзөт.75

3. Жылуулук
Өсүмдүктөр фотосинтез жасоо жана өмүрүн улантуу үчүн жылуулукка муктаж болушат. Белгилүү бир температурада бүчүрлөрүн жарып гүл ачкан, жалбырак чыгарган өсүмдүктөр температура белгилүү бир деңгээлден төмөн түшкөндө, жашоо иш-аракеттерин токтотушат. Мисалы, көбүнчө температура 10 градустан жогору болгондо токойдогу дарактар чоңоюу циклине киришет. Айыл-чарбасында болсо бул чек 5 градус. Температура жогорулаган сайын химиялык процесстер дагы эки же үч эсе өсөт. Бирок температура 38-45 градустан ашканда, өсүмдүктүн чоңоюшу жайлайт жана, ал тургай, токтойт.76
Фотосинтездин этаптарын, фотосинтез жасаган организмдерди, бул ишти жасоо үчүн талап кылынган өзгөчө шарттарды бүтүндөй караганыбызда, жаратылуунун күчтүү далилдерин көрөбүз. Өтө так жана кереметтүү чен-өлчөмдөр натыйжасында гана келип чыккан бул система бүт нерсенин жаратуучусу, чексиз илимдүү Аллах тарабынан жаратылган, жана адамдын кызматына сунулган бир сый-жакшылык.

4. Түндүн болушу
Фотосинтез ишке ашышы үчүн орундалышы керек болгон шарттар өтө көп жана алардын бирөөсү эле болбосо фотосинтез да болбойт. Ал шарттардын бири түн. Өсүмдүктөрдүн жашоо жана чоңоюу иш-аракеттери түн менен күндүздүн ортосундагы температура айырмачылыгы менен тыгыз байланышта. Кээ бир өсүмдүктөр күндүз ысыгыраак, түнкүсүн салкыныраак температура каалашат. Кээ бирлери болсо мындай айырмачылыкты каалашпайт.


Күндүн чыгышы менен бирге, жалбыракта тердөө жана анын негизинде фотосинтез өсүп баштайт. Түштөн кийин болсо бул кубулуш тескериге айланат; б.а. фотосинтез жайлап, дем алуу көбөйөт, себеби температура жогорулаганда тердөө да ылдамдайт. Түнкүсүн болсо температура төмөндөгөнү үчүн тердөө жайлап, өсүмдүк эс алат. Эгер бир күн эле түн болбой калганда, өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү өлүп калмак. Түн, адамдар сыяктуу, өсүмдүктөр үчүн дагы бир эс алуу жана сергектенүү деген мааниге келет.77
Аллах Куранда түн менен күндүздү, ай менен күндү жана бүт өсүмдүктөрдү адамдардын кызматына бергенин төмөнкүчө кабар берген:

Түндү, күндүздү, күндү жана айды силердин буйругуңарга берди; жылдыздар дагы Анын буйругу менен кызматка даяр кылынган. Күмөнсүз, мында акылын колдоно алган бир коом үчүн аяттар бар. Жерде силер үчүн жаратып-көбөйткөн ар кандай түстөрдөгүлөрдү да (пайдаланууңарга берди). Күмөнсүз, мында сабак алып ойлонгон бир коом үчүн аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 12-13)

Башка аяттарда болсо түндү Аллахтын жаратканы, Андан башка эч кимдин буга күчү жетпеши төмөнкүчө кабар берилет:

Айткын: «Көрдүңөрбү айткылачы, Аллах кыямат күнүнө чейин күндүздү силердин үстүңөрдө үзгүлтүксүз улантып койсо, Аллахтан башка, силерге эс ала турган түндү кайсы кудай алып келип бере алат? Дагы эле көрбөйсүңөрбү? Өз мээрими менен Ал силер үчүн эс алышыңар жана Анын берешендигинен (ырыскыңарды) издешиңер үчүн түндү жана күндүздү жаратты. Шүгүр кылаарсыңар. (Касас Сүрөсү, 72-73)


5. Көмүртектин айланышы
Өсүмдүктөр атмосфера менен океандардагы көмүр кычкыл газын керектеп, органикалык кошулмаларды өндүргөнү үчүн аларды бир көмүртек заводу жана айлана-чөйрөнү тазалоочу бир завод деп элестетүүгө да болот. Дем алуу аркылуу аз көлөмдө көмүр кычкыл газын чыгарышат жана аны ошол замат фотосинтез үчүн колдонушат. Өсүмдүктөр менен бир клеткалуулардын көмүр кычкыл газын керектеши менен адамдар жана жаныбарлар чыгарган көмүр кычкыл газынын арасындагы тең салмактуулук океандарда карбонаттардын чыгарылышы аркылуу теңделген. Бул процессте аба менен суудагы ашыкча көлөмдөгү көмүр кычкыл газы сарпталат.


Адам жашоосу абадагы көмүр кычкыл газынын көлөмүн бир топко көбөйтөт. Бул болсо глобалдык жылуулуктун жогорулашына жана натыйжада парниктик эффект деп аталган абанын температурасынын жогорулашына алып келет. Көмүр кычкыл газы менен башка зыяндуу химикаттарды колдонуу, мындан тышкары, кислота жамгырларына да себеп болот. Бүт мындай зыяндуу натыйжаларга карата эң мыкты инструмент болсо – бул фотосинтез жасаган жандыктар. Эгер жер жүзүндө мындай тең салмактуулук курулбаганда, жандыктар эч качан жашай алышмак эмес жана кыска убакыт ичинде кычкылтек жетишсиздигинен жана көмүр кычкыл газынан уулануу аркылуу жок болушмак. Эч качан мындай маселе келип чыкпайт, себеби бүт баарын белгилүү бир өлчөм менен белгилеген улуу илим жана акыл ээси Раббибиздин жаратуусунда эч кемчилик болбойт:


Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны калыпка (системага) салган, белгилүү бир өлчөм менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)


Булактар:

67 http://gened.emc.maricopa.edu/Bio/BIO181/BIOBK/BioBookPS.html
68 Kingsley R. Stern, Introductory Plant Biology, Wm.C.Brown Publishers, USA, 1991, s.38
69 Kingsley R. Stern, Introductory Plant Biology, Wm.C.Brown Publishers, USA, 1991, s.38
70 Solomon-Berg- Martin-Villee, Biology, Harcourt Brace, USA,1993, s.190,
71 "From Photons to Chlorophyll", Some Observations Regarding Color in the Plant World, C.J. Horn, Botany Column-Kasım, 1997, http://photoscience.la.asu.edu/photosyn/education/photointro.html
72 http://www.life.uiuc.edu/govindjee/paper/gov.html#52
73 Kingsley R. Stern, Introductory Plant  Biology, Wm.C.Brown Publishers, USA, 1991, s.167-168
74 "From Photons to Chlorophyll", Some Observations Regarding Color in the Plant World, C.J. Horn, Botany Column-Kasım, 1997
75 Malcolm Wilkins, Plantwatching, Facts  on File Publications, 1988, s.154
76 Kingsley R. Stern, Introductory Plant Biology, Wm.C.Brown Publishers, USA, 1991, s.174, http://aggie-horticulture.tamu.edu/greenhouse/ornamentals/light.html
77 http://aggie-horticulture.tamu.edu/greenhouse/ornamentals/light.html

25 комментариев:

  1. wondershare safeeraser farooqpc Thanks for sharing such great information, I highly appreciate your hard-working skills which are quite beneficial for me.

    ОтветитьУдалить
  2. https://fotosintezkeremeti.blogspot.com/2015/05/blog-post_63.html?showComment=1536111090120#c4851531829287253321

    ОтветитьУдалить
  3. Thanks for sharing such great information, I highly appreciate your hard-working skills which are quite beneficial for me. Sandboxie Crack

    ОтветитьУдалить
  4. Great post I really like this post very much. This post gave me a lot of useful and very helpful information on this topic. Keep sharing this type of article with us.
    lansweeper free download
    origin pro crack
    voicemod torrent
    quicktime pro torrent
    clean master pro free
    Crack Like

    ОтветитьУдалить
  5. Let's go! This post could not have been better written!
    Reading this post reminds me of my cozy room
    friend! He always talked about it.
    I am sending you this article.
    It will definitely be a good read. Thanks for sharing
    driver booster pro crack
    adobe acrobat pro dc crack
    g data antivirus crack
    emsisoft anti malware crack

    ОтветитьУдалить
  6. This knowledge, I believe, is crucial.
    For my own benefit. In addition, I'm grateful to have had the opportunity to read your piece.
    However, you'd want to highlight a few commonalities. :D I love the style of the website, and the contents are excellent.
    Hooray for fun!
    networx crack
    avira free antivirus crack
    nero platinum crack
    iobit uninstaller pro crack

    ОтветитьУдалить
  7. I really appreciate your clever writing as a design for your blog.
    Is it a payment problem or did you receive it yourself?
    In any case, it is best to stay in writing.
    It's rare to see a webpage as beautiful as this one.
    total av antivirus crack
    camtasia studio crack
    paintshop pro crack
    endnote x crack

    ОтветитьУдалить
  8. working in the part-time job and so leave yourself short of your for your schoolwork.
    Discussed e visual studio code are texture and value.
    Your design will come off more realistic by adding textures in your design.

    ОтветитьУдалить
  9. Your writing and presentation skills as well as your overall style have really impressed me.
    blog A purchased theme or one that you've modified is either the case.
    You? Whatever the situation may be, the most important thing is to listen to new music with high-quality lyrics.
    Today, I seldom come across a blog as nice as this one.
    glary utilities crack
    anti porn crack
    windows 8 activator crack
    ultraedit crack

    ОтветитьУдалить
  10. What a wonderful way to screw people over. This site will help me find and use a lot of software. Do this and let us know. Thanks for sharing Chimera Tool Crack. Click here to visit our site and read more.
    They? I know this is a problem, but I was wondering if you know where I can get the captcha plugin for my comment form.
    I use the same blogging platform that you have and have.
    Is it hard for you to find it? Thanks!
    arturia prophet crack
    cyberduck crack
    rpg maker vx ace crack
    ezvid for pc crack

    ОтветитьУдалить
  11. Your website's concept and design greatly appeal to me.
    If so, what browser compatibility concerns have you encountered? According to several of my blog's followers
    my website doesn't work properly on Explorer but appears fine when viewed on Safari.
    Any ideas on how to remedy this problem?
    passware kit forensic crack
    serato dj pro crack
    corel videostudio crack
    adobe dimension cc crack

    ОтветитьУдалить
  12. Here at Karanpccrack, you will get all your favourite software. Our site has a collection of useful software. That will help for your, Visite here and get all your favourite and useful software free.
    Resolume Arena Crack

    ОтветитьУдалить
  13. Wow, amazing block structure! How long
    Have you written a blog before? Working on a blog seems easy.
    The overview of your website is pretty good, not to mention what it does.
    In the content!
    vstpatch.net
    DxO FilmPack Crack
    ClamXAV Crack
    Ashampoo Driver Updater Crack
    Ashampoo PDF Pro Crack
    iDealshare VideoGo Crack

    ОтветитьУдалить
  14. I am very impressed with your post because this post is very beneficial for me and provides new knowledge to me.
    Norton Secure VPN
    Express VPN
    ProtonVPN

    ОтветитьУдалить
  15. I guess I am the only one who came here to share my very own experience. Guess what!? I am using my laptop for almost the past 2 years, but I had no idea of solving some basic issues. I do not know how to Crack Softwares Free Download But thankfully, I recently visited a website named xxlcrack.net/
    Total Network Inventory Crack
    AIDA64 Extreme Engineer Crack

    ОтветитьУдалить
  16. It's like you read my thoughts! You seem to know a lot about this like you wrote a book about it.
    or something. I think you could use a few photos to drive home the idea a little, but
    Otherwise, this is a great blog. Fantastic read.
    I will be back.
    windows 10 download iso 64-bit
    filmstro pro crack
    reimage pc repair crack
    advanced systemcare pro key
    paragon ntfs crack

    ОтветитьУдалить